Алтыным Акжол!
Кош чырагым!
Бүгүн сени узатышат жайыңа!
Жалгыз эмес, жaрың кетти жаныңа..!
Домбураңды домбуратып,
добушунду "колдуратып",
Көргөн жерден жарк этчүсүң күн болуп.
Эми сенсиз бир дүйнөбүз түн болуп...
Кош каректен аккан жаштар салаалап,
Ой- санаалар алда кайда талаалап...!
Сенсиз боздоп турган окшоп дүйнө бүт,
Сенсиз какшып турат бүтүн дүйнөбүз.
Обондоруң, үнүң кетпей кулактан,
Ой, элестер бирин-бири улашкан...
Дирилдөөдө комуз менен домбра,
Гитараңдын кылы - сени сурашкан.
Манжаларың күүгө салган кылдарды,
Кайран жаның төгүлтчү эле ырларды.
Каралдым ов, кайда көзүң көрөгөч,
Көрүп алган көкүрөктө сырларды.
Бапыраңдап бой келбетиң жарашкан,
Бактылуу деп кече баары карашкан,
Ба