Ислам динибиз боюнча негизинен бүткүл жер бети,кен байлыктары,суулар, өсүмдүктөр,дарактар,гүл жана мөмө-жемиштер,чочкодон башка бардык айбандардын сырткы денелери,тирүу иттин жүнү менен териси,ыплас нерселер жугуп калбаса,таза деп эсептелет.
Ошондуктан,жогоркуларга тийген суу таза деп саналат.
Эрежесине ылайык мууздалган айбандардын териси менен этинин арасында кан да таза.
Бит,бүргө сыяктуу майда Курт-кумурскалардын каны да ушундай.
Бирок бир гана чочко эрежеге ылайык мууздалса да,таза абалга келбейт.
Суу ичинде жашап,суу ичинде өлгөн балык сыяктуу суу жаныбарлары таза(зухайли,Ал-фыкхул ислами,1/306)
Чочкодон башка айбандардын ,арасына кан өтө албоочу бөлүктөрү,Ал айбандар өлүк болгон абалда да таза,ушундан улам мүйүз,тырмак,кемексиз сөөктөр,кыркылган кыл,түктөр,ашатылган терилер таза деп эсептелет .
Адамдын чачы,сөөгү да таза.
Мал мууздалган соң кан тамырларда калып калган кан таза.
Ошондуктан,эт менен бирге бышканын жегенге болот.
Анткени Куранда харам кылынган кан"аккан кан"болушу белгиленген (Ан-аам сүрөсү(6),145-аят)
📖-Ислам негиздери2
🕌КМДБ МОСКВА
Катталыңыздар ⤵
https://ok.ru/kmdb.moskva


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев