📖 ЭНЕ БОЛЧУ КЫЗГА АЙТЫЛГАН БИР НАСААТ.
☘ Мындан бир нече жүз жыл илгери араб уруу башчыларынын бири Ауф бин Милхам ысымдуу киши өзүнүн бойго жеткен кызы Умму Инасты уруу көсөмдөрүнүн бирине турмушка берүүгө келишим байлайт.Милхамдын аялы Умма башка үйгө келин болуп бара турган кызын ошондо алдына чакырып, өз алдына олтургузуп алып,кылымдары карыткан төмөнкү нарктуу насыятын айткан экен.
"О, кызым! Адатта,баарлашкан адамды жакшылыкка үндөө максатында насыят-кеңеш айтылат. Негизинен, насыят деп даанышмандакты үйрөткөн нарктуу жана осуят сөздү айтат.Ошондуктан насыятты тыңдоо-абдан пайдалуу. О, сүйүктүү кызым кызым! Эми сен өзүн туулуп- өскөн уяңдан учуп чыгып,бейтааныш бир үйгө барып,эч качан көзүн көрүп-сүйлөшпөгөн, кулк мүнөзүн билбеген бейтааныш адамдын өмүрлүк жолдошуна айланасың.Ошондуктан сен аны күңү бол, ошондо ал да сенин кулуңа айланат.Эгер күйөөң сага чын дилден ыраазы болгон болсо, анда акыреттин түбөлүктүү бак-таалайына жетесиң.
1-насыят: Каниеттүү болгун!Анткени каниеттүүлүк гана жүрөккө ырахат сезимин уялатат.
2-насыят:Күйөөң тараптан айтылып жаткан сөздөрдү ар дайым ыклас м/н тыңша ж/а ага толук моюн сун. Өмүрлүк жолдошуна каяша айтып,каршылык көрсөтпө; аны м/н (ар дайым) пикирлеш ж/а ынтымакта болууга аракеттен.Мындай аракет м/н сен Аллахтын ыраазычылыгына ээ болосуң.
3-насыят: Өмүрлүк жолдошуңдун көзү түшүүсү мүмкүн болгон нерселерди кооз тут; ишиңди таза аткар.
4-насыят: Жаман жыт чыгаруучу нерселерге көңүл бөл жана аларды таап,тазала. Үйүңдөн ар дайым жагымдуу жыпар жыт чыгып турсун.
5-насыят: Мобуну эсиңе жакшы түйүп ал:Тазалык-сууга байланыштуу. Баардык нерсе суу м/н тазарат. Үйдө суулардын таза турушун камсыз кыл.
6-насыят:Тамакты ар дайым анын табитине жараша даярда. Анткени ачкалык адамды ачууландырып, уйкусуздук,капалыкка себеп болот.
7-насыят: Үйүңдөгү дүйнө-мүлктөрдү ж/а шаймандарды (таза, тыкан ж/а оңдолуу абалда)сакта,жакшы мамиледе бол.
9-насыят:Күйөөңдүн сырын эч качан эч кимге ачпа.
10-насыят: Күйөөңдү (чын дилден,анткорсуз) урматта, анын буйруктарын (кечиктирбей) аткар,ага сөз кайтарып,каяша айтып,каршы чыкпа.Күйөөң кайгырып турган кезде, өзүңдү кубанычтуу тутпа тескерисинче,анын убайым-кайгысына ортоктош-шерик бол.Ал кубанычта болсо,сен да ошондой көңүл-көйдө болууга тырыш.
Кыскасы, оо, кызым,күйөөңө канчалык урмат көрсөтсөң,канчалык ага моюн сунсаң,сен ага ошончолук сүйүктүү жар болосуң.Аны канчалык ыраазы кылсаң,ошончолук анын махабатын көрөсүң.Албетте, сен мындай бакытка качан гана анын каало-тилектерин өзүңдүн үмүт-максаттарыңдан жогору койгон учурда гана жете аласың".
📚 МУСУЛМАН АЯЛДЫН КҮЙӨӨСҮНҮН АЛДЫНДАГЫ МИЛДЕТТЕРИ.
🕌КМДБ МОСКВА
Катталыңыздар ⤵
https://ok.ru/kmdb.moskva


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев