🌱Бисмиллахир рахмаанир рахиим
Аят: Биз силерге чейин көптөгөн элди жок кылганбыз. Себеби пайгамбарлар аларга ачык-айкын далилдерди көрсөтсө да, ыйман да келтирбей коюшкан. Биз күнөөкөрлөрдүн жазасын мына ушунтип беребиз (Юнус;13).
Хадис: ...Ким бул дүйнөдө күнөөлүү иш кылса, анын жазасын сөзсүз тартат (Бухари, Ыйман, 11).
Окуя: Күнөөлүү эмне үчүн жазаланышы керек?
Бир каапыр аалымдан үч суроо сурайт:
-Аллах бар болсо мага коргозчу. Бардык нерсени Аллах жаратса, эмне үчүн күнөөкөр жазаланышы керек? Шайтан оттон жаралса, тозоктун оту ага кандай таасир бере алат?
Аалым бул суроолорду угуп олтуруп, аябай ачууланып кетип, жерде жаткан ылайдан жасалган кирпич менен баштан ары бир салат. Башы канжалап жарылган каапыр сотко жетип барат. Сот аалымдан:
-Бул адамдын башын жарыпсыз, ыраспы?
-Ооба, ал үч суроо сураган болчу. Мен бул кадамга анын суроолоруна жооп берүү үчүн бардым.
-Эмнеге?
-Анткени "Аллах бар болсо мага көргөз"-деген болчу. Башынын ооруганын айтып жатса, кантип оруп атканын көргөзсүн. Экинчиден, " бардык нерсени Аллах жаратса, күнөөкөр эмне үчүн жазалансын"-деген. Андай болсо, эмне үчүн мени сотко берет. Үчүнчүдөн, "шайтан оттон жаратылса, тозоктогу от ага кандай таасир берет"-деп сураган. Жообун алды. Топурактан жаратылган адамга топурактан жасалган кирпич кандай таасир берээрин көрдү.
Бул жоопторду кунт коюп уккан сот аалымды бошотуп жиберет.
📚Күнүнө 1⃣ Аят, Хадис, Окуя китебинен
🕌КМДБ МОСКВА


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев