""""""" Учат кундор жакшысы да жаманы.
Эч ким билбейт эртенки кун карангы!
Бугунку кун баарысынан улуу кун.
Ырахат алып откоролу эске албай санааны.
С.Р. Ж. 12.07.2016-ж.
КАДЫР ТҮН.
Жүрөктөгү ыйман нуру төгүлүп.
Жалындаган үмүт жакын көрүнуп.
Кадыр түндө кыдыр ата жолуксун.
Жылдыз топчу кете электе сөгүлүп.
Султан айдын султаны экен Рамазан.
Берекесин кереметин карасаң.
Кырк жыл күткөн кыдыр жолу төшөлүп.
Үмүт,тилек ,ыйман нурга оодарылсын таразаң.
Ата - энем, бир тууганым жанатым.
Балам, жарым коштоп учкан канатым.
Курбу - достор колдоп жүрчү колдочум.
Бак-дөөлөттө жашооңорду дуа кылып таң аттым.
С.Р.Ж. 12.06.2018.