Таң эртен менен автобуска олтурдум. Түшө турган аялдамам "Бакыт" деп аталат. Муну айдоочуга эскертип койдум да, отургучка көчүк бастым. Кетип барабыз....
Мына "Балалык" аялдамасы. Мында көп кызыктарым калган... Мында түшпөйм...
Ошентседа,терезеден кыйла карап, сагыныч менен өтө бердим...
"Кыз-жигит" аялдамасы... Чынын айтсам, бул жерге далайлар менен бир топ келгем, бирок, унутуп ал күндөрдү унута баштаптырмын...
Тээтигине "Намаз " аялдамасы. Бул аялдаманы көп адамдан уккам, бирок, эч түшкөн эмесмин. Негизи эле муну айткандар көп, түшкөндөр аз...
А бул болсо "Махабат" аялдамасы. Ооо, мына ушунда калып калгым келет. Бирок, мага "Бакыт" аялдамасы зарыл...
- А, булчу? Баса "Кызганыч" аялда