КЫЗГАЛДАК ГУЛУ-2
Кубан жарк этип күлүп,
номеримди жазуу үчүн өзүнүн телефонун
даярдап калды. Шыпылдай жазып алып
колумдан өөп коштошуп, шайдоот басып
чыгып кетти. Ошол күндөн баштап экөөбүз
күн сайын телефон аркылуу сүйлөшүп
жаттык. Бир жумадан кийин менин
жумушум бүткөндө жеткирип коймой
болуп келди. Чыксам, сыртта күтүп
туруптур. Бетимден өөп учурашып эле:
- Кеттикпи? Каякка баралы?-деди шыр эле.
- Каякка болмок эле, мен жатаканага кетем
албетте.
- Гүлайым, мен сени менен коштошкум
келбей жатат. Экөөбүз бири-бирибизди
жакшы деле билбейбиз го, бир жакка
барып жакындан таанышсак жакшы
болоор эле.
Мен болбой кетенчиктедим:
- Жок, мен бир таанышкан адамым менен
эч жакка ба