Дүйнөнү дүңгүрөткөн залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына карата ,
"Калемгер -ыр дүйнө" сынагы болуп өттү. Уюштуруучу, демөөрчүлөргө ыраазычылык!
"Алдыда жүрсө акжолтой, артта жүрсө сан колдой" Шабдан Сулайманов, Ашык Карып агаларыбыз алдыңкы орундарды алып, баарыбызды кубантты. Кызыктыруучу сыйлык менен биз да сыйландык
Баса, жогорудагы атактуу агаларым менен биринчи жолу кездештим. Убакыт тар болуп, баарлашуу максатына жетпей калды.
Бирок , жакынкы арада бир чогулуп, чер жазыша сүйлөшүүнү пландап өз жолубузга түштүк.

Күлгүн жаштык билбейм кандай аталат?
Күчтүү болчум, күтпөс тагдыр чечимин.
Дүйнө мага карыз өңдүү махабат ,
Дүңгүрөтүп жашап өтсөм дечүмүн.
Кайыл болуп жаштыгыма жоготкон,
Кайра эле мен жомокторго ишенем.
Арзуу издеп, ай жылдарын короткон,
Азабы көп, алабарман киши элем.
Улам бир күн үмүт болуп жанчудай,
Узун түндө бүтпөйт санаам, толгонуум,
Сүрдөтүп бир жарк деп чыга калчудай,
Сүйүү издеп бүгүн дале жолдомун.
Улутуна бүтөр бир күн сапарым,
Учуру өтсө, жалындаган өрт өчөт.
Мен сүйүүнү ыйык көрүп жашаарым,
Мезгил өзү, ошол кезде көрсөтөт.