"Устаз балага Бисмиллах окуса бала дагы кайталап айтса Аллах Таала баланын эне-атасы жана устазы үчүн Тозокко кирбейт деп жаздырат.”
[С. Абадиййа]
"Курани каримдин ачкычы – Бисмиллах.
[С. Абадиййа]
"Бисмиллах ар китептин ачкычы.” [Хатиб]
"Бисмиллах менен желген тамак берекелүү болот.” [Ибни Мажа]
"Бисмиллах менен башталбаган бардык маанилүү иштер кемчиликтүү болот.” [Байхаки]
"Үйгө кирип баратканда Бисмиллах окулса шайтан "Бул үйгө кирүүмө мүмкүнчүлүк жок” деп артына кайтып кетет.”
[Тибйан]
"Амал дептеринде 700 Бисмиллах бар болгон адамды Аллах Таала тозоктон чыгарат.” [Таргиб-ус-салат]
"Бисмиллах менен жазуу жазган адамдын муктаждыгы кетет, Аллах Таала дагы андан ыраазы болот.” [Дайлами]
"Ишин Бисмиллах менен баштаган адамдын күнөөлөрү кечирилет.” [И. Рафии]
"Тамакты Бисмиллахты айтып жеп, аягында Алхамдулиллах деген адамдын дасторкондон тура элегинде күнөөлөрү кечирилет.” [Табарани]
"Кыйынчылыкка дуушар болго адам "Бисмиллахир рахманир рахим ва ла хавла ва ла куввата илла биллахил алиййил азыим” деп айтса ар түрлүү кыйынчылыктан кутулат.” [Дайлами]
"Миң жолу Бисмиллахты окуган адамдын төрт миң чоң күнөөсү кечирилет.”
[Таргиб-ус-салат]
"Бисмиллах жазылган бир кагазды жерден алып койгон адам Сыддыктардан деп жазылат.” [Таргиб-ус-салат]
"Бисмиллахсыз атыр себинген адам шайтандарга да атыр сепкен болот.”
[Ибни Сүнни]
"Шайтандан коргонуу үчүн тамакты Бисмиллах менен баштагыла.” [Табарани]
"Суу ичерде Бисмиллахты оку, ичип бүткөндө да Алхамдулиллах де жана үч демде ич!” [Ибни Сүнни]
"Тамакты баштарда Аллах Тааланын атын эстегиле, башкача айтканда., Бисмиллахты окугула! Башында Бисмиллахты окууну унуткан адам эсине келгенде "Бисмиллахи ала аввалихи ва ахирихи” десин!”
[Абу Давуд, Тирмизи, Хаким]
"Тамакты баштаган адам Бисмиллахи десин. Бисмиллахи дегенди унутуп койгон болсо эстегенде "Бисмиллахи аввалуху ва ахираху” десин.” [Ибни Мажа]
"Шайтандан коргонуу үчүн тамак жегенде, эс алып жатканда жана түндө жатарда Бисмиллахты окугула!” [Табарани]
"Ажатканага кирип баратканда окулган Бисмиллах жиндердин көзүнө парда болот, аврат жерлерди көрө алышпайт.” [Тирмизи]
"Эшигин Бисмиллах менен жапкан адам шайтандан коргонот. Бир чыбык менен болсо дагы идиштерди Бисмиллах менен жаап койгула!” [Ибни Хиббан]
"Шайтан Бисмиллах айтылбаган тамакты өзүнө халал деп көрөт.” [Муслим]
"Шайтандан коргонуу үчүн үйгө кирип баратканда салам бергиле жана тамакты Бисмиллахты айтып жегиле!” [Табарани]
"Үйдөн чыгып баратканда "Бисмиллахи таваккалту алаллах, ла хавла ва ла куввата илла биллах” деп айткан адам коркунучтардан коргонот жана шайтан ал адамдан алыстайт.” [Тирмизи]
"Эй, Расулуллах! Канча көп жесек дагы тойбой жатабыз, тамагыбыздын берекеси болбой жатат”, - деп айтышты. Расулуллах: "Тамакты өзүнчө бөлөк жебей бирге жеп, Бисмиллах айтылса берекелүү болот.” – деп жооп берди. (Ибни Мажа)
Расулуллах алейхис салам хазреттери Бисмиллахты айтып, сууну үч дем менен иччү, ичип бүткөндө Алхамдулиллах дечү.
(Ибни Сунна)
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев