_Башкалар менен бөлүшүүнү унутпа_ !
⛔ 🔥 🔥  *Нооруз Ширк жана Куфрлук!*
Куфр коомунун ширк жана куфрлук майрамын майрамдоо, урматтоо, улуктоо,  жакшы көрүү , адамды Исламдан чыгарат , себеби Ислам , Имандан капырлыкты ширкти өйдө  койуу же теңөө  өзү  капырлык.   Нооруз Перс тилинен которгондо  " _нуу_ " -жаны , " _руз_ "-кун , "жаңы күн" деген маанини берет.
Нооруз арам жана ширк экени тууралуу көбүнчө  *Ханафий мазхабынын аалымдары*  фатва беришкен , себеби Ноорузду илгертен  майрамдап келген  перс жана түрк элдери жашаган аймакта Ханафий мазхабыны кеңири жайылган , ошол себеп ханафий мазхабынын  аалымдарынын бул тууралуу фатвалары кеңири таралган .
*Сахаба  Анасдан* риваят кылынат : *Пайгамбарыбыз*  (عليه السلام  ) Мадинага келгенде Мадиналыктардын эки майрамы бар эле. Пайгамбарыбыз алардан сурады : "Бул эмне болгон эки күн ? "  . Алар : Карангылык доордон бери ушул эки күндү оюн ойноп көңүл ачабыз!" -дешти. Пайгамбарыбыз : Аллах Таала бул эки майрамыңар ордуна эки жакшы майрам менен алмаштырды алар Курман айт жана Орозо айт "-дейт. *( Имам Насаи  " Сунан Сугроо"-  1557 , Абу Дауд "Сунан" -1134 хадис сахих)*  Хадиске шарх ( тушундурмо) берген *Мулла Алий Каары Ханафий*  "Миркат" ( 3/293)  китебинде : "Пайгамбар Мадинага келгендеги эки майрам *найруз* (нооруз) жана " *михиржан* " (кузундо майрамдалат) майрамдары эле." -дейт.   ❗1. Фатаавал Баззаазияда (6/333-334) мындай айтылат :  Отпарастардын Ноорузуна чыгуу, ошол күнү алар жасаган нерселерди жасап аларга окшошуу , алардын кылык жоруктарына ылайык болуу - *Имандан Чыгуу* ( Куфрлук).
❗ 2. Имам Абу Хавстан ( *Имам Аьзам Абу Ханифанын шакирти Шейбанийдин шакирти* )  риваят : Ким Кудай Таалага элүү жыл ибадат кылып андан соң Нооруз күнү келип кээ бир отпарастарга нооруздун урматына белек берсе акыйкатта  Имандан чыкты..  ( Татаархания 5/354)
❗3. "Аль Жаамиь Аль Асгарда " айтылат :бир адам нооруз күнү мурда кийин сатып албаган нерсесин мушриктер  (отпарастар) ноорузду урматтагандай эле урматтоо ниетинде сатып алса , каапыр болот. Бирок жөн гана жегени ичкени болсо эч нерсе эмес ( Татаархания 5/354)
❗ 4. "Нооруз күнү Отпарастар чогулуп майрамдап жаткан жерге  мусулман адам келип "Жакшы Жорукту баштапсыңар "деп колдоо иретте айтса капыр болот" Хуласатуль фатаава (4/387)  Баззаазия (6/333)
❗5. Алляма Бадр Ар Рашид Ханафийдин "Аль Фаазул Куфр "аттуу китебинде : Ким отпарастар чогулган жерге Нооруз куну чогулган болсо акыйкатта капыр болду. Анткени мына ошол капырдыкты жарыя кылуу аларга  колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.
❗6. Мусулман адам нооруз күнү башка мусулманга белек берсе ниетинде Ноорузду урматтоо эмес , бир туугандык  дайымкы айланган мисалы ай сайын беришип жүргөн адаты менен берсе аны менен Исламдан имандан чыгып кетпейт . А бирок ал күнү белек беришпегени ( коноктошпогону ) жакшыраак, ыймансыздарга окшоп калбоо максатында белек берүүнү андан мурда же кийин ишке ашырганы туура... ( Татаархания ( 5/354)
*Пайгамбарыбыз (صلى الله عليه وسلم  ) айтат : "Ким кайсы коомго окшошсо,  ал ошол коомдон болот"* .


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3