Предыдущая публикация
Өмүрүң сурап дайым дуа кыламын.
Жүз жашка жеткирсе экен ылайым.
Күлүп жайнап сен төрүмдө олтурсаң,
Ошол бакыт ошол менин кыялым.
Эх Атакем канча аракет кылайын,
Меенетиңди актай албай турамын.
Турмуштун оор түйшүгүн көтөрүп,
Кийналсаң да дайым шүгүр кыласың.
Бөпөлөтүп көтөрүп ойноткон Атам,
Мен ыйласам кучактап соороткон Атам.
Сен бар үчүн үй ичи жарык нуржанган,
Сен бактыма бар болгун бейишим Атам.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев