Аялмын да.Кээде эле толуп чыгам,
Акылы аз адамдай болуп чыгам.
Ачууланып, сүйлөнүп, күбүрөнүп,
Үйдүн баарын тазалап коюп тынам.
Аялмын да.Кээде эле жашып кетем,
Көз жашымды көл кылып ташып кетем.
Өзүм сүйлөп кайра өзүм таарынам да,
Өрт чыгарып жиберем,шашып кетем.
Аялмын да.Кийингим келип кетет,
Ашыкча эле сүйүлгүм келип кетет.
Көңүл буруу көп эле талап кылып,
Көөдөнүмө үңүлгүм келип кетет.
Аялмын да.Кайра эле балкып кетем,
Күндөй болуп ачылып жаркып кетем.
Ара жолго калтырбай не болбосун,
Арабасын турмуштун тартып кетем.
Ээ, Жараткан Алла!
Эгер мага мал-дүйнө берсең, бактымды алып койбо!
Эгер мага күч-кубат берсең, акылымды алып койбо!
Эгер мага аброй тартуу кылсаң, жөнөкөйлүүлүгүмдү алып койбо!
Эгер мага күч-кубат берсең, ырайымды алып койбо!
Эгер мага ийгиликтерди тартууласаң, аракетимди алып койбо!
Эгер мага чын ден-соолук берсең, ыйманымды алып койбо!
Эгер мен сени унутсам, Сен мени унутпа!