Казакстан Республикасынын🇰🇿 Шымкент шаарындагы Казакстан театрында 13-декабрь өтүлүүчү "Менин Казакстаным" аттуу улуттар аралык 25 Мамлекет катышкан фестиваль жана ырдоо 🎤🎵боюнча жарышка Казакстандагы Кыргыз диаспорасынан Аблай Рысбеков жана Венера Пирматовалардын чакыруусун алдым ( чакыруу үчүн терең ыраазычылык билдиремин).
Ооба менин улутум башка, бирок киндик кан тамган жерим КЫРГЫЗСТАН 🇰🇬🇰🇬🇰🇬
Ала-Тоо койнунда төрөлгөнүмө ЖАРАТКАНГА чексиз шүгүр деймин. Адамзат кайсыл жерде төрөлсө ошол жерди сүйүүсү жана Мекени үчүн жан дилден кызмат кылуусу "ЫЙЫК КУРАНДА" да жазылган экен. Мен Ала-Тоолук кыргыз элим-жерим үчүн өмүрүмдүн аягына чейин жан дилим менен кызмат кылууга даярмын. МЕКЕНИМ КЫРГЫЗСТАНДЫН 🇰🇬🇰🇬🇰🇬намысын коргоо колумдан келишинче аракет кылууга ант беремин.
Кыргыз элим мени колдоп ак батаңыздарды берип коюңуздар демекчимин алдыдагы жарышка барып элиме жүзүм жарык кайтууга АЛЛАХЫМ насип кылсын!!!
#АЛГА#КЫРГЫЗСТАН🇰🇬#ЖАША#КЫРГЫЗСТАН🇰🇬#ЖҮРӨГҮМ#КЫРГЫЗСТАН🇰🇬
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 13