Көркүн сенин көл бетинде тунук нур,
көздөрүндө көлүм чалкып туруптур.
Сени көрүп ыр дайрадан суу ичсем,
сендик сүйүү демек мага улуктур.
Асыл жанга сезим күчөй баштады,
чоң энем бар жетимиш алты жаштагы.
Жоодураган көздөрүңдү карасам,
эске келет энекемдин жаш чагы.
А энекем токтоо мүнөз жакшы адам,
Андай мүнөз көп селкиден таппагам.
Көптөн күткөн мүнөзүңдү көргөндө,
Аста секин ашык боло баштагам.
Акыл менен сабыр жанга топтопсун,
Арман жана кайгы сенден коштошсун.
Эң адилет эгем жарчы болсун деп,
эң мээримдүү энекеме окшоттум.
Сен энемдей келбеттүү сары болдуң,
Ооруп турган жүрөккө дары болдуң.
Жандай көргөн неберемди жетелеп,
Сен энемдей балпайган кары болгун.
2014-ж


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3