Белегим – кызыл гүлүм бар,
Бериш үчүн болдум зар.
Тартуум – кызыл гүлүм бар,
Тапшырыш үчүн болдум зар.
Зыяда болсоң кулак сал,
Зарымды угуп, гүлүмдү ал.
Керек болсо Гүзал кыз,
Көрө турган күнүмдү ал!
Караңгыда жол бассаң,
Чырагың болуп жүрөйүн.
Кайда барсаң жаныңда,
Ынагың болуп жүрөйүн.
Күндө келип суу алган,
Булагың болуп жүрөйүн.
Жашырбастан ачык айт.
Эмне болсо оюңда,
Жүрөгүнөн илинген
Туткунуң менмин торуңда,
Сыйласаң да өзүң бил,
Кыйнасаң да өзүң бил,
Тагдырым сенин колуңда