Ооба, сиз менин жашоомдо асыл адамсыз. Сизге деген сүйүүмдүн канаты талбай түбөлүк көкөлөйт, өмүр бою жүрөгүмдүн борборунда өчпөс чырак болуп жана бермекчи. Учурунда жанынызда жүрүп сизге деген жан дүйнөмдөгү сезимдердин күчтүүлүгүн аңдап түшүнбөпмүн. Качан гана аралык ортобузду бөлүп, сагынычтын ызгар бурганыгы так жүрөккө матыра тепкенде туйгуларым козголуп сиздик сезимдин түбөлүгү билинди. Жашоомдо мени түшүнүп көлөкөмдөй коштогон сизден башка жанды көрө албадым. Сиздин үнүңүздүн добушу жаныма дем берип келет. Чиркин ай, азыр эле жаныңызга барып көздөрүңүздүн нуруна чуңкуп кирип, саамайларым алаканыныздын илебине ойной, мээримиңизге балкып, кучагыңызда эркелеп бакытка бөлөнсөм ээ. Чай үстүндө отуруп көздөрүмдөн сүйүп айткан баягы баягы керемет асыл сөздөрүнүздү уксам дейм.Тезирээк эле жаныңызга барсам экен берекем менин. Сиз да мени санааныздан сабырыныз сууп күтүп жатканынызды сезип турам. Бул ааламда сиздей күчтүү, айкөл,келбеттүү адам жоктугун күмөнсүз тастыктай алам. Анык сүйүүмдүн мүрөгү жалгыз сиз. Сиз бар мен жашап келем, сиздин сүйүүнүз бар мен бактылуу. Мен сизди өз жашоомдон артык сүйөм алтыным, жаным АПАМ,АПАКЕМ💝💝💝💝💝😘
#Peri.S
#_oilor_da
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев