Предыдущая публикация
Жыргал болсо бул жашоо,
Күндө өтүп бараткан.
Карыбас беле адамзат,
Күнүмдүк түйшүк азаптан.
Күндө болсо да кубаныч,
Көтөрүп көңүл сүйүнткөн.
Баари бир карыйт адамзат,
Түгөнбөс азап күйүттөн.
Кусалык;- болгон сүйүүгө,
Бүтпөгөн жумуш күнүүгө.
Мерсинтет экен адамды,
Мээримсиз мерез дүнүйө.
Жумушуң;- сыртта, үйдөгү,
Азапка салып дүйнөңү,
Карытат экен жашты да,
Гөйгөйлүү турмуш күндөгү.
Күнүмдүк турмуш талабы,
Түйшөлтүп ой- санааны.
Түбү жок тешик, көроокат,
Карытат туура адамды.
Дүйнө- деп, өмүр өткүчө,
Түйшүктөнөт ушул зат.
Пейлин кенен ток тутса,
Карыбас беле адамзат.
Автор; Абдугулов.Н.Н.
14.04.2020.
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4