7- БӨЛҮМ
Менден башка бир туугандарым апамды ойлоп да коюшпайт. Мирбек өтүп кеткенден бери "үйгө кетпей жатасын, качан кетесин?" дей беришти туугандарым. "Апам силердин дагы апаңар болот, эмнеге өзүңөр барбайсыңар?" десем: "Үйдүн кичинеси сенсин, сен карашың керек," - деп өзөгүңдү өрттөшөт. Кетейин деген сайын ойлогон ойлорум орундалбай келет.
Күндөрдүн өтүшү менен директорум да арызыма кол койбой жатты. Телефонума келген СМСтен улам катты ачып окудум: "Байке, маянасы жакшы иш дедиңиз эле, ошондой иш чыгып калды. Кааласаңыз келсеңиз, ошол жумушка жиберейин" деп жазылган экен. Визиткадагы жазылган даректи издеп Адинайга бардым.
- Саламатсыңбы Адинай?
- Оой байке келиңиз, шаардык болуп аябай өзгөрүп кетипсиз, - деп ордунан турду, -Тааныбай жатып араң тааныдым.
-Кандайсыз анан?
- Жакшымын, өзүңчү? Экөөбүз алы-жайыбызды сурагандан кийин ал тапкан жумушун айта баштады. Угуп коё берейинчи, эгер жумушу жакшы болсо Бакытты киргизип коём деп сөзүн угуп турдум.
- Жумуш жакшы экен, үйгө барып ойлонуп көрөйүн,- дедим - Көп жылдан бери ушул жактасыңбы? - деп сурадым.
- Сиздер менен поезде чогуу келгенден бери кете элекмин. Жумушум жакшы. Айылда апам менен уулум бар. Аларды эч нерседен кем кылбайын деп кетпей иштеп жүрөмүн. Адашпасам атыңыз Бегалы э?
- Ооба, ошондой.
- Жумуш боюнча кайрылгандарга жумуш табып беремин, кагаз жумуштарына жардамдашам.
- Биз атайын жумуш менен камсыз кыла турган фирмабыз.
Тыпылдап көзгө жагымдуу, кичи пейил экени жасаган мамилесинен билинип турду.
- Адинай, жумуш боюнча мен сага кеч жообун айтамын, үйгө барып ойлонуп көрөйүн дедим.
- Макул, өзүңүз чечиңиз, - деди.
Аны менен коштошуп үйгө жөнөдүм.
Тапкан жумушу мага дагы жакты, бирок кетемин деген ой менен ал жумушка көңүл бөлбөдүм. Бакытка айтып көрөйүн, балким ага жакса которулуп алаттыр деп ойлодум.
Балдарымды сагынган окшоймун , отуруп эсиме түшүп кетти. Телефонду алдым да Элдиярга конгуроо кактым.
-Ата, кандайсыз?- деп сүйүнүп жооп берди.
- Уулум кандайсын? Арууке менен Айжан жакшыбы? Мен жакшы, иштеп жатам, силерди аябай сагындым.
- Ата, биз дагы сизди сагындык. Бизди алып кетпейсизби?
- Ушуну ойлонуп жатам, айылга кеткени жатам, бирок качан кетишим белгисиз. Кетсем силерди алып кетемин.
- Апамды дагыбы?
- Уулум, сен чоңоюп калдың, кээ бир үй-бүлөөлүк маселелердин баарына түшүнө бербейсин балам. Бул жөнүндө башка сүйлөшпөй эле коёлу. Убакыт-сааты келсе ал жөнүндө кенен сүйлөшөбүз. Элдияр, жашооңор жакшы элеби?
- Жакшы эле, апам тиги кишини ата дегиле дейт, биз айткыбыз келбей жатат. Айжан кичине экен, ал аталап жүрөт, - дегенде жүрөгүм сайгылашып кетти. Ал сөздөн кийин бир топко чейин унчукпай туруп калдым.
- Ата, эмнеге сүйлөбөй калдыңыз?
- Угуп жатам уулум, бир аз башым ооруп турду эле.
- Ата, биз бул жакта мектепке орноштук.
Менин унчукпай калганымды сездиби, Элдияр башка сүйлөгөн жок.
- Шаар айланып ойногуңар келеби? -дедим
-Ооба, ата сизди көргүм келди.
- Анда, бир күну үчөөңөр менен жолугушабыз.
- Макул анда! - деп экөөбүз коштоштук. Уулум менен сүйлөшүп маанайым көтөрүлүп калды. Кайсы күну убакыт таап жолуксам болот деп алдын ала ойлоп койдум.
"Касапчыга эт кайгы, кара эчкиге жан кайгы" дегендей кайгым эле келин издемей. Бул жактагы кыз -келиндер турмушка жеңил көз карашып көнүп калышыптыр, алардын оюнда: акча, оюн-күлкү, отуруш экен. Албетте баары эмес, бирок көпчүлүк мен айткандай.
Жумуштан чыгып үйгө кетип баратсам Бакыт конгуроо кагып калды: "Кайдасын? Мен сени кечки тамакка чакырамын, кел!" - деп адрести айтты.
Үйгө барганда эмне кылмакмын жалгыз отуруп, өзүм дагы Бакыт менен кенен отуруп сүйлөшөбүз деген болчумун. Айткан дарек менен барган жер ресторан экен. Кирип барсам Бакыт менен Адинай отурат, таң калдым, булар кайдан табыша калышты деп. Көрсө, Бакытка мен айткан жумуш жагып, ошол жумушка орношуп, Адинай менен мага белгилеп берүү үчүн чакырыптыр. Ошол күнү үчөөбүз кечки тамакта чогуу болдук. Адинай менен кенен отуруп тааныштык.
Ичинде кири жок, ачык кыз экен.
Анын дагы мага окшоп турмуштан жолу болбоптур. Ошол күндөн баштап Адинай менен сүйлөшүп калдым. Аны менен сүйлөшкөн сайын ага көнө баштадым. Жумушубуз экөөбүздүкү эки жакта. Адинайдын жашаган жер менен иштеген жумушу менден алыс болчу. Аны менен кездешип жүрүп бир-бирибизди жактырып калдык. Аял кишиге убакытты кенен бөлөйүн деп жок дегенде күндө сүйлөшүп турдум. Өткөн күндөрдү акырындап унута баштадым.
Бир күну Адинай менен ачык сүйлөшүп, үйлөөнүгө сунуш кылдым. Биринчи ойлонойун деп көп жоопсуз жүрдү, кийин баарын акылы менен кеңештиби, акыры макул болду. Директор кол койсо, акчаларымды алсам эле кетебиз деп күтүп жүрдүм.
Ошол кезде жумушубуз көбөйүп, Адинай менен көпкө көрүшпөй калдым. Көрүшпөгөнүм менен күндө телефон менен сүйлөшүп турдум. Күтүлбөгөн командировкага директорум бир жумага башка шаарга жөнөтүп калды. Айласыздан эмгек баракчамды алсам болду деп командировкага жөнөп кеттим.
Ал жакка бара жатканымды Адинайга айтып кеттим. Мүмкүнчүлүк болсо конгуроо менен сүйлөшүп турабыз дедим. Жумуштун көптүгүнөн Адинай менен байланыша албай, завод берген буйуртмалар менен көп кармалып калдым. Жумуштарымды бат бүтүрүп кайтмакчы болуп, күткөн күн келип кайра Москвага учуп келдим. Аба алмашып ооруп жумушка чыгалбай калдым. Келгенден кийин Адинай менен байланышып турдум. Жакшы болуп жумушка чыкканда жолугушмакчы болдук. Дене табым түшүп, бир аз кыйналып турганмын, телефонума "чыйк" деп кабар түшкөнүнөн карасам бир сүрөт келиптир. Ачып карасам Адинай экен. Сууга барып эс алган окшойт, сууга кийүүчү кийим менен түшүптүр. Жанында бир тобу бар окшойт буттары эле түшүп калыптыр.
"Эс алуу жакшыбы?" - деп жооп жөнөтөйүн десем анын номери эмес башка номер экен. Андай номерди билбейт элем. Кызыктай боло түштүм, ким менен барганын биле албай калдым. Адинай менен сүйлөшкөндө иштеп жатам деген эле. Көңүлүм бузула түштү. Бир аздан кийин "Сенин жакшы көргөн кызыңды кара" деп жазып жибериптир. Кайрадан сүрөткө жакшылап үңүлүп карасам бир бут кыздын буту, бир бут эркектин буту экен. Сүрөткө калганы батпай калыптыр. Балким жумуштагылар менен баргандыр, бирок алардын алдында жарым жыланач отурбаса керек деп көңүлүм чөгө түштү.
Кызык, "Бул сүрөттү ким жөнөттү, мага жөнөтүү кимге керек болду экен?" деп ойлонуп калдым.
Келген сүрөттү кайра-кайра көрө бердим, жылмайып түшүптүр. Кимге жылмайып жатканы белгисиз.
Жакшы көргөн жакындар менен барганы үчүн жарым жыланач болуп түшкөн деген ойго келдим. Жиберген телефондун номерин карап чыктым, тааныбаган бейтааныш номер болду. Ошол телефонго конгуроо кылдым, жооп болбоду. Ошентип отурсам:
- Ооруп калыпсын, кандайсын? - деп жумуштан Света телефон чалыптыр.
- Баары жакшы, сураганың үчүн рахмат, ооба ооруп калдым окшойт. Эки-үч күндөн кийин жумушка чыгамын.
- Ооруба, сендей ден-соолугу мыкты адам да ооруйбу?
- Эс алгым келди окшойт, - деп күлдүм
- Света, арызымды алышым керек эле...
- Кол койсо сени чакырат, азырынча кол коё элек. Жакшы болуп кал, жумушка чыкканга чейин жакшы тур - деп коштошту Света.
Эмне кылышты билбей отуруп: "Эс алуу жакшыбы?" деп мага келген сүрөттү Адинайга жөнөтүп жибердим.
Бир убакта "чыйк" деп смс түштү, карасам Адинайдан экен:
"Саламатсызбы? кандайсыз? бул сүрөттү кайдан алдыңыз?" - дептир.
"Мен албадым, мага жиберишти" - деп жооп жаздым.
"Ким жиберди?"- деп сурады.
"Адинай, эки күндөн кийин сени ушул жерде күтөмүн" - деп адрести жазып койдум.
Түшүнө албай санаа тарттыбы, мага телефон чалды, телефонго эмнегедир жооп бергим келбеди. Маанайым чөгүп Элдиярга конгуроо кылдым.
- Ата кандайсыз, угуп жатам?
- Элдияр шашылыш элем, калган сөздү кездешкенде сүйлөшөбүз.
Эртең Арууке, Айжан болуп паркка келгиле, - деп саатын айтып койдум.
- Макул ата! -деди Элдияр.
Ал күнү Адинай жөнүндө кандай ойдо экенимди биле албай койдум. Сүрөттү ким эмнеге жөнөткөнүн ойлоп отурдум. "Эки күндөн кийин аныгын билемин" деп оюмду онго бөлгөн ойлордон алыстайын деп сыртка чыктым. Эсимдин баары балдарымда болду, кетип калышкандан бери аларды көрбөй аябай сагындым.
Чыдамсыздык менен күткөн саат дагы келди. Унаама отуруп паркты көздөй жөнөдүм. Кездешүүчү жерден балдарды күтүп турдум. Алыстан Элдияр менен Аруукенин келе жатканын көрүп сүйүнүп кеттим. Аларды карап утурлай бастым. Жакын калганда чуркап келишти. Балдарымды кучаптап жашым кылгырып кетти.
- Кандайсыңар жанга жакындарым? - деп улам кучактап өөп жаттым -Айжан кана?
- Ал бакчада, апама айткан жокпуз, өзүбүз эле келе бердик - дешти.
Айжан кичинеси болгону үчүнбү, аны башкача жакшы көрчүмүн. Келбей калганына жаман болдум. Ал күнү балдар менен кечке ойнодук. Жакшы эс алышып, сүйүнүп калышты.
- Элдияр, жаңы үйдө кыйналбадыңарбы? Жашооңор кандай болуп жатат? - деп сурадым.
Элдияр эсине кирип калгангабы, унчукпай башын жерге салып сөз сүйлөбөй койду. Арууке бир мени бир Элдиярды карап жатты. Бир нерсе айтмакчы болду окшойт.
- Сөзүң болсо айта бер кызым, - дедим.
- Ата, баарыбыз чогуу жашайлычы, - деди.
- Кызым, мен жакында чоң апаңа кетем, силерди да алып кетем.
- Кайра келебизби ата? - деди.
- Эгер кааласаңар чоң апаң жактагы окууга киргизип коём, ошол жакта окуй бересиңер.
- Азыр жай айы, күзгө чейин убакыт бар, көрөбүз, - деди Элдияр.
Ал күнү алар менен кечке ойнодук. Кечинде Айжанга оюнчук менен таттууларды алып, балдарды таштап коюуу үчүн башка районго жөнөдүм.
Уулум айткан дарекке чейин алып барып, таштап койдум. "Жакында силерди алып кетем!" деп беттернен өөп коштоштум. Балдарымды көрүм көңүлүм ачыла түштү. Ал күнү санаадан бир аз болсо да алыс болуп жакшы уктадым.
Эки күндөн кийин Адинай менен жолугушканга чейин Бакытка бардым. Бакыт менин айылдашым, сырдашым, капа болгонумда чер жаза турган жалгыз досум. Ичимдеги тынчтык бербеген ойлорумду жалгыз Бакыт менен гана бөлүшүп, ичимди бошото аламын. Бара жатып "чыгып тур" деп конгуроо чалып койдум. Жолдо кутуп турган экен, экөөбүз балык уулаган көлгө бардык. Балык бышкыча сүйлөшүп отурдук.
- Бакыт, бул сүрөттү карачы, - деп Адинайдын сүрөтүн көрсөттүм.
- Сага чейин көрдүм бул сүрөттү, - деди.
Мен чоочуп кеттим, оюмда чогуу барышкан окшойт дедим.
- Кайдан көрүп жүрөсүн? - деп жиним келе түштү.
- Бул сүрөттү көргөнүмдө сен эмес, мен да жаман болдум. Адинай менен чогушу иштеген кыз "ойноп келдик" деп мага ушул сүрөттөрдү жиберди, карасам Адинай бар экен, сага бир эле сүрөттү жөнөтүптүр, дагы башка сүрөттөрү бар, - деп мага башка сүрөттөрдү көрсөткөндө көргөн көзүмө ишенбей кеттим.
Адинай жөнүндө жаман ойлогон эмес элем. Сүрөттөрдү көрүп, бүткөн боюм титиреп кетти. Калган сүрөттөрдү көргүм келбеди, "Телефонуңду ал" дедим.
- Бул сүрөт боюнча сага унчукпай койдум эле. Сага ким жөнөттү экен? - деди.
"Сен жөнөтпөсөң, анда башка бирөөсү жөнөтүптүр"- деп ичимде жаман болдум.
Сөзүбүз кызуу болуп жатканда, балык да даяр болуп калды. Тамак үстүндө сүрөт жөнүндө башка сөз сүйлөшпөдүк. Ошол күнкү Бакыт менен болгон кездешүүм мен ойлогондой болбоду.
Ичимде "Эмнеге бул сүрөт боюнча билсе да айтпады?" деп капа болдум. Балким менин абалымды билип кыйналбасын дедиби...
Экөөбүз көпкө отурдук, кеч да кириптир кетелик деп Бакыт менен салкын коштошуп үйгө кайттым.
Үйгө келип, Бакыт жөнөтпөсө дос кыздары жөнөттүбү бекен, деген ойго келдим.
Ошол күнү эч нерсеге көңүлүм келбей эрте жатып алдым.
Адинайды бүгүнкү күнгө чакырып койгон элем, барбасам болбойт. Унаама отуруп, кедешүүчү жайга жөнөдүм. Мен барганга чейин Адинай келип күтүп отуруптур. Аны менен жөн гана көрүштүм. Адинай менин ичимдеги ойду айттырбай түшүндү, көпкө унчукпай отурду.
- Эс алууң жөнүндө сүрөттөрүңдү көрдүм, - дедим. Ким тартканын байкабаган окшойсун, же атайы түштүңбү?
- Ким жөнөтсө да менин душманым, - деген сөздү араң айтты.
Мен башка сөз сүйлөбөдүм. Тамактанып бүтүп: "Адинай, жакшы жүр, жумушуңа ийгилик, балким дагы кездешип калаарбыз. "- деп аны менен коштошуп андан узап кеттим.
Адинай турган жерде нес болуп туруп калды.
Менден мындайды күтпөгөнүнө өзүн жаман сезгени отурганда эле билинди.
Москванын кыздары жөнүндө башка сөз сүйлөгүм келбей калды.
Ошол боюнча башка эч кимди издештирбедим.
Эртеси күнү директорго кирдим да арызга кол коюп берүүсүн суранып туруп алдым. "Жумушчу жетишпейт" десе деле көнбөй койдум. Акыры кол коюп бергенге мажбур болду.
Эмгек баракчамды алганы Светага келдим. Ал башында ишенбей койду.
Ага айылга кетип жатканымды, Москвада кандай кайгылуу күндөр башымдан өткөнун айтып бердим. Света кунт коюп угуп отурду.
Айтып бүтүп ичим жеңилдеп калды.
- Свете, сага рахмат, жаңы жумушка орношконумда көп жолу жардам бердиң. Сендей мыкты айымдар көп болсо экен. Мен сени сыйлаймын, колуңдан келген жакшылыкты мен үчүн аябаганыңды билемин. Канча жылдан бери сени менен иштешсем, сенин жаман жактарыңды көрбөдүм. Аманчылык болсо дагы көрүшүп калаарбыз. - деп Светанын жүзүнөн өөп коштоштум.
Жыттуу атырынын жыты мурдума "бурк" дей түштү. Азыр мага кыйын болуп турат мекениме барып кыйынчылыктарды унутуп калаармын деп кагаздарымды алып ишканадан чыгып жөнөдүм.
Света мени узатып машинама чейин келди. Анын жоодураган көгүш көздөрү, апакай жүзү коштошкондо мостоюп кала берди.
Эртеси күнү Элдияр менен Аруукеге кошо билет алдым. Айжандын документи менде жок болгону үчүн ага билет ала албай калдым.
Уча турган күнү Элдиярларды күтө берип көзүм төрт болду. Эмнегедир кечигип жатышты. Тынчым кетип турганда экөө чуркап жетип келишти. Араң самолетко жетиштик. Самолетко чыгып терең дем алып, отуруп калдым. Мени кыйнаган күндөрдөн алыс болуу үчүн, мекениме балдарым менен учуп кеттим.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2