5- БӨЛҮМ
Алыс жакта жаныңда жакындарың жок болсо, үй-бүлөөңө жоопкерчилигиң чоң болот экен. Менин оюмда балдарымды татыктуу тарбиялап, аларга жакшы билим берип эрезеге жеткирүү эле. Балдарымдын биринин артынан бири өсүп жатканын көрүп кубанып кетем.
Сезим баарына жоопкерчиликтүү болгону менен акыркы кездерде өзгөрө баштады, айдоочулук курсту бүтүп, балама деп алып берген унааны айдап алды. Жумушуна алыс болгону үчүн кыйналбасын деп унчукпай эле койдум.
Кичине нерсеге жини келип мени менен айтыша кетет. Анын мындай кылган мамилесин дем алышсыз иштеп жатканынан деп, ага каттуу айтпай жүрдүм.
Бир күнү жумуштан келсем, маанайы жакшы экен, классташтары менен болгон жолугушуудагы сүрөттөрдү көрүп отуруптур. "Жолугушуу кандай өттү деп сурап да койбодуң" - деди. Чынында кызыгып сураган жок элем. "Кандай өтөт эле, албетте кызыктуу өтөт да, көп жыл көрүшпөй жүрүп көрүшсөңөр, " - дедим. Столдун үстүндө бир топ сүрөттөр турган экен, алып бирден көрө баштадым. Арасында мен тааныгандар да бар экен. Айылдаштар болгону үчүн көпчүлүгүн тааныдым. Жолугушуу кече жакшы өткөнү сүрөттөрдөн билинип турду. "Жакшы өткөргөн болсоң болду", - деп сүрөттөрдү көрүп ары жылдырып койдум.
Эрте менен шашып жумушка жөнөп жатсам: "Бүгүн чогуу иштеген кыз чай берип жатат, кеч келемин,"- деди.
- Макул, чыгаарда эскертип кой, барып алып келемин.
- Жок, жөн эле кой, өзүм келемин - деди.
- Макул, өз каалоң болсун, - дедим да жумушума кете бердим.
Ал күнү кеч келди, мен жумуштан чарчап келип жатып алган болчумун. Кийимдерин алмаштырып келип туура балконго чыгып кетти. Ал жакта көпкө сүйлөшүп анан келип жатты. -Жарым түнгө чейин жүрө бересинби? - деп ачуум келди.
- Сага эскертип кетпедим беле! - деп үнүн бийиктетти. Түн бир убак болгону үчүн катуу сүйлөй албадым. Анткени балдар таттуу уйкуда эле.
Арадан күндөр өткөн сайын, биздин уруш күчөй баштады. Болбогон сөздөргө Сезимдин "сиркеси суу көтөрбөй" калды. Менин сабырдуулугум, токтоолугум, бир нерсеге терең ойлоп мамиле жасаганым, көп мезгилде чырдын тереңдеп кетишинен сактап жатты. "Балдарың чоңоюп калганда улам чырдаша бергениң жакшы эмес, аларга таасири тийет, сени менен мен ушинтип чаң-тополоң кыла берсек бизден кандай тарбия алат?! - деп эскерткенде гана сөз кайтарбай калды, - Чарчадың, жумуштан чыгып үйдө отур, өзүм баарыңарды багам, - дедим.
- Мындай мүмкүнчүлүк эч кимде жок, иштей берейин, - деп такыр көнбөй койду.
- Макул, иштей бер анда, бирок саатыңды чектеп койом. Убагы менен кетип, убагы менен келесин, - дедим.
- Аракет кылайын, бирок андайга жумушта мүмкүнчүлүк жокго, - деди.
- Балдарга жакшы көңүл бөл, тарбия энеден башталат, сен кандай болсоң - кыздарың ошондой болот! - деп эскертсем,
- Кыздарды ортого салба! - деп отурган жеринен туруп кетти.
Ошол күндөн баштап улам уруша бербейли дедиби, же менин эскертүүм таасир бердиби, жумуштан убагында келип жүрдү.
Арадан билинбестен зуулдап күндөр өтүп жатты. Турмушубуз мурдагындай эле. Сезим убакгында келгени менен, кечинде телефондон сүйлөшкөнүн койбоду. Көпкө чейин сүйлөшө турган болсо балконго чыгып кетет.
- Эмнеге көпкө сүйлөшө бересин - дедим бир куну.
- Болду, жетишет, жөн койсо ар нерсе дейсин, аны кылба, буну мындай кыл дей берип тажатып жибердиң! Эми сүйлөшпө дейсин, эмне баарына эле тыйуу сала бересиңби? Эгер менин жашоом сага жакпаса - кете бер! Төрт тарабыңа жол ачык! - деп ыйлап жиберди.
Чынында талапты катуу коюп жатамын, бул да мен катары иштеп жатат, иштебей койсо кыйналабыз деп унчукпай койдум.
Ошентип, арадан күндөр өтүп жатты. Анда - санда майда нерселерге көңүл бөлбөй койдум. Ынтымагыбыз - ыдырабыз дедим.
Бир күну шашылыш жумушка конгуроо кылайын десем акчасы түгөнуп калыптыр,
-Сезим телефонуңду берип тур?- десем
- Ии, менин да телефонумда акчасы түгөнүп калган болчу, - деп телефонун бербеди. Ага чейин сүйлөшүп жаткан болчу. Кызыктай боло түштүм.
Ошол күндөн баштап менде ишенбестик пайда болду. Эки жумушта иштеп, кээде чарчап калып, арадан кандай күндөр өткөнүн да сезбей жаттым. Сезимди жумушунан чектегенимден бери кардарлар аз келип калды деди. "Шаар чоң болгону үчүн аялдар башка салонго кетишип калды. Көпчүлүк жумуштан чыгып салонго кеч келет, ал убакытта биздин салон жабык болуп жатат" - деп сүйлөнө баштады. "Жумушум жакшы болчу, мындай мүмкүнчүлүктү пайдаланбай кара кетирип жатабыз!" - деп кабагын үйдү.
Биздин чырыбыздан балдар дагы безилдей турган болду. Айрыкча кичине кызым Айжан, чыр башталганда эле бутумду кармап "урушпачы" дегенсип тарткылап ыйлайт. Арууке менен Элдияр апасына болушуп мени жаман карап калышат.Мен канчалык күйүгүп алар үчүн аракет кылсам, деле балдар баари бир апасын жакташат экен.
"Кой, ушул балдарды мостойтпойунчу" деп, Сезимге катуу сүйлөштү токтоттум. Ошол күндөн баштап үйдө тынчтык өкүм сүрүп калды. Үйүңдө чыр жок тынч болсо, көңүлүң дагы ток болуп калат экен. Ойлоп көрсөм, мен эле тынчтыкты бузуп жаткандаймын.
Арадан билинбестен айлар өттү. Ал убакта мурдагыдай эле Сезимдин жумушу жакшы жүрүшүп, үйгө кеч келип жатты. Өзүп макул болуп жумушуна тоскоол болбоюн десем деле ичим туйлап туруп алды. Бир күн убакытымды бөлүп, жумушуна барайын деп чечтим. Ошол күнү дем алыш күн эле. Менин барышымды күтпөгөн Сезим, ордунан туруп:
- Кел, -деди.
- Бошосоң алып кетейин.
- Жок, бошой элекмин, кечки жумуш эми башталды, карачы канчасы жазылды, - деп мага жазылган кезекти көрсөттү.
- Мен да кардар болойун силерге, чачымды алып бергилечи, - дедим тамашалап.
- Эркектердин салону тушта, - деп колу менен сырт жакты көрсөттү. Билип туруп эмне сурайсын дегенсип, көзүнүн кыйыгы менен карап койду. Кардарлар бири келип, бири чыгып жатышты. Байкоо үчүн, бир аз отуруп турайын деп, бош орунга отурдум. Ошол кезде кандай гана аялдарды көрбөдүм. Сезим айткандай алтынды кабат -кабат таккан, боёнгон, сигаретти кырча тиштеген бай аялдардын келгенин байкадым. Мен кечке иш деп тытынып жүрө берип, Сезимден башка аялдарды көрбөгөн экенмин. Менден ары жакта эки аял кезек күтүп, бир нерсени аябай берилип талкуу кылып жатышыптыр, ара-арада кадимки эркектердей болуп сөгүнүшүп коёт. Бир убакта бир топ жаш кыздар келишти. Алардын кезеги келгенби, туура эле столдорго отурушту. Алардын кийген кийимдерин көрүп апаларды аяп кеттим: "Ээй апалар, кыздарыңарды бул жерден алып кетиңиздерчи!"- деп кыйкыргым келип кетти. Келген аялдар киргенде башкача болуп, чыгып бара жатканда башкача болуп чыгып жатышты. Сезим "эмнеге отурасын?" дегендей кылып жаман көрүп карабаганда билбеймин канчага чейин отурмак экенмин. Ордумдан жан дүйнөм жанчылып, маанайым түшүп араң турдум. Мен кеттим дебестен сыртка чыктым да туура унаама келип отуруп, кайсы жакка бараарымды билбей катуу айдап жөнөдүм. Машинаны айдап шаардан чыгып кеттим, жолдун бир четине токтотуп, айнекти ачып, терең дем алдым. Дүйнөң кургур, ушундай да адамдарды өзгөртөсүнбү, карачы! "Үйдүн куту болчу аялдардын жүргөнүн, бир эле керектүү жерлери жабык, калган жери ачык!"-деп
ичимден келген ачуу демди күү менен үшкүрүп чыгарып отуруп калдым.
Бир убакта телефонума конгуроо келди, карасам Бакыт экен.
- Бегалы, бүгүн айылдашыбыз Керим бир жакшылыгын белгилеп, чайга чакырды, сени дагы айтып кой деди.
Азыр кайдасын? Менин алдыма кел, чогуу барабыз - деди.
Өзүм дагы бир жакшы сөзгө муктаж болуп турдум эле, унаамды айдаган боюнча Бакыттын алдына жетип бардым. Үйгө баргым келбеди.
- Келдиңби Бегалы? - деди,
Маанайымдын жоктугун сезип,
- Эмне мынчалык суз көрүнөсүн?
- Бүгүн маанайым жок, - дедим.
- Жүр анда, - деп Бакыт менин унаама отурду. Биз барган ресторанга көпчүлүк келиптир. Бир столго айылдаштарыбыз чогуу отурдук. Отуруш жакшы өтүп жатты, стол толо жайнаган, мындайда арак суудай агылды. Ичпегениме койбой жанымдагылар мени да ичиришти, тез эле башым айланып чыкты, жай айы болгону үчүн ресторандын ичи муздаткычка карабай ысып кетти. Жанымдагылар бака-шака түшүп сүйлөшүп жатышты. Алардын арасынан бирөө тынбай күлдүрүп отурду. Көзгө жагымдуу көрүнгөн жигит экен, улам бет аарчы менен бетин аарчып жатты. Колундагы ак жүз аарчы укмуш токулуптур, көзүмө ал жүз аарчы оттой жалт дей түштү...
Эки көзүм тиги баланын колундагы жүз аачыда, уйдө көргөн жүз аарчынын токулганы эсимде калбаптыр, бирок тиги баланыкындай кызыл жипте токулган болчу. Отуруштун эрте бүтүшүн күтүп жаттым.
- Бакыт, тиги жигит ким, тааныйсынбы?
- Жок тааныбаймын, биздин айыл чоң го, кайсы бирин тааныйсын. Сага керек болсо чыгып бара жатып таанышалы. Эмнеге сурап жатасын?
- Көзүмө жылуу учурап жатат, - дедим.
Отуруш бүтүп сыртка чыга баштадык. Эсимдин баары жанагы жигитте, аты- жөнүн билгим келди. Көпчүлүктө кайда кеткенин билбей калдым. Алаңдап издеп жатсам, артымдан Бакыт келип калды.
- Кимди карап жатасын? - деп калды.
- Сени издеп жатам, - деп сыр бербей койдум.
Бакытты үйүнө таштап, жолдо эч ким жок, кенен зуулдап бара жаттым.
Оюмда үйгө жетип ошол жүз аарчыны көрүү эле. Жолдо келе жатып Сезимге жолукмак болдум, түнү кайткан окшоймун, салону жабык экен. Үйгө кантип жетип келгенимди билбей калдым. Үй тынч, баары уктап жатыптыр. Сезим эчак эле келген окшойт, чарчаганынан менин келгенимди сезбеди. Акырын конок үйгө кирип, кийим салгыч эмеректи карап, токуп жаткан ак бет аачыны таппай койдум. Балким башка жакка койгондур, эртең караймын деп жатып алдым. Сезим чарчаган окшойт, менин кыймылдап тынчым кетип жатканын кайдан билсин. Эч нерседен бейкапар уктап жатты.
Эртеси ичкениме башым ооруп, араң көзүмдү ачтым. Күн көтөрүлүп түш болуп калыптыр. Жумуштан чалган Светанын конгуроосун дагы укпаптырмын. Үйдө эч ким жок экен.
Туруп жуунуп алып, сүрөт менен жүз аарчыны издедим, жер жутуп кеткенсип экөө тең жок. Издебеген жерим калбады. Жүз аарчы берилип кетсе дагы сүрөт болуш керек эле. Балким Сезимдин алтындарын катып койгон сейфдедир. Сейфдин ачкычы кайда экенин билбей отуруп калдым. Баары жоктон шексинип жинди болгону калдым. Балким андай жүз аарчы башкалар да бардыр дейин десем, андай кылып токуп колдонгондор жок эсе, ойлонуп ойдун түбүнө түшүп кеттим. Кандай болбосун "Ушинтип жүрө берилбейт, бир күну бир чызыгы чыгат" деп өзүмдү басып жаттым.
Ал күнү жумушка кечигип бардым.
Света, бөлүмдүн начальниги:
- Эмнеге кечигип жүрөсүн? - деди.
- Ооруп калдым эле.
- Айтып койсоң болмок экен, - деди Света.
Жумушка киришип кетип, санаам тынчый түштү. Кечинде жумуштан чыгып чогуу иштеген Сергей менен жарымталаштым, ичим жеңилдей түштү. Улам үшкүрүнуп жатсам:
- Эмне эле үшкүрүнүп жатасын? - деди.
- Азыр мага кыйын болуп жатат, сүйүктүү жарымдан бир нерсени шекшинип жатам. Сергей, айтчы, эмне кылсам болот? - дедим.
-Балдарың чоңоюп калды, анча-мынча нерсеге көз жумуп кой. Аялың сени менен жашап жатабы?
- Жашап жатат,
- Анда эмнеге шекинесин? Балким бирөөгө белекке бергендир, ал дагы башкасына бергендир деди.
Чын эле, башкага белекке берсе, башкасы дагы бирөөгө белекке бергендир, деп өзүмдү алаксытканым менен жүрөгүмдүн түпкүрүндө оор нерсе туруп алды.
Кечинде кызуу болуп үйгө келдим.
Балдарым менин мындай абалымды көргөн эмес эле.
- Ата, эмне ичип келдиңиз? Мындай адатың жок болчу! - деп жини келген балам, жетелеп эс алуучу бөлмөгө алып кирип жаткызып койду.
Билбеймин, түнү канча убакыт болгонун, уйкум канып калган экен карасам Сезим жанымда жок. Жиним келип балконду карасам ошол жерде уктап калыптыр. Арактын жытына чыдабай чыгып кеткен окшойт деп ойлоп кеттим. Ошол күнү нары басып, бери басып жатып араң таң атырдым.
Эрте менен балдарды окууга кетирип, Сезимди жумуштан алып калдым.
- Сезим, айылда апам жалгыз калды, карай турган эч ким жок, айылга кетебиз, - дедим.
- Эмнеге кетебиз? - ток ургандай селт этти.
- Апам жалгыз, бирөө караш керек,
- Бизден кийин Мирбек бар, ошол карасын, үйдө ким кичинеси болсо ошол карайт.
- Мирбек чет мамлекетте, ал азыр келе албайт.
- Жок, мен кетпеймин, эми иштеп акча таап көнүп калганда, балдарыбыз дагы көнүп калды! Анда сен кете бер, биз калып иштей беребиз! - деп Сезим жиндене баштады,
-Мен кайсы жерде болсом - силер ошол жерде болосуңар! - дедим ачуум келип.
- Канча аракет кылсаң дагы мен кетпеймин! - дегенге түштү, - Кетсең өзүң кете бер, балдарга тийбе, алар мени менен калат!
- Сезим, сен жолугушууга баргандан бери өзгөрүп калдың, мен сени акыркы кездерде түшүнбөй калдым. Кийимдин түрлөрүн кийип көйкөлүп, бош болсоң телефондон бери болбой калдың. Күндө бир убакытка чейин сүйлөшөсүн! Мен сенден шекшинип жатам, сен бирөөнү таап алгансын! - дедим.
- Ал сенин оюң, эртеден кечке жумушка жармашып иштесең, эмнени көрөт элең,
- Иштесем - силерди багамын деп иштеп жатамын,
- Эмне, мен иштебей жатамбы?
- Кана жанагы сүрөттөрүң, өткөндөгү токуп жаткан жүз аарчы кана? - деп ачуум менен сөздү айтып алдым.
- Сүрөттөрдү чыгарып бир досума бердим, көрөйүнчү деген эле. Андай жүз аарчыны көп токуганмын, кайсы бирин айтып жатасын? Жок болсо анда белекке бергендирмин. Шексинсең кете бер, кармабаймын! - деп жиберди,
- Сен ошондой болуп калдыңбы? - деп ачуум келип бир-эки жолу колум менен чаап жибердим.
Ошол күнкү жаңжалыбыз катуу болду.
- Болду, жашабаймын, кете бер - дей берди.
- Балдарыбыз бар, буларды тирүү жетим кылбайлы, - дедим.
- Алар эч нерседен кем болбойт, менин жумушум жакшы, өзүм багып аламын! - деди Сезим.
Күндөн күнгө урушубүз күчөй берди. Жакшынакай турмушумдун бузулуп баратканын сезип, жети өмүрүм жерге кирип жатты. Сезим эч нерсеге көнбөй койду: "Мындан ары сенин алдыңда баяндама бербеймин, каалаганыңды кыл!" - дегенге түштү. Жок жерден кыйыктанып , мени көрсө жүзүн буруп алып жүрдү. Турмушум мурдагыдай болбой калды.
Чет жерде жүргөн иним Мирбекке телефон чалдым: "Сен үйлөнө элексин, айылга келип үйлөн, апамды кара" - дедим.
- Ага, мен жакын арада бара албаймын, жумушум көп, бул жумушту араң таптым. Карап көрөм ага, бирок айталбаймын, - деп телефонду коюп койду.
Бүгүн дем алыш күн болчу, балдар ойноп сыртка чыгып кетишкен эле.
Эшик тыкылдап калды, барып ачсам Сезимдин иниси экен.
- Кел, - деп киргиздим.
Үйгө кирип,
- Эжемди урушуп жатыпсыз, тополоң кылбай эле ажырашып кеткиле, - деди.
- Биздин турмушубузду сен эмес, өзүбүз чечебиз, - дедим - Мен ажырашпаймын, балдар бар, бирок эжеңди тартипке чакырып кой! - дегенимди билем. Экөө эки жактан урушту күчөтүп жиберишти.
- Анда мындай, ким жашагысы келбесе бул үйдөн чыгып кете берсин! - дедим. Ошондон кийин экөөсүнүн жаагы басылып калды. Мен балконго чыгып кеттим.
Арадан бир жума өттү, экөөбүз сүйлөшпөй калдык. Бир күну жумуштан келсем, Сезим баардык буюмдарын алып, балдар менен чыгып кетиптир. Үй ангырап калыптыр, аябай жаман болдум.
"Бул эмне кылганың Сезим?
Ушундай да таш боор болосуңбу?
Турмушубуз жакшы, үй-бүлөөбүз бекем болсун деген аракетим эле. Жок дегенде адамча коштошуп кетсең болбойт беле?
" Ичим өрттөнүп чыкты, өзүмдү коёрго жер таппай, ызаландым, капа болдум. Өмүрүмдө биринчи жолу ичимден эзилип ыйладым. Өзүң жалгыз калган кандай азап экенин ошондо сездим. Ойноп аталап мойнума асылган Айжанды, "Атам чарчап келди, кач" деген Аруукени, өзүм менен тең болуп калган Элдиярды көз алдыма элестеттим. Ээн талаада эрме чөлдө жалгыз калган дарактай болдум.
Эч жерге батпай отурсам, апам конгуроо кылыптыр.
- Бегалы, балам тынчсыңбы, бүгүн түшүмө кирип калыпсын, үнүңдү укканыма шүгүр, балдарың кандай?
- Апа, жакшымын, өзүңүз кандайсыз?
- Мен жүрөм, билесиң да жалгыз экенимди,
- Ананайын апа, мен да жалгызмын,- деп ыйлагым келип кетти, -Апа, жакында акча жиберем, иним Мирбекти айтамын кел деп, ал келбесе анда өзүм барамын апа, - деп көзүмдөн жашым тамчып телефонумду койдум.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев