УУЛ
3-БӨЛҮМ
Директор туулган күнүн шаар четиндеги дачасында өткөрөт экен деп кызматкерлердин баары дүрбөп жөнөп калышты. Кошоматчылары адатынча жүгүрүп кызматын кылып жүрүштү. Ар бири өзүнчө кымбат белек алышыптыр. Канымжан барам деп макулдугун берип алганына аябай бармагын тиштеп өкүндү. Элдей болуп баалуу белек алганга же акчасы болбосо. Куру кол кантип барсын. Эми айдын ортосу болду, али маяна тийчү убакыт келе элек. Кааап, кечээ эле жумуштан чыгып айылга кете бергенде эмне.. Уулу да жол карап зарыгып жүргөндүр. Дайыма чака, чаң сүрткөн чүпүрөк жана башка майда-чүйдө буюмдарды койчу бурчтагы тар бөлмөдө ойго батып отурган Канымжан эшиктин ачылганын да сезбеди.
- Сен эмне бул жерде отурасың? Же эмне сенин чака, шыпыргыңды бирөө уурдап кетеби? Тур кеттик, элдин баары жөнөп жатат. Баятан бери издеп араң таптым сени,- менеджер кыз эшикти чоң ачып чык дегендей ишарат кылды.
- Айзада эже, мен барбай эле коёюнчу. Же белегим болбосо. Туулган күнгө кантип куру бармак элем.
- Койчу ай, ошо да кеппи. Жүр мени менен,- Канымжанды артынан ээрчитип иш бөлмөсүнө кирди. - Тиги столдун үстүндөгү белектердин бирин танда. Кааласаң галстукту ал. Болбосо косметикалык каражаттардын топтомун карап көр. Негизи Эркин Токтогуловичке сенин өзүңдүн барганың деле чоң белек,- кашын серпкен менеджер кыз Канымжанга сырдуу карады.
- Бул өтө кымбат белектер экен. Мен сизге мунун акчасын качан, кантип төлөп берем? Билесиз айлык маянам деле орточо. Мага кам көргөнүңүзгө рахмат, бирок ала албайм.
- Сенден акча сураганым жок. Жөн эле ала бер.
- Мен сизге карыздар болгум келбейт, эже. Эң жакшысы мен үйгө бара берейин,- бурулуп жөнөгөн Канымжандын астын тороп токтотту Айзада.
- Эч кайда барбайсың, көп кыйыктана бербей мени менен жүр. Азыр дүкөнгө, андан ары сулуулук салонуна барабыз.
- Сулуулук салонуна дейсизби?
- Сен эмне директордун туулган күнүнө ушул кебетең менен барасыңбы? Жок дегенде чачыңды жасатып ал. Кокус шеф бийге тартып калбасын.
- Жок ай, ушунча кыздар турсаңыздар пол жууган мени менен бийлемек беле.
- Ат чуркабайт, бак чуркайт дегенди уктуң беле? Сенин багың чуркаганы турат окшойт...
Айзаданын кайра-кайра сырдуу, туңгуюк сүйлөгөнүнө Канымжан анча маани бербеди. Тек гана энесин ээрчиген козудай болуп менеджер кыздын артынан айткан жагына ээрчип жөнөдү.
Сулуулук салонунан чыгып баратып кире бериштеги чоң күзгүгө каранган Канымжан өзүн-өзү тааныбай калды. Бет маңдайында жарашыктуу боёнуп, чачы тармалданган кара тору сулууча келин карап туруптур. Чын эле менминби деп секин эки жагын карады.
- Эми бир жакшы көйнөк, анан шиш такалуу бут кийим керек бизге,- Айзада машинага отуруп түз эле соода борборго жөнөдү.
- Көйнөк керек эмес. Мени туура түшүнүңүз, азыр аны алганга акчам жок,- Канымжан уялып башын жерге салды.
- Мейли, мейли. Мен өзүмө алам, сен мага шерик эле бол.
Чоң соода борбордогу кооз буюмдардан көзүң уялат. Булар түз эле аялдардын кийимин саткан бутикке киришти.
-Эжеке, саламатсызбы! Биз бүгүн мына бу сулуу кызды кийинтишибиз керек. Көйнөк жана ошого ылайыктуу туфли көрсөтүңүз.
- Бул тарапты караңыздар, 2 күн мурда жаңы товар түшкөн. Азыркы мезгилдин акыркы модасы ушул.
Ары-бери тартышып жатып акыры асман түстөгү жакасы, көкүрөгү мончоктуу көйнөктү алмак болушту.
- Баары канча болду?
- 9.000
- Эмнеее? 9.000 дейсизби?- Канымжандын көзү чанагынан чыгып кете жаздады. - Менин бир айлык маянам да буга жетпейт. Кайра илип коё бериңиздер, мынча кымбат буюм ала албайм.
- Бере бериңиз, алабыз. Бут кийимди да кошо салыңыз,- Айзада сатуучу айткан сумманы төлөй салып, Канымжанды чыканагынан кармап жетелеп жөнөдү.
- Эмне эле кайра-кайра акчам жок деп какшайсың? Же мен сенден акча сурап жатамбы? Болду, жетишет. Ашыкча сөз эшекке жүк болот.
Адамдын көркү чүпүрөк деп бекер айтышпайт экен. Жарашыктуу көйнөк, туфли кийип, чачын тармалдаткан Канымжанды көрүп коллективдегилердин баарынын оозу ачылып катып калышты.
- Ме сага, Ак Мөөр эс алат го ыя биздин кызды көргөндө. Пай-пай, укмуш! - кара тору жигит суктанганын жашырган жок.
- Чын эле, көчөдөн көрсөм тааныбай өтүп кетмек экенмин,- жанындагысы да Канымжанды бутунан башына чейин сыдыра карап, шилекейин кылт жутуп койду.
- Болду, болду, кыз көрбөгөнсүп көзүңөрдү кызартпагыла. Бизден алысыраак ойногула,- Айзада ары болгула дегенсип тигилерге колун сермеп, директор отурган стол тарапка басты. Бүгүнкү кечеде элдин баарынын көзү Канымжанда болду. 23кө жаңы чыгып дене бою толукшуп турган келинге тымызын көз кырын салгандардын бири Эркин Токтогулович эле.
Капыстан чоңдордун столуна кошулуп калган Канымжан өзүн ийнеде отургандай ыңгайсыз сезип жатты. Жарытылуу эч нерсе ичип жебеди. Кысынып араң отурганда куттуктоо үчүн сөз кезегин бере салышып андан бетер айласын курутушту.
Ордунан туруп сүйлөмөк болгондо жанындагы бирөөсү колуна арак куюлган идишти кармата койду.
- Эркин Токтогулович, туулган күнүңүз менен! Бекем ден соолукта болуңуз. Дайым жолуңуз ачык болсун,- ушул үч сүйлөмдү айткыча чекеси тердеп, колу титиреп чыкты.
- Кана, кана, сөзүң куру болбосун десең ушуну алып жибер.
- Сөздүн ээси кандай алса, калганы да ошондой ичет.
- Эркин Токтогулович үчүн уу коргошун да ичип жиберем,- директорго кошоматтангандар туш тараптан жаалап жиберишкенде Канымжан шашылыш ичип жиберди. Тамагы ысып, ашказаны куйкаланып кеткендей болду. Кийинки сөз сүйлөгөндөр да утуру кыстап жатышып бир топ ичирип коюшту. Бир убакта башы ооруп, кускусу келип чыкты. Ордунан туруп баратканда жер көчүп, жанындагы адамдар кыйшайып кеткенсиди. Колунан кармай калган Айзада акырын жетелеп жөнөдү. Мас болуп калганын сезип турса да, өзүнө өзү ээ боло албай денеси талыкшып, акылы тумандап баратты. Экинчи кабатка араң чыгып диванга кулады. Көзүн ачканга дарманы келбей, өлүк сымал жаткан Канымжанды карап туруп Айзада мыйыгынан жылмайды.
- Буйруса план ишке ашты.
Бөлмөнү сыртынан кулпулады да, кайра сыр бербей келип өз ордуна отуруп калды. Теше тиктеп жооп күтүп турган директорго "баары жайында" дегендей жай гана баш ийкеп койду.
Келген коноктордун арты түнкү саат 1ден өтүп тарады. Столдорду жыйнап, тазалап жүргөн 2 аялдан башка Айзада менен Эркин Токтогулович гана калды.
- Бул туурасында эч ким билбесин. Эгер оозуңдан чыкса менден жакшылык күтпө. Азыр тиги аялдарды үй-үйүнө жеткиргин да, өзүң эрте менен 6да келип Канымжанды алып кетесиң.
- Айтканыңыздай болот, Эркин Токтогулович,- Айзада бутунун учу менен басып ылдый түшүп кетти.
Эшиктин шырык этип ачылганынан Канымжан ойгонуп кетти. Башы дагы деле сынып кетчүдөй ооруп жаткан экен. Көзүн чала ачып босогодо турган эркек кишинин сөлөкөтүн көрдү. Арбайган караан өзүн көздөй уламдан улам жакындап келатты.
Уландысы бар...
Комментарии 48