Ирсалат Акпарова
8- БӨЛҮМ
Самолёт улам көтөрүлгөн сайын мени кыйнаган көйгөйлөр Москвада калып калгандай сезилди. Рейс түнү учканы үчүн балдар чарчаган окшойт, бат эле уктап калышты. Эмне үчүн кечигип калгандарын сурамакчы болдум эле. Балдардын айылга барышы тууралуу Сезим билгенин Элдияр бир жолу телефондо айткан.
Көп саатык учуу менен таңга убак жерге кондук. Аэропорттон ары таксиге отуруп, туулган айылыма жол тарттык.
Убакыт зымыраган куш экен, туулуп өскөн айылымды көрбөгөнүмө көп жыл болуптур. Турмуш кандай татаал тиричилик деп кайда гана барбайсын. Жашоонун мыйзамы ушундай экен,, жашоо үчүн күрөшүүгө жердин кайсы жери болбосун иштегени кетет экенсин.
Бара жаткан машинанын айнегинен кирген таза аба, салкын жел жүзүмдү аймалап бара жатты. Балалык кезим өткөн жеримди көрүп көңүлүм көтөрүлдү.
Бийик тоолор, жашыл арчалар, шаркырап аккан сууларды, жайкалган шиберлерди көрүп машинадан түшүп аралап баскым келди. Биз ойногон талаалар, окуучулук күндөрүм өткөн мектебим, баары көзүмө жылуу учурады. Ушулардын баары "туулган жердин топурагы - алтын" деп аталат турбайбы. Элдияр да өзүнчө сүйүнүп бара жатты. Ааруке үчүн бул жерлер бейтааныш эле. Жолдун тегиздигинен машина зуулдап бара жатты. Көптөн бери келбегениме айылыбыз өтө өзгөрүп кетиптир. Сагынган айылыма да жетип келдик. Машинадан түшүп, сумкаларды алып үйгө кирдик. Апам жумуш жасап короодо жүргөн экен. Алыстан тааныбаган үчүн, кимдер экен дегенсип бизди карап туруп калды. "Апа биз келдик!" дегенде үнүмдөн таанып бизди утурлай басты.
Айланып кетейиндер келгиле! Көрүшүп жатып көзүнө жаш ала түштү.
"Келем деп айтпайт белең?" деди кейип. Элдиярды өзү баккан үчүн кайра - кайра өөпкүлөдү. Аруукени бир жашында көргөндөн бери эми көрдү, "Татына болуп чоңоюп калыптыр" деп сүйүнүп калды.
Ал күнү баарыбыз чогуу болуп кобурашып эле калдык. Сезимдин кетип калганын апам билчү эмес. Угуп аябай кайгырды, "Аял киши турмушу туруп ошенткени жакшы эмес, анын бул кылганын эч качан кечире албасам керек. Кандай ошол жолго барды? "Турмушка чыкканы балдарды көзгө илбегени.." деп кайгыра берип ооруп калды.
Эне экен, балдарды ойлоп аябай капа болду.
Иним Мирбектин үйүнө кирип жүрөгүм эзилди, ал дагы турмуштан жолу болбой бул дүйнөдөн кете берди.
Турмушта бир-бирин колдоп, түшүнүп, жакшы көрүп, жашаса гана үй-бүлөө бекем болоорун жашоо өзү көрсөттү.
"Чет жердеги кызы менен жашай бербептир" деп кийин өкүнүп калдык.
Билинбестен арадан бир ай өттү. Ал аралыкта балдар Сезим менен сүйлөшүп турушту. Бир күн эшиктен кирсем Элдияр апасы менен сүйлөшүп жаткан окшойт, ыйлап алыптыр. Менин киргенимди сүйлөшүп жатып сезбей калды: "Баргым келбейт ал үйгө!" деп жатыптыр. Сөзүн бөлүп койбоюн деп акырын чыгып кеттим.
Ал күнү маанайы жок, биз менен да сүйлөшпөй бөлмөсүнө кирип кетти.
Ортодо балдар эле кыйналды, аны ойлонуп ичимден сызып кеттим.
Үйгө келгенден бери короо жумуштардан бошой албай алаксып кеттим.
Каникул бүтөөрүнө саналуу күндөр калган. Мен Элдиярдан кандай сөз чыгат деп күтүп жүрдүм.
- Ата, биздин окуу ачылышыга аз күн калды, биз кетишибиз керек, - деди.
Жүрөгүмө бир нерсе сайылгандай болду.
- Элдияр, мага айтчы чыныңды, силер кайсы жакта окугуңар келет? Сен кайсы жакты каалайсын? - деп сурадым. Мени капа болуп калат дедиби, унчукпай туруп калды.
- Айта бер балам, мен капа болбоймун, сенин каалаганыңды кыламын, - дедим.
Көпкө унчукпай туруп:
- Москвага кетебиз, - деди.
Колумдан бир нерсе түшүп кеткенсип туруп калдым. Башка сөз сураганым жок.
- Макул, силердин каалоңорду аткарамын. Сага айыл жакпадыбы?
- Жакты, бирок... - деп унчукпай туруп калды.
Дароо түшүндүм, апасы болбой койду окшойт. Мен го чыдай берем, апам неберелери кетебиз дегенин билсе кантет деп ойлонуп калдым. Апамды капа кылбаш үчүн "балдар окууну бир мектептен бүтсүн, кийин көрөбүз" дедим. Апам туура түшүндү: "Кайсы жерди каалашса мен ошого макулмун, кийин балам өзү келет" деп Элдиярдын бетинен өптү.
Арадан бир жума өтүп, балдарга билет алдым. Аэропортко алып барып стюардессаларга дайындап салып койдум. Аэропорттон Бакыт күтүп алып, үйлөрүнө жеткизип койо турган болду. Ошентип балдарды учуруп жиберип, апам экөөбүз кала бердик.
Жашоонун максаты бала экенин сездим. Жашоодо эң жаманы ата-энеси түрүү туруп балдардын жетим болушу. Адамдар кандай жаманбыз, баланы ойлобой өзүбүздү ойлойт экенбиз. Мен мындайды жаныбарга дагы каалбайт элем. Өзүбүздө адамдык сапат болбоюнча түрүү жанга, жаратылышка, жаныбарларга да кыянатчылык кыла берет экенбиз.
Балдардын жетип алганын билип, жаным жай алып калды.
- Айылдагы кыз келиндерди караштыр, эми үйлөнүшүң керек.- деп калды апам.
- Апа, мен Мирбектин турмушун кайталагым келбейт. Азырынча мага эч ким керек эмес, үйлөнгүм келгенде өзүм сизге айтамын, - деп апамдын көңүлүн улап койдум.
Өзүмчө айылдагы кыз -келиндерди караштырып көрдүм, жашап кетишиме көзүм жетпеди.
Күз айы өтүп, кыш келди, кышты узатып жаз келди. Билинбестен арадан бир жыл өттү. Айылда жумуш жок кыйналып кеттим. Апама мен иштеп акча салчымын, эми акча сала турган адам жок. Агаларымдын салганы баарына жете бербейт экен. Элдияр окууну бүттү, эркек бала баари бир атасына тартат окшойт, сырттан окуй турган бөлүмгө тапшырып биздин алдыбызга келип калды.
Апамдын колунда өскөн үчүн сүйүнүп эле калды. Апамды Элдиярга таштап, акча табуу үчүн Москвага кеттим.
Акчасы жакшы, көнүп калган өзүмдүн иштеген заводума жумушка орноштум.
Мен айылда жүргөнүмдө Света менен байланышып турган элем. Менин келишиме орун даярдап койуптур.
Кайтып келгениме Света дагы кубанды. Көнүп калган жумушумду кайра баштадым. Ал убакта Сезимден бир да кабар болбоду. Сагынганда Арууке менен Айжанды тез-тез көрүп турдум.Бир күну жолдо бара жатып Адинайды көрдүм,
- Сизди кетип калды деп уктум эле, - деди.
- Ооба, кетип кайра келдим.
- Сизге сүрөттөрдү ким жибергенин тактап кийин билдим, Жанара жибериптир, - деди.
- Көрсө Жанара сизди өзү жактырып жүргөн экен. Аны мен кайдан билейин, анын баарын сиз кеткенден кийин билинди. Жанараны билесиз да, мени менен бирге иштеген кызчы? - деп калды.
Жакшынакай кызды эстедим. Ал кезде Адинайдан башкасын көрбөй калган экенмин.
- Ал сүрөттү менден башкасы көрсө деле кайрылып сага келбейт эле. Өзү жоктун көзү жок деп, каалагандай кылган кызды ким жактырат? Сенин башкалар менен кучакташып, жарым жылагач болуп түшкөн сүрөтүңду менин дос балдарымдын баары көрсө, анан сага кантип үйлөнөмүн? Сен мени сыйлабасаң - сени кантип мен сыйлаймын? Кана ошол Жанара? Мен эми таанышайын ал кыз менен, - деп сурадым.
- Ошол окуядан кийин экөөбүз урушуп кеттик, аны жумуштан бошотуп койдум, - деди.
- Каап, жаман болду кайдан тапсам болот?
- Анда жакшы иште, ишиңе ийгилик, теңиңди таап, бактылуу бол. - деп Адинай менен коштошдум.
Жолдо бара жатып ошол кезди эстедим. Адинайдын жанында жакшынакай кыз иштечүү, ойлоп көрсөм ошол экен. "Ал күнү ким экен" - деп кайра - кайра конгуроо кылсам жооп бербей койгон эле, балким ошондо жооп бергенде анын оюн дагы билип калат белем. Турмуш буюрбаса ошондой болот окшойт.
Ар бир нерсенин жоопкерчилиги болот экен.
Мурдагы коңшум Темирланды бир таанышымдан уктум, машина уруп кетип майып болуп калыптыр. Салкынга кылган кылмышына жооп алыптыр деп ойлоп койдум.
Кантсе да жакшы болуп түзөлүп кетсин деп тилек айтып койдум.
Москвага келгениме бир канча ай болду. Таанышкан кыздардын максаты оюн куруу, убакыт өткөрүү экен, алардын оюнда турмуш куруп бактылуу болойун дегенин кезиктирбедим. Бир гана чогуу иштеген Света турмушка олутту карай турганын түшүндүм. Канча жыл болсо - ошончо жылдан бери жаман жагын көрбөдүм. Света мени жактырышын сезчүмүн, жаман кыз эмес, өзү сулуу келген, жумушун мыкты билген кыз. Бир күнү жумуштан чыгып аны чайга чакырдым. Экөөбүз кафеге бардык, бирге отуруп тамактандык. Баары тарабы өзүнө топ келген кыз. Сүйлөшүп отуруп баласы үйлөнгөнүн айтты.
- Эми бош экенсин да? - деп шылтоолоп суроо бердим.
- Ооба, бошмун - деп жылмайды.
Светанын жылмаюсу мага жооп болду, анын деле мага сезими бар экенине көзүм жетти. Улам берген суроома жылмайып жооп берип жатканы мага чоң түрткү болду.
- Мага турмушка чыгасыңбы? - деп суроолуу карадым.
Света уялгансып жерди карап калды, бир аздан кийин башын көтөрүп:
- Чыгамын. - деди.
- Бирок бир талабым бар, мусулмандыкты кабыл кыласынбы?
- Албетте кабыл кыламын, - деди.
- Анда мага дагы эмне керек? Баары ойдогудай экен, - деп чечим кабыл алдым.
Ошол күндөн баштап бир гана Света бардай сезилди. Аны сынап бир канча ай өттү. Светанын жасаган жумуштары, өзүнү алып жүрүүсү жакты.
Апама конгуроо кылып, баарын түшүндүрүп айттым, эгер макул десеңиз үйлөнөмүн дедим. Апам башында "орус экен" деп көнбөй койду. Кийин ойлонду окшойт.
- Бегали, өсөөрүмдөн өлөөрүм аз калды, сен бактылуу болсоң болду. Мен Элдиярды үйлөп, чогуу жашай беребиз. Негизгиси сени жакшы көргөн аялга үйлөн, ошондо бактылуу болосун, - деп апам өзүнүн акыл-сөзүн айтты.
Билемин Света мени жакшы көрүшүн. Апам менен сүйлөшүп, жүрөгүм толуп калды.
Эмне кылайын? Балдарды жетим кылбайлы деп Сезимди ушул убакытка чейин күттүм. Балдар айылга барганда балдар үчүн келсе керек деп ойлогон болчумун. Ал убакта Сезим балалуу болуп, өзүнүн бактылуу турмушунан кайтпады. Бактылуу болсо болгондур, билбеймин алдында аны эмнелер күтүп турат. Ошентип жашап жатса күтө албаймын, мен дагы бактылуу болушум керек. Негизгиси Элдияр өзү мени тандап келгени жетиштүү. "Кыздар чоңоюп калса - турмушка өзүм узатамын" деп чечтим.
Бүгүн күндөгүдөй жумуш күн, кечке жумуштан чыгып Светанын алдына бардым. Ал өзгөчө сулуу болуп калыптыр.
- Бегалы, бир жерге чай ичкени баралы, - деди.
-Кеттик, - деп эң жакшы ресторанга алып бардым. Тамакты буйуруп коюп сүйлөшүп отурдук, мен өзүм деле акыркы кездерде Светаны жактырып калганымды сездим. Назик, тиктеген адамлы өзүнө тартып турат экен. Бир убакта мага бир коробканы берди:
- Эмне бул? - десем,
- Ачып көр - деди
- Кызык, эмне экен? - деп ачсам ичинде токулган ак жүз аарчы экен.
- Сен ак жүз аарчыга татыктуу болбой калдым деп капа болдуң эле. Ошол бет аарчыны мен сага берейин, өзүм токуганмын - деди.
Карасам жакшынакай бет аарчы экен.
- Рахмат, мындай болот деп күтпөдүм эле. Эми чындап эртең үйлөнөмүн! - деп экөөбүз каткырып күлдүк.
Үйгө узатып жатып апакай жүзүнөн сүйдүм. Ошол кечте үйгө кубанычтуу кайттым. Эртеси Светаны мечитке алып барып, нике кыйдырттым. Ошентип менин бактылуу күндөрүм башталды. Чыныгы бактымды Светадан таптым. Башка улут менен жашоо жакшы болбосо керек деп ойлойт элем. Бирок жашоодо бир-бирини сүйсө гана турмуш жакшы болушун сездим. Эки үч ай өткөндөн кийин Светаны алып айылга бардым.
Бир жума жүргөндөн кийин апам да келинине көнүп калды.
- Жаңылбапсын балам, бактылуу болгула! - деп бата берди. Света деле колунан келген аракетти жасап жатты. Кийин айылга келишибизди эскерттим, "Албетте келебиз" деди. Элдиярды өзүнүн баласындай жакшы көрүп, шаарга кеткенге чейин балам деп жүрдү.
Арадан айлар өттү, бизде кубанычтуу жаңылык болду, биз наристе күтүп жатабыз.
Улут адам тандабайт. Негизгиси адам болуу керек экенин айтуу менен ушул чыгарманы соңуна чыгамын.
Аягы...
И.Акпарова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 274
Ден соолук каалайм
Сооонун чыгарма.экен
Адамдар ажырашпаса.экен