____________________________________________
Бир кыз турмушка чыгып айылда жалгыз жашаган кайненеси менен биргеликте туруп калышат. Турмушка чыкканына бир жума боло элек жатып келини кайненеси менен бир түндүктүн алдында жашоо мүмкүн эместигин түшүнөт. Анткени экөөнүн мүнөздөрү бири-бирине терс келип, келин кандай иш аткарса да энесинин көңүлүнө толбой: бул нерсе туура эмес, тигини тетири жасаптырсың деп эптеп шылтоо таап кагып-силке берет. Келин күйөөсүн өтө жакшы көргөндүктөн кайненесинин ʺбөйрөктөн шыйрак чыгарганʺ кыялына чыдап жүрө берет. Арадан төрт ай убакыт өткөндөн кийин кайненесинин заар тили менен жемесинен тажаган келини айласы кетип, ошол чөлкөмдө дары чөптөрү менен атагы таш жарган табып аялга барат. Апакай кийинип отурган табыптын бет маңдайына келген келиндин көздөрүнөн жаш тамчылап:
- Касиетиңден айланайын эжекебай! Мени бир балээден куткарыңыз. Мен үчүн жашоо токтоду. Кайненем кактабай канымды соруп өлтүрмөк болду. Болду мен чыдай албайм! Кайненемдин жанын тынчытайын деп чечтим. Ал мастанды билгизбей өлтүрө турган дары бериңизчи,-деп буркурап ыйлайт.
Келинди жалооруп караган табып аял жанындагы текчеде турган кичинекей айнек кутудагы көк дарыны колуна алып, бечара болуп отурган келиндин башынан сылап:
- Кызым... Баары кудайдан... Бирок мен сенин арманыңды жеңилдетким келди. Сен жапжаш кыз экенсиң. Кайненең болсо өмүрдүн ширин сууларын эчак эле татып койгон экен. Сен жашашың керек. Жалаң уулуу чөптөрдөн жасалган бул дарыны кайненеңдин тамагына күн сайын эки ирет кошуп тур. Бирок дарыны аз-аздан кошушуң керек. Анан кайненеңдин өлүмүнө сенин тийешең бар экенинен эч ким күмөн санабашы үчүн энеңе 3 ай бою абдан жакшы карагын. Анын айткандарын каяша кылбай аткарып, тилин угуп, жакшы көргөн тамактарын жасап берип, үстү-башына көңүлүңдү буруп карагын. Анан толук 3 ай өткөндөн кийин бул уу таасирин берип кайненең келбес жакка кетет,- деп батасын берип узатат.
Ал күнү келин үйүнө маңдайы жарыла сүйүнүп кубанычтуу келет. Ошол күндөн тартып кайненеси жакшы көргөн тамактарын буркурата жасап уудан тамчылатып кошуп бере баштайт. Кайненесин көрсө кабагын түйүп отурган мүнөзүн жадыраган күлкүгө айлантып, табып айткандай анын тилинен чыкпай, бардык иштерди майын чыгара жасап, кайненесине өз энесинен артык кам көрүп баштайт. Капталында ажал тооруп турганы менен иши жок кайненеси келининин бир заматта өзгөргөнүнө жетине албай, урушканга да шылтоо таппай келинди өз кызынан артык көрүп мээримин төгө баштайт. Келини да энесинин минтип жакшы жагына өзгөрүп кетерин күтпөгөндүктөн өзүнүн тамакка уу салып берип жүргөн кылыгына катуу өкүнөт. Күндөн-күнгө жылдыздары келишип, өз энесиндей эркелетип кеп-кеңешин айтып отурган кайненеси аз күндө уу дарынын айынан каза болорун ойлоп эси чыгып коркот... Акыры катуу беймаза болуп жаны жай таппаган келин кайра боздоп ыйлап табыпка келет да:
- Касиетиңизден айланайын эжеке! Мен баарын түшүндүм! Акмак болуптурмун. Кайненемдин өлүмүн каалабайм! Курган башым жаңылыштык кетириптирмин. Мүмкүн болсо энекемди сактап калыңызчы. Сиз берген уу дарынын таасирин жогото турган дары бериңизчи,- деп жалбарат. Келиндин жоругуна ыраазы болуп жылмайган табып:
- Кызым... Турагой, айланайын. Мындан эки ай мурда сага берген дары уу эмес болчу. Ал жөн гана тамакты жакшы сиңдире турган татымал болчу. Чыныгы уу дарыда эмес, сенин жүрөгүңдө болчу. Көрдүңбү сен энеңе жакшы карап баштаганда, ал дагы сени жакшы көрө баштады. Эгер сен адамдарга жакшы көрүнөм десең, анда сен өзүң биринчи ошол адамдарды жакшы көрүшүң керек экендигин эч качан унутпагын. Эми баары жакшы болот. Анткени жүрөгүңдөгү уу тазаланыптыр,- деген экен.
Кимдир бирөөгө гүл сунган кишинин колунда милдеттүү түрдө гүлдүн жыпар жыты калат... Ар бир келин эртең эле кайнене болот.
------------------------------------------------------
Ошондой эле ушул сыяктуу үлгүлүү чыныгы жашоодон алынган дагы бир окуяны айтып өтбөсөк болбос, анда сөзьбашынан болсун:
Бир ирээт күйөөсү аялына кечинде ресторанга барып тамактанып келүүнү сунуштайт.
- Жок, мен барбай эле коёюнчу, менден да татыктуу бир аял бар, ошону ресторанга чакырбайсызбы? - деген аялына таң кала караган күйөөсү:
- Кайсы аял туралуу сөз кылып жатасың? Мен андай эркектерден эмесмин, башка аялдар менен жүргөн. Мен сага тамактанып келели десем, сен мага башка аял менен бар дегениңди кандай түшүнсө болот?
Тамашаңбы же чыныңбы? Же мени бузуку деп ойлоп жатасыңбы?
- Жок мен сени бузулган деген жерим жок. Менден башка аялды деп, апам туралуу айтып жатам. Сен баласы болгондон кийин апамды алып барып, тамактанып, апамдын көңүлүн көтөрүп койгонуң дурус болоор?...
Элестетип көргүлө эми ушул абалды, кандай сонун абал, кандай гана АЛЛАХТЫН Мээрими ыроолонгон абал. Мен бүгүн сени менен ресторанга барбай эле коёюн, себеби сен апаңды ал жерге алып барып, апаңдын ыраазычылыгын ал деген келиндин сөзү
канчалык мактоого татыктуу жана Аллахтын алдында сүйүүмдү...
- Чынында, сен апама көптөн бери көңүл бурбай, байкуш апам унутта калгансыйт. Ошол себеп, бүгүн апамды тамактанганы алып барып сейилдеп көңүлүн алып кел. - деген аялынын кебин угуп күйөөсү.
- Аллах сени жакшылыгы менен сыйласын деп,
апасына телефон чалат.
- Апа азыр мен сиздикине бара жатам, жакшынакай көйнөгүңүздү кийип даярданып туруңуз. Ресторангатбарып чогуу тамактанып келели. Жок апа экөөбүз эле.
- Чын айтып жатасыңбы балам же тамашаңбы?
- Тамаша эмес апа. Даярданып туруңуз азыр барып калам. Баласы апасынын үйүнө жетип экөөсү тамактанганы барышты. Ал жерден чыккан соң апасы, менен баласы бак аралап сейилдеп, көпкө чер жазышып сүйлөшүп отурушту. Ошол күнү апанын жүрөгү сүйүнүчкө толду. Ал үчүн ушинтип, баласы менен сейилдеп, баласынын жанында жүрүү өтө чоң
ырахат эле. Ресторанда эмес кара жерде
тамактанышса да, ушундай көңүл бурса, эне жүрөгү кандай кубанаар эле. Ошол күн эне үчүн эң кубанычтуу күн болду. Баласынын бул сыйына ыраазы боло, Жараткандан жакшылык тилеп, баласына ак батасын берди.
- Колум бошогондо дагы ушинтип тамактанууга барып туралы апа макулбу?
- Жок балам, эми мен сени чакырам, ошондо сен кел эми ресторанга макулбу?
- Жок уят эмеспи мен чакырам.
- Анын эч оорчулугу жок мен үчүн - деп апасы баласы менен ажырашкан экен. Арадан айлар өтүп баласынын жумуштан колу бошобой жүрүп, энеси бул дүйнөдөн көзү өтүп кетти.Энесин жерге жашырып, арадан дагы
бир жума өткөндөн кийн, балага эки кишилик
ресторанга чакыруу кагазы келди. Кимден келди экен - деп таң калган баласы, аялын ээрчите, так ошол апасы менен барган ресторанга да келе калышты. Ал жерде иштөөчү кызматкерлер, тамакка кошо энесинин жазган катын алып келип беришти. Ал жерде мындай сөздөр бар эле: - Уулум сени бул жерге чакырайын десем эч эле колуң бошобой жатат. Сенден Аллахым ыраазы болсун. Аллахтын алдында берген убадама
турайын деген ой менен ордума келинчегиң менен тамактанып кетсин деп сени бул жерге чакырып отурам. Менин ордума келинчегиңди ушул жайга чакырууну эп көрдүм. Ал байкуштун да балдар мененталек болуп эшике чыкканга да убактысы болбой
жатканын баамдап жатам... Мени ойлоп көңүлүмдү көтөргөнүңө мен ыраазымын. Аллах силерден ыраазы болуп, силерди жакшылыгы менен сыйласын...
Мына туугандар, эми ойлонуп көрөлүчү! Үйлөнгөндөр, же үйлөнө электер баарыбыз эле кимибиз энелерибизди ресторанга тамактанганы чакырып, көңүлүн көтөрдүк? Бизди ушунча даражага жеткирген апалардын ак сүтүн, ак эмгегин актоо мумкун эмес,
ошондой болсо да актоого аракет кылдыкпы?.. Азыр да кеч эмес тууганым, көзү тируу болсо көңүлүн көтөрүп кызматын кыл, көзү өткөн болсо Жараткандан Жаннаттык кылышын тилеп дуа кыла жүр.
Урматтуу *мусулман бир туугандар*, эгер сиз бизден жарыяланган маалыматтар аркылуу илим алып жаткан болсонуз, ал маалыматтарды башка мусулман бир туугандарыбызга жеткирип же бөлүшүп турууңуздарды суранабыз. Аллах алган илимдерибиздин баарына амал кылуучулардан кылсын, ин шаа Аллах !
▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁
🔎 *БИЗГЕ КАТТАЛЫҢЫЗДАР:*
✿ _*Одноклассники:*_
↪ ok.ru/amanat.media ✿ _*Инстаграм:*_
↪ https://instagram.com/amanat.media ✿ _*YouTube:*_
↪ http://youtube.com/c/AMANATMEDIA ✿ _*Ватсаппка катталуу үчүн:*_
📲 http://wa.me/996778338393 ▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁▁
*АМАНАТ МЕДИА* - диний баракчасы


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев