БӨТӨН ЖЕРДИН БУУДАЙЫ 4-болук
Түшүмдө Жумалы байке пакетке салынган аракты Бекболотко берип: – Эрмекке бер, баарын ичсин, жанында карап тур,- деп жатыптыр.
Бекболот аракты стаканга куюп, мени көздөй басты. Мен аракты алайын дегенде ортобузда чоӊ суу пайда болуп, Бекболот сууга түшүп кетти. Суу баткак экен, чыга албай жатат, ошону менен ойгонуп кеттим. Саат жетиден өтүп калыптыр, телефонду текшерип көрдүм, Бекболот эч ким менен сүйлөшпөптүр.
Өчүрбөй эле үнүн катуу чыгарып жаныма коюп койдум. Саат 10до Бекболот машинасын жүргүзүп бир жакка жөнөдү. Бирөөгө чалып:
– Мен келдим, каякта турасыӊ? Аа, көрдүм, бол тез,- деп телефонун өчүрдү.
Бирөө келип машинага отурду:
– Тынччылыкпы, эмне мынча