Предыдущая публикация
Беш күндүгүн мага арнап койгон Апам.
Беш ойготуп, беш ыйлаган таңдар аткан.
Бардыгына кайыл болуп кызым деген.
Айланый асыл энем сендей жандан.
Болдумбу, билбейм сенин каалаганың.
Кечиргин атымды көп кайталаттым.
Бул дүйнөдө эң негизги бактым билем,
Өзүңө перзент болуп жаралганым.
Тааныттың бүт ааламды, жаратканды.
Үйрөттүң жакшы жаман, ак караны.
Тарбияныз башымдагы тажым кылып,
Ойлоп таштайм ар бир койгон кадамымды.
Пайгамбардын (с.а.в) жашы куттуу болсун Апам.
Бул жашыңдан көптү сурап, дуа кылам.
Ырыс болуп, үйүм кутка бөлөп турсаң,
Бул жалганда эч нерседен коркпой жашайм.
АВТОР:АСАН БАДИРДИН УУЛУ.

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 5