Чыга албай, санаанын сапарынан,
Башты ийип, турмушка айласыздан.
Жан үрөп, иштеп балдарың үчүн,
Сыз өтүп, кыйналдың таманыңдан.
Азап чегип, жазылган тагдырыңдан,
Бир өксүп, кыйналдың ээ асыл апам.
Кээ күнүңө, түңүлүп кетчү элең,
Көрчү эми, жыргалды балдарыңдан.
Сансыз түйшүк, көтөрүп турмушуңдан,
Жүдөп кеттин, жан энем жамалыңдан.
Жер көтөрүп, тура алгыз азабыңды,
Ичтен ыйлап, жүрөгүмдөн туюп турам
Колдон келсе, кайтарып жаштыгыңды,
Бергим келет, жоготкон жылдарыңды.
Айла жок, үнсүз сөзсүз тиктеп турам,
Бубак тартып, ак баскан чачтарыңды.
Тартың,канча беш балаңдын азабыны,
Бешөө үчүн,түркүн ойлор санааларды.
Алтын апам, жүрсөң экен дайыма,
Шаңга бөлөп, толуктап сен арабызды.
Акыл айтып, берет күндө насаатыны,
Оңдоп дайым, миң кылган катабызды.
Биз дагы, билсек экен сендей болуп,
Бала багып, алтын энем кадырыңды.
Бейишим сен, өпсөм апа таманыңды,
Анда неге, карап жүрөм асманымды.
Апа сени, ыраазы кылсам экен,
Койуп туруп: дүйнө деген заманымды.
Апа сени ыраазы кылсам экен,
Койуп туруп: дүйнө деген заманымды.
Автор: Айсалкын Алибаева
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 11