✔ *СЕН АЛЛАХТЫН НЭЭМАТТАРЫНА ШҮГҮР КЫЛЫП, АГА МАКТООЛОРДУ АЙТАСЫҢБЫ?*
🌱- Аллах Таала адам баласына эсепсиз нээматтарын берди. Аларды эсептей турган болсок, эч качан эсептеп бүтө албайбыз.
Ал Өзү гана ырыскы Берүүчү жана эсепсиз нээматтарды Берүүчү. Аллах Таала Куранда мындай деген:
*📖-«Эгерде силер Аллахтын нээматтарын эсептей турган болсоңор, анда Анын нээматтарын эч качан эсептеп бүтө албайсыңар!».* (Ибрахим сүрөөсү, 34-аят)
🌱-Чындыгында Аллах Тааланын берген нээматтары өтө көп. Мисалы: Салиха аял – бул өзүнчө бир нээмат. Ошондой эле бала-чака, үй-бүлө, жакшы достор, жакшы жумуш, чын ден-соолук, жана башка ушуга окшогон жакшылыктардын баарысы биз үчүн нээмат болуп эсептелет.
🌱-Мына ошолордун арасынан адам баласына берилген эң чоң нээмат – Бул Алллах Таала аны мусулман кылып жаратуусу.
🌱- Ошондуктан Аллах Таала бизди мусулман кылып жараткандыгы кандай гана чоң бактылуулук. Мусулман адам эки дүйнөдө тең бактылуу болот. Бул дүйнөдө Аллах Таала аны Өз коргоосуна алат жана ага Анын ырайымы, мээрими болот. Ал эми Акыретте ал үчүн көз көрбөгөн, кулак укпаган жана адамдардын кыялына да келбеген түбөлүктүү жыргалчылыктар болот. Мусулмандар үчүн бейиште ар түрдүү жыргалчылыктар бар. Күнөөкөр мусулмандар да кылган күнөөлөрүнө жараша тозокто азапталып чыгып, бейишке киришет. Мына ошондо ар бир каапыр кана эми мусулман болуп калсам деп аттиң кылып түбөлүк тозокто кала берет.
*🌺-НЭЭМАТТАРГА ШҮГҮР КЫЛУУНУН ПАЗИЛЕТТЕРИ*
1. АЛЛАХ ТААЛА КӨБӨЙТҮП БЕРЕТ
Аллах Таала Куранда мындай деген:
*📖-«Эгерде шүгүр кыла турган болсоңор, анда Мен силерге көбөйтүп берем».* (Ибрахим сүрөөсү 7-аят)
🌺-2. АЛЛАХ АНДАН ЫРААЗЫ БОЛОТ
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, айткан:
*📜-«Кайсыл бир пенде тамактанып жана суусундук ичип бүткөн соң Аллах Таалага мактоо айтып шүгүр кыла турган болсо, анда Аллах андан ыраазы болот».* (Муслим)
🌺-3. АГА БЕЙИШТЕН ҮЙ КУРУЛАТ
Пайгамбар, саллаллаху алейхи уа саллам, мындай деген:
*📜-«Эгерде бир адамдын баласы бул дүйнөдөн кайтыш болсо, Аллах Таала периштелерден сурайт:*
*- Менин пендемдин баласынын жанын алдыңарбы? Анын сүйкүмдүү баласынын жанын алдыңарбы?*
*- Периштелер: «Ооба» - дешет.*
*- Аллах: «А пендем эмне деп калды» - деп сурайт.*
*- Алар айтышат: «Пендең Аллах берди, кайра Өзү алат, баарыбыз Аллахка кайтабыз деп, Сага мактоо айтып кала берди.*
Мына ошондо 📖-Аллах Таала айтат: *«Менин пендеме бейиштен бир үй кургула да, ал үйдү «Мактоо үйү» - деп атап койгула».* (Тирмизи)
🌺- Урматтуу мусулман бир тууган! Аллах Таала сени мусулман кылып жаратканына шүгүр кылып, Ага мактоо-шүгүрлөрдү айтасыңбы? Анткени мусулман бейиште түбөлүк калат, ал эми каапыр болсо, тозокто түбөлүк калат. А эгерде Аллах Таала сени каапыр кылып жаратып койгондо, эмне кыла алмак элең? Канчалаган адамдар Аллах Тааланын Жалгыз Кудай экенине ыйман келтирбей жүрүшөт. А Аллах Таала сени Өзүнө ыйман келтирген мусулмандардан кылып жаратып койду го!
🌺- Ошондуктан урматтуу мусулман бир тууган! Эгерде сен буттарга, уйларга сыйынбай жана крес тагынып чиркөөгө каттабастан, жалгыз Аллах Таалага гана сыйынып жүргөн болсоң, анда «Оо, Раббим! Сен мага берген нээматтарга шүгүр кылууну насип эткин!» - деп дуба кылгын.
🌺-Эгерде жакшылап ой жүгүртүп карай турган болсоң, анда Аллах Таала сага башкаларда жок нээматтарды бергенин көрөсүң. Карачы, бутуң менен аман эсен басып жүрөсүң, колдоруң менен каалаган жумушуңду аткарып жүрөсүң, көзүң менен каалаган жакты карап көрүп жатасың. А канчалаган адамдар бар, колу-буту иштебей шал болуп үйдө жатышат. Канчалаган адамдардын көзү көрбөйт. Айта берсек мындан башка дагы нээматтар канча?! Мына ошондуктан урматтуу мусулман бир тууган! Аллах Таалага көп-көп шүгүр-мактоолорду айт!
*🌺-НЭЭМАТТАРДЫ САКТАП КАЛУУНУН СЕБЕПТЕРИ*
1. ШҮГҮР КЫЛУУ
Эгерде адам баласы өзүндөгү нээматтарды сактап калууну кааласа, анда ал нээматтарга шүгүр кылуусу керек. Анткени ал шүгүр кылуусу менен ал нээматтарды сактап калат. Балким ал адам шүгүр кыла турган болсо, анда Аллах Таала ал нээматтарды эсе-эсе кылып көбөйтүп берет. Бул туурасында 📖-Аллах Таала мындай деген:
*«Эгерде шүгүр кыла турган болсоңор, анда Мен силерге көбөйтүп берем».* (Ибрахим сүрөөсү 7-аят)
Мына ошондуктан шүгүр кылуу нээматты сактап кала турган эң негизги себеп болуп эсептелет.
🌺- 2. НЭЭМАТТЫН КӨБӨЙҮҮСҮН СУРАП ДУБА КЫЛУУ
Ошондой эле нээматтын көбөйүүсүнө себеп боло тургандардын бири – Аллах Тааладан дуба кылып сурануу жана Андан кечирим суроо.
*🕳НЭЭМАТТАРДЫ КЕТИРЕ ТУРГАН СЕБЕПТЕР*
1. ШҮГҮР КЫЛБОО
Эгерде адам баласы Аллах Таала берген нээматтарга шүгүр кылбай турган болсо, анда Аллах Таала андагы нээматтарды алып койот.
🕳2. КҮНӨӨ КЫЛУУ
Ошондой эле күнөө кылуу да нээматтарды кетирет. Анткени адам баласы Аллах Тааланын нээматтары менен Ага күнөө кылат. Мисалы: кол – бул нээмат. Бут, көз, кулак булардын баары нээмат. А адам баласы Аллах Таалага ушул нээматтарды бергендиги үчүн шүгүр кылбастан, тескерисинче Ага күнөө кыла турган болсо, анда Аллах Таала ага берген нээматтарын кайра алып койот.
🌷🌷🌷🌷🌷🌷🌷🌷
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4
Ойготкула, Аллахты тааныткыла!...
Адамдардын жүрөгүндө Аллахтан коркуу, Аллахты сүйүү сезимдери орун алсын