ОРОЗОГО ОЙ ЖYГYРТОЛY Алла Таала кыямат күнүндө орозо кармаган адамдарга өзгөчө сыйлык ыйгараарын билебиз. Ал адамдар бул дүйнөдө напсисин тыйышып, элдер ток жүргөндө ачка жүрүшкөн. Адамдар суусундугун кандырып жатканда сууга чанкып турушкан. Ак никелүү аялдарынан да күндүзү Аллага итаат кылып алыс болушкан. Ошол адамдарга Алла Таала Өзүнүн ыйык китебинде кайрылган аяттарынан кабарсыз калып, кайдыгер болуп калбайлы. Ар бир аятын маани берип, терен ойлонуп окуйлу.Алла Таала айтты : Өткөн күндөрдө калтырган жакшылыктарыңар үчүн “Жегиле, ичкиле, тамагынар таттуу болсун!” ( Хаакат 24)Мужахид деген аалым айтты : Бул аят орозо кармаган адамдарга арналган.Анас (Алла ыраазы болсун) сахаба айтты : О