Предыдущая публикация
Кымбатым неге мынча азап салдың ?
Кээ күнү өчкөн оттой түтөп турсам,
Кээ бирде жалбырттоого адатталдым.
Сүйүүдө жол бербестен багынууга,
Жүрсөм да жүрөк сени сагынууда.
Байкатпай сезимдерим кулпуласам,
Азгырат тагдыр кайра жаңылууга.
Кайгынын сапарына түшүп алып,
Тургандай жан дүйнөмдү үшүк алып.
Толкунун жиреп барам түпсүз ойдун,
Сүйүүнун азабына түтүп алып.
Унутуу оңой болуп туюлганда,
Жүрөктөн жанган үмүт суурулганда.
Өзүңдүк сезимдерден ыраак калып,
Өзгөгө кетем тагдыр буюрганда.
Бектенова.


Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 36