Искей албай жытын үйдө баланын.
Сөөктү тешкен суукка чыдап аргасыз,
Таңда көрөм илкий баскан карааның.
Азап салды бүгүн, кечээ өткөн күн,
Турмуштун миң сыноосунда өкчөлдүң.
Күйүт сөөгүң тикен болуп сайса да,
Толкудуң да, кээ бир күнү бөксөрдүң.
Көкүрөкө санаа топтоп миң жылга,
Үмүт жашын алып койгон бир кыйла.
Аман кел деп ден соолугуң тиленип,
Эне күтөт эски үйдүн бурчунда.
Токтоп калбайт жашоо үчүн күрөшүү,
Өң бозоруп өчкөн сулуу гүл өңү.
Назик атын кээде унут калтырып,
Иштейт аял эркек болуп мүнөзү.
Кетирип көкүр ө к т ө ж а р а а т д а г ы ,
т а гдырдын алып баштан азаптарын.
Мекендеш мекениңе кайтсаң экен,
Өмүрдүн жабылганча барактары.
Мекенге аман эсен кайталычы,
Мезгилдин жабылганча барактары.
Бектенова
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев