Азыркы боору таш, мыкаачылык замандан баарын күтсө боло турган. Биздин эң - бир, чоң коомго тийгизген таасирибиз, өзүбүздүн башкаларга берген зыяныбыз. Адамдарга,жандыктарга,дегеле тирүү кыбыр эткен жанга көрсөткөн мыкаачылык. Ичип келип келип, кечинде аялын чыркырата сабап, чиедей балдарын тепкилей, өзүн алардын үстүнөн эрдик кылган эркектерибиз.Жолунан адашып, кайда басаарын билбей, көчөгө балдарын таштап, же болбосо эптеп -септеп, анын артында арак менен, түрдүү, түрдүү эркектердин арасында таштап, таягын жегизген, көз жашы тыйылбай өксүп да, өсүп да жаткан куураган балачак да аз эмес.
Анан ошондой жандардын айынан, коомго бузулукулук, адам өлтүрүү, зордуктоо терең жайылып, анысы аз келгенсип, алкымын араандай ачкан бузуку, ач-көз соттордун, бай көпөстөрдүн кылыгы жанды кейитет. Азыр баары бир гана өзүм деп калган ушул коом, менин көзүмө арылдап талап келе жаткан чөөлөр сыяктуу сезилип, ичинде акыйкат издеген таза жандар күндөн -күнгө азайып, кээ бирлери акыйкатсыз жашоодон өлүп жок болууну каалашса, кээ бирөөлөр жан алы калбай күрөшүп жаткан, токойдо жалгыз, жанагы чөөлөрдүн тытмаласында калган чала жан, арстан сыяктуу сезилет. Түркүн тагдыларды көрүп, көзүңө жаш келет. Түрдүү жүрөк үшүн алган окуялар күндөн -күнгө азайбай эле көбөйүүдө. Эң жаманы коомго зыяны жок, сырттан эң бир боорукер көрүнгөн жандардын, бетинде ондоп, жүздөгөн бет кап жамынган башка адам жашаары өкүндүрөт. Бул чыгармада дал ушундай азап менен тозоктун отун кечип, эне мээримин көрө-албай, же атасы мээрим төгө албай, жашоонун берген таш боор тагдырына сынып, түрдүү жолдорго түшкөн жандардын өмүрү кеңири сүрөттөлүп, ушундай мыкаачылардын колуна түшкөн периштелердин тагдырлары кеңири баяндалат. Биз менен бирге болуңуздар.
ҮЗҮЛГӨН ҮМҮТТӨР. 1- БӨЛҮМ
— Атаке, атаке... Мага керексиз ойгонуңуз, ойгонуңуз, атаке жардам берчи...
Ордунан атып турган кишинин жүрөгү тез тезден согуп, дем алуусу оорлоп бараткандай терең - терең дем алып алды. Өйдө боло обдулуп, чекесинен чыпылдап аккан кара терди колундагы эскилиги жетип бүткөн жүз аарчысы менен аарчый жибере, караңгы темир тордун артында алда бир нерседен кыжаалат чеккен өңдүү, бирде башын мыкчый, бирде дубалды карышкан колдору менен уламдан - улам муштап жибере тынчсыздана ары- бери басып жүрдү .
Кою түн өз өкүмүн сүрүп, кыбыр эткендин баары таттуу уйкуда. Бир гана жаагы шимирилип арыктап,чооң -чоң эки көздөрү гана көрүнгөн киши ар нерсени ойлой тынчы жок. Ордунан бир туруп, кайра башын мыкчып отура калып, ичинде алда кандай чооң өкүнүч кыйроо жаткан сыяктуу, асманы кулап түшкөндөй ачуулуу. Муну тиги кара көздөрдөн улам билсе болот. Толгон кектин баарын кимден, кайдан чыгараарын билбей жини менен дубалды сүзгүлөй, эч нерсе чыкпаган соң кайра ордуна шалпайып, бар үмүтүнөн ындыны өчө отуруп калат. Өлөйүн десе жан таттуу дегендей жигитке бул адат көнүмүшкө эчак айланып бүткөн.
Түн менен көз ирмесе татынакай периште кызынын элеси көз алдына тасма сымал тартылат да калат.
Азыр да жүзү муңайыңкы, бозоргон кичинекей периштеси алда кандайдыр атасынан жардам сураган өңдүү, телмире жалооруй карап түшүнөн ойготподубу... Же наристеси азыр кандай абалда, кайсыл жерде экенинен да кабар жок. Акыркы жолу кызын өзүнөн ажыратып жерге карай узун чачтарын сеңселтип көтөрүп баратышкан, мамлекеттик органда иштеген кызматчы эки эркектин колунан көргөн.
Бир аз тынчтана ордуна отура кеткен киши, коюн чөнтөгүнөн аяр кармай, алып чыккан сүрөттү күрөктөй болгон алаканына сала карап алды.
Күлүп турган сүрөттү жыттап - жыттап ала жан дүйнөсү эңшерилип турду. Өзүн ошончо эрктүү деп ойлогон менен болгон жок. Канча карманган менен көздөн аккан тамчы жаштар жаак ылдый аралап, бетин жапкан саксайган сакалынан ылдый жерге кулай таамп жатты .Муун- жүүнү бошой үнү каргылданып, көз жашына буулуккан атанын үнү араң чыкты.
— Периштем менин, канттиң экен? Сен айыгып кетсең экен... Атакеңди кечире көр жалгызым Мен акмакты кечире көр. Сени куткара албай калганым үчүн кечир- кечиир...
Илептери араң кыймылдай, дирилдей сүрөткө карай сүйлөп, ошол күнкү окуяны эсине алгысы келбей, ичинде кандайдыр бирөө жараатына туз сепкендей чыдабай, башын мыкчый бүк түшө,катуу бакырып алды.
— Жоок!!! Жооок
Күлүп турган бактылуу сүрөт жалгыз гана шериги болуп калгандай, дагы кызын дал ушул сүрөттөгүдөй абалда бактылуу көргүсү келип турган менен, андай эмес эле. Көз алдына кызынын уйпаланган чачтары, тытылган көйнөгү, жалдырап аталап ыйлаган көздөрү тартыла түштү.
— Жок - жок -жок!!!
Канчалык ошол каргашалуу күндү эстебейин десе да болбой, бул элестер түбөлүккө калуучудай эт жүрөгү эзилип сыздап турду. Араң жан жаткан кызынын элеси кишини чыдатпай, чок баскан эмедей ордунан ыргып тура, адатынча катуу таш дубалды жыгачтай какжырап каткан муштумдары менен,ач аюдай айкырган жигит дагы адатына сала,туш келди дубалды ургулап кирди.
— Жок -жок кызым. Кечир мени кызым... Кызым...
Жерге чөгөлөй көз жашын сүрткөнгө алы келбей, тек гана Кудайга үнү жеткенче өксүп боздоп алды.
Булактай тунук шыңгыр күлкүсү менен, атасын дайыма жумуштан тосуп алчуу эмес беле?...
Анан экөө бирге тамактанып сүйлөшүп, бүгүнкү күнү кандай өткөнүн, жана да мектепте эмнелерди билгенин,болгон кызыктардын баарын атасына божурап айтып берчүү кызы. Атасы дагы эч нерсеге карабай, кызынын бардык сөздөрүн кунт коюп тыңшап отураар эле. Анан экөө үй жумуштарын бирге бүтүрүп, кичинекей колдору менен, атасына жардам берип, экөө кечке тыным алчуу эмес.
Качан гана кечинде бирге жомок окушуп, жанындагы периштеси көшүлүп уйкуга кеткенде маңдайынан сүйүп алган ата,кызынын көрпөсүн жылуу жаап, анан өзүнүн иш кагаздарына түнү менен үңүлүп чыга турган.
Сүйүктүү жубайынан айрылган соң, жалгыз периштесин эч кимге кактырбай соктурбай өстүрүүнү ойлоп, экинчи жолу үйлөнүүнү каалаган эмес. Кызынын бактысы баарынан өйдө туруп,жүзүндөгү күлкүсү муңга айланып калуусунан коркуп, канаттууга кактырбай,бөпөлөп карачуу. Көп жолу кошуналар,жалгыз бой аялдар,бой сымбаты келишкен эркекке суктанышып,бийик,улуу даражада сый көрсөтүп карай билишчүү.
— Ушундай күйөөң болсо ээ?... Бүткүл жашоодон армансыз өтмөкмүн. Сүйүүгө бекем экен ээ карасаң? айдай келинчеги каза болгонуна карабай,кызын кандай карап,башка бирөөнүн койнуна кирге калган жоктугун. Дайым байкайм ишине, үйүнө келет кызы менен эле күнү өтөт.
Кыз келиндер топтоло калганда эле ушундай сүйлөп киришет.
— Ии ошону айтсаңчы деги. Биздин эркектер болсо өлүп калбасак деле, башкалар менен ойноп кетишет. Мына жакында эле тиги Гүлүнүн эрин айтсаң,төрт баласын таштап,тиги Москвадан башка бирөөнүн артынан ээрчип кетиптир ботом. Гүлү боздогон бойдон калды байкуш. Кудай пешенесине ушуну жазган экен да. Бул байкуштун келишкен жубайын ажал алып койсо да ордун бастырбай жүргөнүн.
Тигинин сөзүнө кошула дагы бириси ушунтип карап алып сүйлөп киришет.
Канча аял киши өзүнө тартпасын, кайра экинчи жолу үйлөнүштү каалабаган атанын заматта башына каран түн түшүп, эми мынтип кызынан да кабар ала- албай, муздак дубал, темир - тордун артында отурду.
********
— Сезим Асылбековна, сизди сыртта сурап жатышат.
Кызмат бөлмөсүнүн каалгасын акырын ачып такылдаткан кыз, жанатан иш кагаздарга үңүлүп отурган ак халатчан жетекчисине кайрылды.
— Айт кире берсин.
Макул деп баш ийкеген кыз дароо сыртты көздөй басып кетти. Көп өтпөй кайра каалга кагыла бир аз ачылган соң ичке назик үн сырттан угулду.
— Мүмкүн бекен?
Сезим башын көтөрө, көргөн көзүнө ишене албай, кубана эшик тарапка кучак жайа басып жөнөдү.
— Ишене албай турам, бул чын эле сенсинби?
Өзүндөй өң келбеттүү сулуу, арык чырай, каш кирпиктери төгүлүп, ууртунан күлкү чачырай ак жуумал кыз өзүн жылмайа карап турган.
— Албетте мен да. Түш көргөн жоксун.
— Чын эле, чын эле сенсин. Кандай соонун күтүлбөгөн жаңылык?
Экөө кучакташа аябай жылуу көрүшүп алышты. Сыягы жакын курбалардан болсо керек.
— Сени теле берүүлөрдөн эле көрүп калдык эле, келишиңди эмне айтпадың тосуп алмакмын өзүм барып. Иштериң жакшыбы? Кел отура гой.
Катарма катар суроолорду бере, курбусуна жанындагы столду көрсөтө отургуза койду.
— Менде баары жакшы рахмат, иштерим да жайында. Ооба күтүлбөгөн жерден, айтпай келейин деп чечтим да. Сага мед айымдык кесип мыкты жарашыптыр. Өзүңдө иштериң жакшыбы?
Акырын жылмая курбусунун ак халатынын жакасын түздөй суктанган кыз Сезимге жылмая карап сүйлөп алды.
— Ооба баары жакшы билесин го. Жумуш -жана жумуш бизде. Бул менин бала кездеги кыялым болчуу эсиңдеби?
Жарашыптырбы ак халат чын эле?
Сезим жылмайып алып,тамашалай сүйлөп,курбусуна тамаша менен жооп берип койду.
— Ооба аябай жарашыптыр.Ананчы, эң сулуу мед айым болупсун жан курбум.
Курбу кыз да Сезимдин тамашасын коштой сүйлөп,экөө кайра каткырып алышты.
— Жарашканга жараша иштегенге да бар күчүмдү жумшап жатам. Карапайым эл үчүн кызмат кылуудабыз. Сени аябай сагынган болчуумун келгениң жакшы болду. Бир чер жазып, өткөн кеткенди сүйлөшүп отуралы. Анан эс алып келебиз бир аз. Азыр менин жумушум аякташына да бир аз убакыт калды.
Сезим жылмая колундагы саатына үңүлө карап койду. Ага дейре кызматчы кызы,сырттан экөөнө эки кооз идишке кофе куйуп келе,экөөнө сунду. Иш убактысы аягына чыгып калганы үчүн,Сезимдин колу бошоп калган эле. Экөө бир аз отурушуп, өткөн бала чакты',анын арасында экөөнүн кылыктарын эстерине түшүрүп сүйлөп жатышты.
— Жанагы балалыктагы кездер эсиңдеби? Аябай эле тентек элек ээ?
Сезим көздөрү күлүңдөй курбусуна суроо узатып жиберди.
— Ооба Сезим эсимде. Бала кездеги ойногон күндөр, сен дарылайм деп көгүчкөндү кармап алып укол сайганың. Анан ал байкуш өлүп калганычы...
Бырс күлө экөө тең балалык күндөрүн эстеше сүйлөп алышты.
— Ооба кантип унутайын? бирок ошол көгүчкөндү каза кылып алганым такыр эсимден кетпейт байкушту. Аябай ыйлагам.
Курбусу Сезимдин маанайы дал ошол күнкүдөй өзгөрө апакай жүзүнө кайгы пардосу тартыла түшкөндөй ортону бир саамга жымжырттык каптады.
— Ооба ыйлагансың, анда кичинекей секелек кыз элек да, азыр эми мынтип элиң үчүн иштеп,дарылап чыныгы эл сыймыктанган Сезим болупсун.
Чын эле курбу кыз Сезимди суктануу менен карап мактап алды. Экөө бала кезден ошондой аралары кыл өтпөстөй кыйышпаган жан курбулар.
— Бүгүн сенден ашыкча эле мактоо уктум курбужан. Рахмат сага. Айтчы бүгүн кайда баралы?
Эртең баары бир дем алыш экенин билем андыктан барып, бир кооз тамактануучу жайга отуруп, өткөн кеткенди сүйлөшүп келебиз. Чарчооң да жазылат. Тамактана да элек болсоң керек? Деги койчу биздин кичинекей шаарчабыз аябай өзгөрүптүрбү? Мында баары бар азыр.
Курбусунун маанайын көтөрө Сезим сөздү башкага бура койду.
— Ооба жакшы болмок. Мен дагы алыстан атайын келдим эс алып кеткени. Билесин го акыркы кылган кызматым көпчүлүк,бай көпөстөргө жаккан жок. Сары изиме түшүп, көзүмө чөп салгысы келгендер да пайда болгон соң, өзүм да чарчап кеткеним үчүн жетекчибиз бир айлык өргүүгө чыгуума макул болду.
Сезимди бир карап ала, курбусу чарчаган өңдүү, терең дем алып алды.
— Эмне - эмне дейсин? Акылсыз кыз десе өзүңдү абайласаңчы? Баары бир андайлардан баарын күтсө болот. Сен азыр жап жашсын, жада калса сени таяп, күйөөр күйөөгө да чыга элексин. Алардай адамдардан алыс эле болчу, жетекчиң жакшы кылыптыр болбосо эс алууң оюңа да келбесе керек эле ээ?
Сезим курбусунан чын эле кабатыр алып, ары тамашалай чымчып койду.
— Ооба сага эле күйөө качан эле жыргаткан эле? Анда неге өзүң тийбей жүрөсүн я? Соттон утуп чыккан соң өзүм да бир сага келип кетүүмдү тилеп жүрдүм эле акыры келдим.
— Ооба баарын көрдүк. Сен менен сыймыктанса болот өлкө. Билесин го бирок бизде ушундай, сендей болуп эми эле өсүп келе жаткан чынчыл адамдарды биздин өлкөдө жек көрөөрүн... Кабатырланганым ошол. Жыландын куйругун басып алба дегим келет, баары бир коркунучтуу да.
Чын эле Сезимдин айтканында жан бар эле. Ооба азыркы заманда чөнтөктүүнүн ити чөп жеген убак. Миң чынчыл, акыйкат болсоң да сени жөн эле көргө тыгып койчуулар четтен чыгат эмеспи. Далай сатылган соттор, мамлекеттик мыйзамды каалагандай калчап, акчанын учун көрсөтсөң атасын сата тургандай абалга келип бүткөн. Таза, ак иштейм дегендерди жөн эле мойсоп койчуу олигарх, чоңдор - чардап, тээ тиги чет өлкөлөрдө эс алышып, бей-бечара байкуштун уулу, кызы сыздаган заманга төп келбедикпи...
Чекчейип калп эле эл көзүнө галстук байлап, чырт түкүрүп, мамлекетке кызмат кылам деген далайлар чындап келсе Мамлекеттин мыйзамын уруп ойнобогон көпөстөр. Ошолордун айынан далай - далай, мыкты эр азамат жигиттер өмүрү менен кош айтышса, кээ бирлери калп жерден жалган- жалаа жабылып, өмүрүн түрмөдө чириткендер четтеп саналат.
Ошончонун ичинен тактык менен, калыстык, акыйкат үчүн чырылдап сыздаган курбусунун өмүрүнөн Сезим да кооптонот.
Ананчы бала кезден, бир гана жанга жакын курбусу ошол болсо....
Экөө жарты нанды бөлүшүп жеген күндөрү эсинен кетпейт.Тактыкты, чынчылдык, адилеттүүлүктү чыркырата айтып, далай көпөстөрдүн бетин ачып, алдын түрмөгө отургузууга себеп болуп, карапайым калкы үчүн жанын үрөп келе жаткан курбусу үчүн кооптонушунун жайы бар эмеспи.
— Ооба туура садагасы, бирок чындык үчүн, акыйкат үчүн баарын жасаштан кайра тартпаган өжөрлүгүмдү билесин го?! Атамды жөн жерден түрмөгө кесишкенде жети өмүрүм жерге киргенин бир сенден башка эч ким туйган эмес.... Ошол күндөр, атамдын көргөн кордуктары, анын түрмөдө белгисиз себептерден улам каза болуусучу? Мен алардын айткан бир да сөзүнө ишенген эмесмин. Анткени атам менен акыркы кездешүүмдө айткан сөздөрү дале мен үчүн табышмак. Калпты чынды койгулай,же бергенге акчабыз жок болгону үчүн,атама очойгон күнөөнү мойнуна илип,кыйнап камап койушту. Менин атам чымынга да зыян кылбаган,анан кантип кызы менен тең кызга кол салып,абийирине тиймек эле? Мени ушул суроого жооп алуум үчүн да бул кесипти тандаганмын. Башкача боло да албасам керек Сезим.
— Түшүнөм курбум түшүнөм. Башка - башка мен аяш атамдын кандай адам болгонун эң жакшы билем. Бүтүн айыл билишкен кандай экенин. Жакшы адам эле деген гана сөздөр айтылган артынан. Мен эмес, сен эмес, бүтүн биздин жашаган айыл ишенген эмес бул нерсеге.
Сезим курбусунун колунан бекем кармай, эми эле аппак сулуу жүзүнө муң толо түшкөн курбусун аяп жалооруй карап алды. Ортону бир аз үнсүздүк аралай, кайра Сезим сөз баштады.
— Болду кызмат тууралуу токтотобуз сөздү. Андан көрө айтчы кай жерге баралы?
Сезим курбусуна өтүмүш күндөрүн эстетпөөнү аракет кыла сөздү башкага бура койду.
— Билбейм сен билген жериңе бара беребиз.
— Мм мен билген жерге болсо анда кеттик. Бир соонун жерди билем өзгөчө даамдуу тамактары менен.
Дароо кийимдерин алмаштырган Сезим иш мөөнөтү аяктаган соң экөө ээрчише бөлмөдөн чыгып жөнөштү.
УЛАНДЫСЫ БАР
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев