Ар дайым кээч уктоону жакшы корчумун.Уйдогулодун баарысын уктатып анан озум уктаар элем.Бул нерсе мага конумуш адатка айлана баштады.Бирок эрте жатсам,танга маал тура албай кыйналчуумун.Ошол учун кеч жатып конуп алдым.Бир куну мен окуудан келсем ,уйдо уруш талаш,кыйкырык ундор угула баштады.Атам арак ичпейт болчу.Бирок ичкен адамдардан бешпетер урушуп ураар эле.Уйго киргим келбей тамдын артына бекинип туруп алдым.Ал жерде копко чейин туруп анан уйго кирдим.Качан караба бироо менен урушса эле Атам менден очун чыгарып алаар эле.Бугун да ошондой болду.Тундосу идиштерди жуубай жатып алган болчумун башымдын ооруганынан.Эртеси ээрте менен окууга кетип калдым.Тушто келсем идиштердин айынан апамды урушуп жаткан экен.Окуум 12:35 те бутот болчу.Мен саат 13:50тер чамасында уйго кирип келдим.Келээрим менен атам чачымдан судуроп эшикке алып чыкты.
Ээ канчык-булар эмне?Жууп жатсан болбойт беле.Эмне бир жерин кемейип кетеби?Ал убак кыш болчу.Айлананын баары аппак боёкко боёлгон.Идиштердин ичтери муз болуп тонуп калыптыр.Ит жалап кеттиго идиштин баарысын аа.Ушуларды жууп жатсан олосунбу?деп менин чачтарымдан суйроп дубалга жабыштыра койду.Сууктун айынан денеме бир демелер чыгып да кеткен эле.Аны ата энемден жашырып 3айдай журдум.Бир убакта чачымдан суйроп столдун устундо банкалар бар эле.Банкаларды башыма суздуруп урду.Баштарым ишип озумду сезбей калдым.Жинди адамга окшоп туруп муздак эле сууга идиштерди жууп баштадым.Атамда менин жанымда туруп Алды.Сууктан колум тонгон деле жок.Бирок атамдын ар урганы журогумду тондуруп,атама болгон мээримим соолуп бара жатты.Ошол жерде да апам жон турбай,чууркап чыгып ыссык суу куюп берди.Апам да мага болушуп кир кызым уйго,уйдо эле жууп деп идиштерди уйго ташый баштады.Бирок мен ушунчалык кок бет болчумун.Кылам деген нерсени аягына чыкмайын эч токтобойт элем.Уйго кирип кийимдерди которуп идиш жууганга олтурдум.Бир убакта баштарым зынылдап ооруй баштады.Эмне болуп кетти экен деп кузгуго жакын барам,башым домпоюп канап калыптыр.Шапкамды башыма кийип идиштерди жууй бердим.Ар дайым дастарконго олтурганда атамдын концерти башталат эле.Тамагындын тузу ачуу,нанын коктогон.Идиштерин майланыш ал бул деп болбогон нерселерге эле ачууланып бизге кыйкыра берчуу.Бир куну апам Москваоа иштегени кетти
Мен атам иним учообуз эле калдык.Москвада эжем жолдошу менен болчу.Эжем чакырганынан апам кетти.Апам кеткен куну эле атам баштады.Канчык буну албайсын тигини кылбайсын деп.Апам кеткен кундон баштап мага тынч жашоо болбой калды.Ар куну уруш жанжал,кыйкырык,ый,мун Эхх!Ушунчалык бул жашоо менен коштошуп кетким келди.Бирок ....деген эле соз мени чулгап туруп алды.Атам апам менен суйлошуп баштаганда эле мени жамандай берет эле.Идиш жуубайт,нан жапбайт,тузугураак дагы тамак кылбайт.Тойгозду ушул кызын бутуп эле олтуруп койсо.Эй Канчык буну ал аны кыл деп уруп тепкилей берчуу.Ажатканага барып ыйлаап ыйлап келип алып жумушумду кыла берчуумун.Кээде бир жаман иш жасап койсон,бурчка такап алып тепкидеп урчу.Бир куну Ашказаным ооруп кир жууй албай баняда д.олтурдум.Кечки убак он болуп калган.Атам баняга кирип эле беттериме чапкылап,чачтарымдан судуроп кирип тепкилеп сабай баштады кир кийимдер менен.Ата...урба..азыр бутуром баарын десем да болбой Уруп атып башымды барып салды.Дубалдарга суздуруп атып.Ушшшуннчалык баарынан тажадым дейсиз.Жети айдан кийин апамда уйго кирип келди.Апамдын козунчо жылуу суйлоп кызым кызым деп калды
Кызым деген сайын козумдон жаш тегеренет.Кызым деген созду аябай сагынып калган экенмин.Уккан сайын козумдон жашым куюлуп кетти.Денемдин баары когоруп кеткен.Уруп тепкилегендери алигиче кете элек.Эптеп бир айласын таап жашап калдым баарына чыдап.Атам дайым мени урушканда артынан кулуп сулойт эле.Мунусунда мен кулгон жокмун.Баардык ката озумдо билем бирок мынчалыкка жеткирип ураарын эч ойлобогон экенмин.Окундум ыйладым.Атамдын жек коро баштадым.Кантсе да атам ал менин.Оз канынан жаралган кызымын.Ит да бир жаман иш жасаса созсуз итти да чып деп бир уратго мен да ката кылдым ,Атам уратда анан деп озумду жоошуттум.
Ар бир ата эне уул кыздарын жаман болсун деп урбайт экен.Жакшы болсун деп туура жолго багыттаарын кеч тушундум.Денеме грибоктор чыгып кеткен экен,аны Апам коруп калып ооруканага алып барды.Анализ тапшырдык.Грибоктор жок жон гана сууктан чыгып кетиптир.Жылуу кийинип,туздалган бадыран,капуста салаттарды жебей тур деп тыюуу салды.Укол даары дармек жазып берди.Озум медик болгум келчу.Бирок ата энем медиктикке окутушканы жок.Уколду бир маал эрте менен аласын.Кан тамыр анан жамбаштан деди.Мен Макул болуп апамдарга мен фапка кеттим деп алып,энемдин уйуно барып озум эле озумо укол сая баштадым.Уколдон коркчу эмесмин.Бир сааттан кийин уколумду алып келдим деп уйго кирээр элем.Апамдар мага ишене башташты уколун фапта алып келип атат дешип.Бир куну апам колумдагы когоргондорду коруп калды.Мен кан тамырга ыссык укол бергенден кийин эле бир Ааз турбай пахтаны алып салчуумун канын токтотпой эле.Ошондон болсо керек деп ойлонуп калдым.Апам мага кимден алып жатасын уколду дегенде,тилим чулдурап суйлой албай туруп калдым.
Ааа..Альмирабы ооба ошол сайып атат деп кутулдум.Денемдеги грибоктор да кете баштады.
Арадан айлар отту.Мен он биринчи классты аяктадым.Баардык классташтарым окууга тапшырабыз деп кубанып журушсо,мен кайгы менен откоро баштадым каникулду.Анткени Апамдар окутпайбыз сени дешкен болчу.Ошол учун окуудан умутумду узуп койдум.Бир куну иним бутун зымга жыртып келген экен.Ал жери чоон болуп ачылып калыптыр.Мен ар куну кеч жатчуумун.Кеч жатканымдын себеби:интернеттен ар куну операцияларды корчуумун.Ошол жактан укол сайганды операция кылганды дагы уйронуп алдым.Иним мага келди.Буттарынын баары кан.Уйдо Ата Энем жок болчу.Аяш аталарым менен отурушу бар эле Ошол жакка кетишкен.Апамдарды кыжаалат кылбайын деп, иниме биринчи жардамымды бере баштадым.Бутундагы кандарын аарчып салып,арак менен бутуп жуудум.Атам арак ичпесе дагы тойдон келген арактарды,апам инимдин тамагы ооруп калса эле аракты жылытып тамагына коёт болчу.Иним андай нерселерди коп коргон.Ошол учун иниме жонокой эле нерседей туюлду.Ийне менен жипти кайнатып спиртке калдым.Иним козун танып алган.Мен бир четтен эттерин бири бирине жабыштырып тигип чыктым.Иним ыйлаганда жок.Болгону ээми 15жашта болчу.Мынча арстаным менин бутту.Вай тез элеби?
Ооба болгону торт эле жип десем,ааа Аз эле экен аа деп коёт кулуп.Кел Эми сага ооруну азайта турган укол берип коёюн деп укол сайдым.Эжеооу сен медик болсон эн кучтуу медик болмоксунда.Билбесем иним апамдардын создорун уктунго?окутпайм сени куйоого берем дегенин десем,унчукпай эле жатак болмосуно кирип кетти.Апамдар саат бирге жакын келишти.Ал убакта мен апенцитти коруп жаткан элем.Апамдар келгенде клзумду жумуп уктамыш болуп атып,уктап калыпмын.Эрте менен турсам апамдар уктап атыптыр.Апамдарды тургузуп тошокторду жыйдым.Иним чолондоп дастаркон салып журот.Тошокторду жыйып чайга олтурсам,иним бутун мактанып калса болобу!
Апааа бутумду карасаныз Зарина Эжем операция,кылып салды.Апам менен Атам кана кана деп инимдин буттарына тигилет.Инимдин буттарындагы жиптерди коруп апамдын ээси оогуча карады.Чайды ичип бутуп эле инимди ооруканага алып бардык.Доктурларда мен тиккениме ишенигпей эки сааттай турушту сен тиктинби дешип.Чын эле мага эч ким ишенгени жок.Бирок бир гана иним далилдеп
Ининдин бутун чын эле сен тиктинби?
Ооба.
Азыр окуйсунбу сен медиктикте?
Жоок!
Анан бунун баарын кайдан уйрондун?
интерненттен коруп эле десем,биздин медик уул кыздарыбызда мындай нерсе колунан келчуу эмес.Торт жыл окуса дагы.Азаматсын сен!Сени озум окутам дегенде апамдар окушума каршы болду.
Ата энемдин чийген сызыганан чыга албай олтуруп калдым.Мага жуучулар келе баштады.Апамдарга ар куну айта берчуумун.Мен эч качан силерге окшоп Уруп согуп балдарымды тарбиялабайм.Жон гана соз менен тарбиялайм!Мына коросунор?Балалуу бол анан билесин Дей беришчуу.Мени шерине отуруштарга Бир дагы жолу жонотушкон эмес.Качан караба уйдон чыкчуу эмесмин.Жуучуларга Апам макулдугун берип коюптур.Кыйнап зордоп атып Мени турмушка узатышты.Озум дагы турмушка чыгып кетсем,бир дагы жолу уйго кадам аттап астананарга келбейм деп турмушка узап кеттим.Арадан жылдар отту.Ата Энем менен байланышпай да койдум.Туулган куну болобу?башка болобу бир да кадам аттап барып ден соолугун сурап да койгон жокмун.Анткени Атам менин журогумду ташка айландырып тондуру салган эле.Апам ар куну мени менен байланышып:
Кандайсын ?кызым
Жакшы
неберелерим чоноюп атышабы?
Ооба.
оорубай эле журосунбу?
шугур жакшы.
азыр колум бош эмес эле.Анан суйлошолуу ээ деп телефонду очуруп коём.Апамдын ден соолуган да сурабайм.Ар бир суроосуна кыска кыска жооп берип кутцлам.Атамдын атын атагымда,уккумда келбей калды.Атан дегенде эле анан суйлошолу деп очуруп салам.Жолдошум ар эки кундо Ата энеме барып кабар алып суйлошуп келип турат.Кыздарым да таэнемди сагындыык деп чуркап унаага олтуруп алышат ,коздорун жалдыратып.Мен болсо уйдо калам.Анткени Ата энеме болгон мээримим очуп буткон.Жолдошум Ата энесиз чонойгон.Ошол учун Ата энемден тынбай кабар алып турат.Ата энесиз чонойгон бала эненин кадырын билет эмеспи.Мен болсо Ата энемли сыйлай да албадым.
Бир куну кичуу кызым тамак ичип атып,тамакты дачтарконго тонуп алды.Мен ашканада чай демдеп журом.Бир убакта Алинанын ыйы угулду.Эмне болуп кетти экен деп чуркап чай ишчуу болмого кирсем,жолдошум урушуп атыптыр.
Шалаакы!Тамакты дагы тогосунбу?Козуно карап,шашпай ичпейсинби аа деп колдоруна ура баштады.Ошол жерде Атам Мени бурчка такап,чачымдан суроп ургандарын эстеп,кийин сону кыздарым мага окшоп атасынан конулу калып кетпесин деп кызымды кучактап,
Эмне Уруп жатасын баланы,жон эле кызым токпой этияттап ич макулбу деп эркелетип Жылуу соз менен эле айтсан бала тушунотко десем,жолдошум да кечир кызым
Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 35
атасынын колун кызына тийгиздирбей,
апасында да куноо бар
 Марс  +79774934579