-------------------
_Анас бин Малик (розияллооху анху) риваят кылат: Расуулуллох (саллаллооху алайхи ва саллам): *"Силер мага алты нерсеге кепилдик бергиле, мен силердин бейишке кирүүңөргө кепилдик берем"* -деди. *"Алар кайсылар?"* - дешти. Расуулуллох (саллаллооху алайхи ва саллам): *"Сүйлөсөңөр, жалган сүйлөбөгүлө. Убада берсеңер, аткаргыла. Аманатка, кыянат кылбагыла. Көзүңөрдү сактагыла (б.а., көрүүгө тыюу салынган нерселерди карабагыла).. Колуңарды (уурулуктан ж.б.дан) сактагыла. Жыныстык мучөңөрдү (күнөөдөн) сактагыла"* - деди. (Абу Я'ля. Мажма'уз завааид)._
🍃☘️🍃☘️🍃☘️🍃☘️🍃☘️🍃
_Абдуллах (розияллооху анху) риваят кылат: "Расуулуллох (саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: *"Чындыгында, чындыкты сүйлөө жакшылыкка алып барат, а жакшылык жаннатка алып барат. Чындыгында, ал дайыма чындыкты сүйлөп жүрүп, акыры Алланын алдында "чынчыл" деп жазылып калат. Чындыгында, жалган сүйлөө ачык күнөөгө алып барат, а күнөө тозокко алып барат. Чындыгында, ал дайыма жалган сүйлөп жүрүп, акыры Алланын алдында "жалганчы" деп жазылып калат"._* (Муслим риваяты).
📍 📍 📍 📍
_Хафс бин Асим (розияллооху анху) риваят кылат: "Расуулуллох (саллаллооху алайхи ва саллам) айтат: *"Эгер адам уккан сөздөрүн тактабастан эле, баарын айта берсе, ошол нерсе анын жалганчы экендигине жетиштүү болот".* (Муслим)._
*_Пайдасы:* Мунун мааниси, эгер адам чындыгын, калптыгын териштирбей, билбей туруп эле, уккандарынын баарын айта берсе, ал нерсе жалгандын бир түрүнө кирет. Адамдар ага ишенимдерин жоготот._
📍
_Абу Хурайра (розияллооху анху) риваят кылат: Мен Расуулуллох (саллаллооху алайхи ва саллам)дын мындай деп айтып жатканын уктум: *"Менин үммөттүмдүн күнөөлөрдү ачык жасагандарынан башкаларынын баары кечирилет. Чындыгында, ачык кылынган күнөөгө, адам түндө күнөө жасап, Алла аны жашырып койсо да, ал (күнөө жасаган киши) эртеси: "Эй, баланча! Мен түндө мындай нерсе кылдым"— деп, жарыя кылып жибергени да, кирет. Түнкү күнөөсүн Алла жашырып койду, бирок эртеси ал өзү, Алла жашырган нерсени, ачыкка чыгарып салды (бирөөгө айтып берип)".* (Бухари риваяты)._
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев