Адамдын организминде ичкен-жеген тамак заттар ар кандай химиялык кошулмаларга ажырап, пайдалуу жана ууландыруучу түрдүү уу заттар пайда болот. Пайдалуу заттар (арасында аминокислоталар, углеводтор, витаминдер, темир заттар, жана башка микроэлементтер) ткань менен органдарда сиңет. Ууландыруучу түрдүү уу заттардын ичине белоктордун алмашуусунан пайда болгон аммиак, булчуңдардын кыймыл-аракетинин негизинде келип чыккан сүт кислотасы, креатин жана башка уу заттар кирет. Айрым учурда тамак-аш менен организмге керексиз уу заттар кириши да ыктымал. Ошондуктан организм бул уу заттардын баарын тынымсыз бөлүп чыгарып турушу керек.
Кан тазалоо (фильтр катары) функциясын адамдын организмде боор менен бөйрөк органдар аткарат. Бирок, боор органы көбунчө майлуу заттарды тазаласа, бөйрөк калган баардыгын (ашыкча ичилген сусумдуктарды, желген эт, май, чучуктарды, ичилген арак-шараптарды, тартылган чылым жана насвай уу заттарды, ашыкча чогулуп калган калий, фосфор жана башка микроэлементерди) заара аркылуу сийдик менен бөлүп чыгарат.
Кыскача айтканда, бөйрөктөрубуз ички чөйрөнүн, кандын суюктугунун (осмос басымы, суунун, минерал туздарынын өлчөмү) бир калыптагы абалын сактайт. Себеби организмдеги эң татаал химиялык процесстер ушул суюктуктардын составына кирген заттардын туура айкалышынын негизинде гана жүрөт.
Бөйрөк жалаң гана сийдик пайда кылбастан ал ренин, депрессин жана эритропоэтин гормондорун канга бөлүп чыгарат. Ренин жана депрессин гормондор организмдеги кан басымын иретке келтирип турат. Эритропоэтин гормон кандын кызыл формалуу элементтерин (эритроциттерди) пайда кылуучуга таасир этет. Эритропоэтин гемоглобиндин бийиктигине зарыл.
Бөйрөк ооруганын кантип билсе болот, оорунун симптому кандай болот?
Бөйрөктүн жетилбей калышында артерия басымы жогорулап, ак шишик басат, ошондой эле зат алмашуу бузулуп, кант жана кантсыз диабет (к. Кантсыз диабет, Кант диабети), подагра, кем акыл, сокур болуу ыктымал. Бөйрөк кыйла жетилбей калган учурда бөйрөк иши начарлап, уремияга алып келет.
Бөйрөктүн абалын зааранын түсү аркылуу байкаса болот. Калыптагыдай зааранын түсү ачык сары болууга тийиш. Эгер адам киши суюктукту аз жээ көп ичсе зааранын түсү өзгөрөт. Тактап айтканда, суюктукту канчалык көп ичсе зааранын түсү ошончолук ачык болот да, аз ичкен сайын кочкул тартып кете берет.
Демек, эгерде зааранын өңү кызыл, кызгылтым түстө болуп, тунук болбой киргилтим тартып турса, анда заарада кан болушу ыктымал. Бул инфекциядан же заара бөлүп чыгаруучу системадагы оорусу (шишик, таш, кум) кабар берет. Тезинен дарыгерге жөнөш керек! Эгерде заара сары түстө болсо, анда тынчсыздануунун кажети жок. Кочкул-күрөң түстөгү заара гепатиттин белгиси. Андан тышкары, эгерде бөйрөктөр ооруса
эки көздүн астында "мүшөкчө" пайда болуп калат;
бир суткадагы зааранын өлчөмү азаят;
ооруган адам дааратканага тез-тез барат, көбүнчө түнкү убакытта;
кээ бир убакта аз-аздан гана заара бөлүнүп чыгат;
кээде заара ушатуу ачышуу менен коштолот;
заара тунук болбой, киргилт болуп чыгат;
көздүн көрүүсү начарлай баштайт.
Мындай учурларда тезинен дарыгерге көрүнүү зарыл.
Заара бөлүп чыгаруу системасынын оорусун табууда көптөгөн ар түрдүү ыкмалар пайдаланылат. Заараны, канды изилдөө жүргүзүлөт. Бөйрөк оорусунун диагнозун тактоодо рентгендик изилдөө да колдонулат.
Бөйрөк оорулардын катуу кармаган жана өнөкөт түрү бар. Катуу кармоочу түрү көбүнчө 20—40 жаш куракта көп жолугат. Аны “өткүл бөйрөк ишинин начарланышы” деп айтылат. Бөйрөк ишинин өткүл начарланышына канды көп жоготуп, кан басымынын кескин төмөндөшү, шок, бөйрөк же аорта кан тамырларында кан уюп калуу, узак убакытка ич өтүп же тынымсыз кусуу, дененин катуу күйүшү, заара айдама дарыларды узакка ичүү алып келет. Ошондой эле ар түрдүү уу заттар менен уулануудан (бөйрөк ткандары өтө сезгич келип, чөйчөк сымал капсулалары, заара каналчалары сезгенип, шишип, жараланып, чирий баштайт), бөйрөктүн ириңдүү сезгенүү ооруларынан, бөйрөк түтүгүн таш тосуп же заара жолдорун шишик басып кокусунан бөйрөк түтүгүнүн бүтөлүп калышынан болот.
“Ɵткүл бөйрөк ишинин начарланышы” белгилери оорунун себебине жараша болот. Мисалы, криминалдык аборт, бөйрөктүн ириңдүү оорусу, жылан, кара курт жана башка уусу менен жапа чеккенде дененин ысышы, чыйрыгуу, кубаруу, тырмактын учтары, ээк көгөрүп, арадан бир нече убакыт өткөндөн кийин деле саргайып, кандын басымы төмөндөйт; оорулуу эс-учун жоготушу да ыктымал. Оорулуунун абалы оңоло баштаганда зааранын бөлүнүп чыгуусу акырындык менен көбөйө баштайт (нормада бир күндө 800—900 мл), 2—3 күн өткөндөн кийин 1800—2800 мл ден ашык заара бөлүп чыгат.
Ал эми «бөйрөк ишинин начарлашынын» өнөкөт түрүн бөйрөктүн узакка созулган (3—10 жылга чейинки) оорулары (гломерулонефрит, пиелонефрит, бөйрөктүн таш жана кургак учук оорулары, гидронефроз жана башка) дуушар кылат. Өнөкөт оорулар акырындык менен бөйрөктүн иштешин бузат. Эки бөйрөктүн тең ишинин начарлашы өнөкөт оорудан кийин акырындык менен канда уу заттар көбөйүп уремияга алып келет. Бардык органдарда: нерв, угуу, көрүү системасында, өпкө-жүрөк, ичеги-карын, боордо өтө оор өзгөрүүлөр пайда болот.
Оорулуу алсырап, бат чарчайт, ишке жөндөмдүүлүк жоголот, баш ооруйт, окшуп, кусат, тамак ичүү начарлайт, арыктайт, бет, көздүн алды агыш тартып тери кургап, түлөйт. Колу-буттун күчү кетип, кол калтырап, сөөк, муун сыздап ооруйт. Кан менен зааранын составы өзгөрөт. Канда шлактар — уу заттар (азот, мочевина, креатинин) 2—3 эсе көбөйүшү мүмкүн. Ал оорулуунун оор сезгенүүсүндө, бөйрөктүн иши катуу бузулуп уремия болгон учурда, «жасалма бөйрөк» аппаратын колдонуп, анын ишин калыбына келтирүүгө болот жана оорулуу адамдын өмүрүн сактап калса болот. Бөйрөктүн иши такыр бузулган учурда хирургиялык жол менен бөйрөктү донордун соо бөйрөгү менен алмаштырууга туура келет.
Кандай ичимдиктер бөйрөктү жабыркатат?
Тамеки чегүү, насывай, арак дегенди такыр унутушу керек. Айран, сүт, кымыз ичсе куч-кубаттуу болот адам.
Нечен түрдүү ичимдиктердин ичинде оор металлдар (темир, жез, сымап, коргошун жана кадмий) жана башка уу заттар бар болуу. Айтылган заттар жана спирттүү ичкиликтер бөйрөктүн тканьдарына, кантамырларына, бөйрөк түтүгүндөрүнө зыяндуулугу чон.
Бөйрөк оорубаш үчүн кандай профилактика кылса болот?
Бөйрөк ооруларын дарылоо жана алдын алуу маанилүү маселелердин бири болуп эсептелет. Организмди чыңдоо, санитария-гигиеналык эрежелерди так сактоо, катуу кармама сасык тумоо тонзиллит, гайморит жана башка инфекцияны өз убагында дарылоо бөйрөк ооруларын алдын алууда маанилүү.
Өз учурунда узакка созулган (3-10 жылга чейинки) өнөкөт бөйрөк оорулары диспансердик учётко алынып, дарыланып жүргөн оорулууларда бир нече жылга чейин бөйрөк иши начарласа да, ал 4-5 стадияга өтүп кетпейт. Бирок оор жумуш жасоо, диетаны сактабоо, ичкилик ичүү, ар түрдүү жугуштуу оорулар бөйрөккө күч келтирип, уремияны чакырышы мүмкүн.
Бейтап диета кармашы зарылбы, диета кармаса эмнелерди жегенге болбойт?
Заара бөлүп чыгаруу системасынын ооруларын дарылоо анын себебине жараша жүргүзүлөт. Ооруну кабылдатпай же өнөкөт түрүнө өткөрбөй дарылануу керек.
Дарылоодо врач сунуш кылган режим жана диетанын мааниси чоң. Эң башында биринчи суроого “бөйрөктүн кызматы (функция) эмне?” жообумду эстейли:
Адамдын организминде ичкен-жеген тамак заттар ар кандай химиялык кошулмаларга ажырап, пайдалуу жана ууландыруучу түрдүү уу заттар пайда болот. Пайдалуу заттар (арасында аминокислоталар, углеводтор, витаминдер, темир заттар, жана башка микроэлементтер) ткань менен органдарда сиңет. Ууландыруучу түрдүү уу заттардын ичине белоктордун алмашуусунан пайда болгон аммиак, булчуңдардын кыймыл-аракетинин негизинде келип чыккан сүт кислотасы, креатин жана башка уу заттар кирет. Айрым учурда тамак-аш менен организмге керексиз уу заттар кириши да ыктымал. Ошондуктан бөйрөк бул уу заттардын баарын тынымсыз бөлүп чыгарып турушу керек.
Бөйрөккө канчалык адам күч келтирсе, ошончо бат бөйрөктүн иши начарланып, жетишсиздикке алыпкелет. Нормада 18-50 жаштагы адамдардын бөйрөктөрүнүн фильтрациялоо (СКФ – скорость клубочковой фильтрации) функциясы (кызматы) 90-120 мл/мин барабар. Жаш откон сайын бөйрөктүн иши ансыз деле аз-астан төмөндөйт. Бир жылдын ичинде 1мл/мин чейин төмөндөйт. 80-90 жашка чыккан адамдын СКФ (фильтрациялоо) кызматы 60мл/мин тегерегине барабар. Узакка созулган өнөкөт бөйрөк оорулардын СКФ кызматы 3-10 жылдын ичинде эле 10-15мл/мин чейин төмөндөйт. Уремия болгон учурда ооруннун денесине уу заттар таркап, тканьдарга сиңип, адамдын өмурунө коркунуч туулуп кылат. Ошол мезгилде «жасалма бөйрөк» аппаратын колдонуп, оорулуу адамдын өмүрүн сактап калса болот.
Бирок, ошондой абалга жеткирбес үчүн, адам өзү жеген-ичкен тамак-аштарды тергеп, тазасын ичип-жеп жана дарыгер врач сунуш кылган диетаны кармаш керек. Анын эң биринчиси: майлуу, курулган эттен карманышкерек. Этти аз-астан эле жешкерек. Тамактар кобурок жашылча-жемиштерден, кайнатма болушкерек. Тамеки чегүү, насывай, арак дегенди такыр унутушу керек.
📱WhatsApp +996702995950
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3
КУДАЙ АЙТАТ:ИШЕНСЕН - КОРОСУН- ДЕП
Урматуу замандаш сизге абдан соонун сунушум бар
Кандай сунуш десенизкоптон бери (балким жылдар болгондур)акча маселесине такалып, кандайдыр бир максатыныз орундалбай аткандыр
Балдарыма каалаган нерсесин алып берсем же ата-энеме жолдомо алып эс алууга жонотсом
бир келген жашоодо кооз жерлерге саякаттасам
уйдогу эмеректерди жаныласам же апама алтын белек кылсам
ден-соолугум чындасам же тиштеримди жасатсамзанавеска, идиш, майлыктарды жаны алсам же уй алсам
дегеле баскан турганда кысынбай кенири акча кармасам, жакындарыма же муктаждарга жардам кылсам
куну келгенде озум учун каалаган нерсени, ой толгоо болбостон,Суйунуч кубаныч менен ала алсам, "акча жители" Деген ойдон арылсам десениз
Анда мага жооп жазыныз "КАНТИП! "деп
Мен сизге жардам берип АКЫСЫЗ, САТУУСУЗ, кунумдук бет жду, тиш жууп, баш жууп, кир жууп, идиш жууп уй тазалап, сулууланып отуруп- эн соонун киреше та...ЕщёПЕНДЕ АЙТАТ:КОРСОМ ИШЕНЕМИН -ДЕП
КУДАЙ АЙТАТ:ИШЕНСЕН - КОРОСУН- ДЕП
Урматуу замандаш сизге абдан соонун сунушум бар
Кандай сунуш десенизкоптон бери (балким жылдар болгондур)акча маселесине такалып, кандайдыр бир максатыныз орундалбай аткандыр
Балдарыма каалаган нерсесин алып берсем же ата-энеме жолдомо алып эс алууга жонотсом
бир келген жашоодо кооз жерлерге саякаттасам
уйдогу эмеректерди жаныласам же апама алтын белек кылсам
ден-соолугум чындасам же тиштеримди жасатсамзанавеска, идиш, майлыктарды жаны алсам же уй алсам
дегеле баскан турганда кысынбай кенири акча кармасам, жакындарыма же муктаждарга жардам кылсам
куну келгенде озум учун каалаган нерсени, ой толгоо болбостон,Суйунуч кубаныч менен ала алсам, "акча жители" Деген ойдон арылсам десениз
Анда мага жооп жазыныз "КАНТИП! "деп
Мен сизге жардам берип АКЫСЫЗ, САТУУСУЗ, кунумдук бет жду, тиш жууп, баш жууп, кир жууп, идиш жууп уй тазалап, сулууланып отуруп- эн соонун киреше табууну уйрото алам
Катталуу учун: +79827036790 кайрылыныз