Витаминдер – адамдын организмине зарыл болгон эң баалуу заттар. Көздүн жакшы көрүүсү, чачтын кайраттуу болушу, адамдын физикалык жактан күчтүүлүгү, кыскасы, ден-соолуктун чыңдыгы витаминдерден көз каранды. Андыктан балаңызга витаминдерге бай пайдалуу азыктарды берсеңиз, ал чоңойгондо бул үчүн сизге рахматын айтат. Витамин жаш баланын организминдеги ткандардын өсүшү жана өнүгүшү, иммунитеттин кубаттуулугу, боордун иштеши үчүн зарыл. Ал организмдин жугуштуу ооруларга каршылык көрсөтүүсүн күчөтөт, көздүн жакшы көрүүсүнө кам көрөт. Организмде бул витамин жетишсиздик кылганда тери куудурап кургап, ооздо жана мурун көңдөйүндө да кургактык байкалат. Мындай учурда балдар дем ала албай кыйналышат. А витамини уйдун боорунда, каймак майда, жумурткада жана өзгөчө балыктын майында көп.
Жашыл, ток сары жашылчаларда жана жемиштерде организмде А витаминине айланып кете турган каротин деген зат болот. Сабизде, чалканда, өрүктө, көк пиязда, помидордо каротиндин көп өлчөмү бар.
Витамин айрыкча бир жашка чейинки балдарга эң зарыл. Ал рахит оорусунун алдын алат. Бул витаминдин жардамы менен сөөк ткандарындагы кальций менен фосфордун катмарлары пайда болот. Эгер организмде D витамини жетишсиз болсо, баланын боюнун өсүшүндө бузулуу башталат. Бул витамин жумурткада, каймакмайда, уйдун боорунда, икрада жана балыктын майында бар. Ал теринин үстүңкү катмарында күн нурунун таасиринен улам пайда болот.
Витамини ткандарды кычкылтек менен камсыз кылат. Айрыкча кош бойлуу аялдардын рационунда анын жетиштүү өлчөмү болушу зарыл. Е витамини көп өсүмдүктөрдө, анын ичинде дан өсүмдүктөрүндө, өсүмдүк майында бар.
Витамин нерв системасынын бекемделишин жөнгө салат. Балдарда бул витаминдин жетишсиздигинен тери оорулары пайда болуп, чач түшөт, тырмак сынат, баш ооруйт, ич өтүү башталат. В1 витамини гречканын данында, сояда, алмада, картошкада көп болот. Ошондой эле жумуртканын сарысы, икра, малдын боору, бөйрөгү, жүрөгү да бул витаминге бай келет.
Витамин өсүп келаткан организм үчүн өтө баалуу. Бул витамин жетишсиз болгондо бала чыргоо болуп кетет. Аны менен катар оозул болуп, териси кургап, ичи өтө баштайт. В2 витамини балыктын этинде, сүттө жана башка сүт азыктарында, нанда, жумуртканын сарысында бар.
Витамин адамдын организмине эттүү тамактар, сүт азыктары менен келет. Эмчектеги бала үчүн уйдун сүтүнө караганда эненин сүтүндө жетиштүү В6 витамини бар. Бул витамин нерв системасынын нармалдуу өнүгүшү үчүн өтө зарыл.
Витамини көптөгөн жашылча-жемиштердин курамында бар. Айрыкча кара карагат, ит мурундун мөмөсү, апельсин, мандарин, грейпфрут, капуста, көк пияз, петрушка өңдүү жашылча-жемиштер бул витаминге бай. С витамини же аскорбин кислотасы ар кандай заттардын синтезделишинде катышып, иммундук системанын жөнгө салынышы үчүн зарыл болуп эсептелинет. Жугуштуу оорулар менен ооруганда, ашказан-ичеги ооруларында С витаминине болгон муктаждык арбыйт. Организмде бул витамин жетишпегенде бүйлөлөрдүн каноосу күчөйт, балдар сасык тумоо менен ооруп, муруну көп канап баштайт. Жашылчалар сууда көп убакыт туруп, үстү ачык идиште кайнаганда, тамакты бир нече жолу жылытканда С витамини өзүнүн касиетин жоготот.
Витамин же никотин кислотасынын жетишсиздигинен борбордук нерв системасынын иши бузулат (эске тутуу, ой жүгүртүү начарлайт), тери бузулат. Никотин кислотасы этте, балыкта, гречкада, ошондой эле жашылча-жемиштерде жана сүт азыктарында бар.
Бирок азыр тилеке каршы биздин балдар туура эмес тамактанып же болбосо курамында эч витаммни жок азыктарды жеп келгени бул анык. Магазинден чипсы жана ар химикат бергенге эч болбойт.
FOREVER компаниясы сиздерге эн сапатту жана табигый момо жемиштен 100% эч химикат кошулбаган витамин сунуштайт.
Балдарынызга алып берсениздер рахматын айтат кийин. Иммунитетти которот, аппетит тартат жана акыл эс тутумунун орчуусуно жана физикалык жактан осуусуно эн жакшы пайда берет.
Сурап билуу жана заказдар учун телефон вотсап +996(702)995950
Баасы 884-15%=751 сом болот жазылып алсаныз

Присоединяйтесь — мы покажем вам много интересного
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев