Зарлантып зыркыратып денемди,
Заматта илжиретип сезимди.
Залкарым кеттиң беле чын эле,
Караңгыга таштап Кыргыз элиңди.
Укчелек алаксыбай кебиңди,
Кызыгып тыңдаар элек сөзүңдү.
Урматтуум кеттиң беле чын эле,
Улутуң кантип табат өзүңдү.
Устазым элең динди үйрөткөн,
Бактылуулук кайдакенин көрсөткөн.
Тилектерим бар элего сиз менен,
Сыр чечишип, маек кылчуу жүрөктөн.
Орду толгус жоготуу бул элиме,
Сиздей Аалым чанда чыгат жеримде.
Турмуш деген ушул экен кантебиз,
Өтүп кетчүү эки күндүк дүнүйө.
Эмгегиңиз эбегейсиз эң узун,
Улуу кичүү эстеп жүрөт баардык муун.
Эртели кеч кайтарыбыз Аллага,
Инналиллахи ва инна илахи рожиун...
Сабыр кыл өтөөр бул күндөр,
Самаган ал күндөр келээр.
Жадырап жайнап тынчтыкта,
Жашаган убакыт болоор.
Үмүтүң үзбө Кудайдан,
Ооругандар түзөлөөр.
Аракет кыл сен дагы,
Аз да жардамың тийээр.
Кейибегин өткөнгө,
Коробогон өкмөткө,
Көрүп турат Жараткан,
Сөссүз жазасын берээр.
Күйүп жүргөн докторлор,
Сыймыктанганым силер.
Ыраазыбыз баарыбыз,
Тилектерибиз жетээр.
Ызгаардуу кыш аркасы,
Ырыс чачкан жаз болоор.
Капкарангы болсо да,
Эртели кеч күн тийээр...