Урматтуу, достор! Аптанын ишемби күнү Бишкек шаарында "Кадамжай жаштары" коомдук фонду өзгөчө саамалык уюштурууда. Иш чара эки бөлуктөн туруп, фуршет жана достук атмосферада баарлашуу менен коштолот. Биринчи бөлүмдө эстрада жылдыздарынын коштоосунда концерт өтмөкчү. Жолугушуунун экинчи бөлүмүндө суроо-жооп иретинде ийгилик сырлары менен: Мамлекеттик кадр кызматынын директору Акрам Мадумаров, "Кадамжай" коомунун президенти Имамидин Ташов, Эл аралык инновациялык технологиялар университетинин ректору Улугбек Бегалиев бөлүшөт. Убакытты туура колдонууну үйрөнгүң келсе, максаттарды ишке ашырууга колдоо сөз же окууда мотивацияга муктаж болсоң бул жолугушуу сен үчүн. Күнү: 7-октябрь саат 14:00;
А