Ушул күнү мен жарыкка келгенмин,
Алгач ирет апа сүтүн эмгенмин.
Аллахыма миң мэртебе шүгүр кылам,
Мына бүгүн мен жыйырма жетидемин.
Апакебай өзуңө мактоом чексиз,
Аярлап мээрим токкон сүйүүң шексиз. Актасам не мага берген ак сүтүңдү,
Аттиң арман! Бирок эрте кеттиңиз.
Уйкуңду алып эчен түнү ыйладым,
Түйшүк салып далай сизди кыйнадым.
Кечир апа!кечир тентек уулуңду,
Тамчылаткан көз жашыңды туйбадым.
Кантсем дагы карызмын алдыңызда,
Көтөрдүңүз тогуз айлап кардыңызда. Кадырыңыз мен учун абдан бийик,
Кылам таазим апакелик парызыңызга.
Кайрыламын ошол кунгө мүнөткө,
Карап талбай кадаламын сүрөткө
Эч унутпайм апакебай өзүңдү,
Эстейм дайым сиз жашайсыз жүрөктө.
Бир өзүң жок,жү