"ОЙЛОН ЭРКЕК"
Ойлон эркек,кол которбо аялга.
Кылган ишин,жакпай турат Аллага.
Бужурогон байкуш сенин аялын.
Сен сыяктуу,ал да пенде адам да.
Ойлон эркек,жообу болоор куноонун.
Ал да кызы,алпештеген бироонун.
Тонгон муздай,муздак кылып албагын.
Сен деп соккон,аялындын журогун.
Ойлон эркек,алсыздыгын корсотпо.
Орой болуп,аялга кол которбо.
Сактайм десен,уйбулоонду жумшак бол.
Бала-чакан кор болбосун ботонго.
Ойлон эркек,куру намыс айыбы.
Кол которбо,аял уйдун жарыгы.
Оз денене кол салбаган сыяктуу.
Аял деген,денендин тен жарымы.
Ойлон эркек,сен деп келген аялын.
Сен деп таштап,келген ата-апасын.
Бала тороп,улап жатса тукумун.
Ойлон эркек,кантип катуу айтасын.
Б