Алысмын сенден алысмын, Адаштык турлуу жактарга . Элестер гана кездешет , Ээнден жалгыз жатканда.
Эргитип чоккон конулду , Эстесем сени кээде ырдайм . Бугумду сыртка чыгарып , Эстесем сени кээде ыйлайм
Эстерсин мени сен дагы, Убактын болуп бир узум. Аман бол кайда журсон да, Адашып кеткен умутум.
Баягы кезди ойлобой , Пайдалуу ишке баш катыр. Ойлобо десем ойлобой , Унутуп салба таптакыр.....
Эх жигиттер,кыздарды тандайсыңар,
Жүрүп бузуп,аркысын алдайсыңар.
Жаштык өтүп үйлөнүү күн келгенде
Жакшы кыз деп издешип таппайсыңар.
Жалын сүйүү көп кызга арнайсыңар
Жайлап койуп бир күнү таштайсыңар
Жылдар өтүп үйлөнүү күн келгенде
Жакшы кыздар жокко деп какшайсынар.
Колуктуу издеп кыздарды тандайсыңар
Кол тийбеген кыз издеп таппайсынар
Керек болсо кыз сага кол тийбеген
Кордоп неге көп кызды алдайсынар.
Нагыз жигит өз кыздарын коргошот
Назик эже карындашын ойлошот
Начар кыздар көзүн сүзсө кокустан
Насаат айтып түз жүргүн деп ондошот.