Түшө турган аялдамам "Бакыт" деп аталат. Муну айдоочуга эскертип койдум да, отургучка көчүк бастым. Кетип барабыз....
Мына "Балалык" аялдамасы. Мында көп кызыктарым калган... Мында түшпөйм...
Ошентседа,терезеден кыйла карап, сагыныч менен өтө бердим...
"Кыз-жигит" аялдамасы... Чынын айтсам, бул жерге далайлар менен бир топ келгем, бирок, унутуп ал күндөрдү унута баштаптырмын...
Тээтигине "Намаз " аялдамасы. Бул аялдаманы көп адамдан уккам, бирок, эч түшкөн эмесмин. Негизи эле муну айткандар көп, түшкөндөр аз...
А бул болсо "Махабат" аялдамасы. Ооо, мына ушунда калып калгым келет. Бирок, мага "Бакыт" аялдамасы зарыл...
- А, булчу? Баса "Кызганыч" аялдамасы турбайбы?! Бул жерде далай кызыктар менен кайгылуу окуялар болуп өткөн. Мында кайрылып келгим келбейт...
"Мечит"аялдамасы... Өтө таза аялдама, бирок, түшүп калууга убакыт тар, батыраак "Бакытка"жетүү керек. Жүрөгүм таза, ниетим жакшы; азырынча зарылчылыгы жок....
Охоо, "Клуб" аялдамасы. Аттиң, түшүп калгым келип турат...
"Намаз"аялдамасы... Дагыбы?
"Сабыр" аялдамасы... Хмм, жок, азыр эмес...
"Байлык", Оюн-күлкү" аялдамаларында көп түшүп калчумун убагында...
Аа, автобуста адам калбадыбы? Баары жетчү жерине жетип алган окшойт....
Айдоочунун жанына чуркап бардым:
- "Бакыт" аялдамасына жеттикпи?
- Тууганым ай, эртерээк айтпайт белең, ал үчүн сен "Намаз", "Мечит" аялдамаларынан түшүп калышың керек болчу. Биз эми артка кайтпайбыз, кайта да албайбыз, акыркы аялдамага келип жеттик.
- Баса, кичи пейлдикке айтып койосузбу, бул эмне деген аялдама?
- Бул аялдама "Кабыр" деп аталат, тууганым?!.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев