" Энекем "
Кичинемден ак сутунду мага берип.
Тарбиялап остурдунуз эркелетип.
Ар дайым бар болунуз энекем.
Тилегеним оорубастан журсо дейм.
Алтын энем мен учун кымбат энем.
Алмаштыргыс ак сутунду неге тенейм.
Баланыздын сый урматын коруп дайым.
Мандайымда караан болуп журсо экен дейм.
Асмандай ачык болсун маанайыныз.
Эч качан бурколбосун кабагыныз.
Кечириниз катачылык кылсам эгер.
Сизге ийилип таазим баланыз.
Ооруп калсам кошо ооруп мен менен.
Баары болот дары болот дем менен.
Бар болунуз узак омур каалаймын.
Мактанамын мен баарына сиз менен.
Aр убак энелерибиз бар болсун,эненин таман алды бейиш дегендей,энелерибиз кун нурундай жаркырап мандайыбызда турган кезде,сыйлайлы,урматтайлы,барк
" БАЛАЛЫГЫМ "
Балачакты откордум мен мотурайган кезимде.
Ошол учур элестетсем дале турат эсимде.
Ата-энем суйунушуп колдон алып жетелеп.
Алга карай кадам шилтеп басып кеттим тез эле.
Балалыгым отту менин ат устундо ойногон.
Балалыктын жерде калбайт айткан созду койбогон.
Ошол кундор,ошол учур коз алдыма элестейт.
Суроттордон карап алып бала кезди ойлоном.
Мына минтип чонойуп бойго жеттим.
Ак караны ажырытып билген кезим.
Адам бол деп тарбиясын берип келген.
Ак эмгегин актасам дейм ата-энемдин.
" Туулган кун ээсине "
Бугунку туулган кунун куттуу болсун.
Билишимче 20 жашка толупсун.
Тилектешмин бактылуу болушуна.
Аллах Таалам ачып берсин ак жолун.
Кечээки наристе кыз ойноок келген.
Мына минтип чон кыз болдун бойго жеткен.
Суйунчулоп сен торолуп ушул куну.
Кубанышкан бир туугандар ата энен.
Дос курбулар отурушат куттукташып.
Каалоо тилек ырларын бут айтышып.
Эч оорубай ден-соолукта омур сургун.
Келечекте тугойун менен кол кармашып..