Атаганат көңүлүң жашарбайбы!!!
Байлыгы ашып турса да, бөлүшпөгөн
Бир уядан учушса да, көрүшпөгөн
Жат адамдар сыяктанып, жакындашпай
Жан күйүшүп, ички сырын төгүшпөгөн
Туугандын кереги не? ойлоп көрсөң...
Тагдырдын тар жолунда жандашпаган
Кыйындыкта кол берип кармашпаган
Турмуштун сыноосуна кабылганда
Жаркытып жакшы маанай арнашпаган
Достордун кереги не? Ойлоп көрсөң...
Карыптык башка түшсө, карабаган
Кайраттуу сөз айтууга жарабаган
Касыңдын чырагына май тамызып
Калдайып турушаарга жарабаган
Кудалардын кереги не? Ойлоп көрсөң...
Бел бекчейип, карылык тооруганда
Беттен өчүп кызыл нур, соолуганда
Жаш кезиңдей ал күчүң калбай калып
Жан кыйналып жабыгып ооруганда
Жанга күйб