7- бөлүм
Арыз жазууга Нарындын өзүнө барган элем. Арызды кабыл алганы менен, -"макул, биз баарын тактап анан байланышабыз"-деп койду. Ыйлап эшиктеги олтургучта бир топко кармалып калдым. Бирөө сени теше карап турса билинет экен, көз караш сенин арт жагына тигилсе да.
-- Эже, капа болбоңуз. Көз жашыңызды мына аарчып алыңыз. Эх, эже турмуш жаш, кары дебей түйшүккө бирдей салат экен. Бизге окшогон жаштар да жүрөт, каарып калганы деле бар. Деги эмне эле болуп баратабыз.
Жанымдагы назик үндүү кыз, катуу оор үшкүрүп алды. Жүрөгүм шуу эте түштү.
-- Садагаң болбоюн сиңдим сага эмне болду анча? Сен мени жубатып жатасың да, өзүң деле араң турган сыятуусун. Үшкүрүк денемди чымыратып жиберди.
-- Ээ эжеке кайсынысын айтайын, бул жерге келгени келип алып кирүүгө күчүм жетпей, кайра чыктым. Өзүңдүн атаңды кантип каматат элең.
-- Ий кудай сактасын, эмне сага кордук көрсөтүп жүрөбү? Ачыгын айтчы!
Мен ушул жерде өзүмдүн маселемди унута коюп, тигил жаш кыздын акыбалына кызыктым. Балким кордук көрүп жүрөт, жардамга муктаж деп.
-- Андай деле эмес, кордукту баарыбыз көрүп жатабыз. Апам каза болгондон бери кыйналдык, атам үйлөнүп эми биз үйгө батпай калдык. Эң башкысы ал эмес, мени кейиткен маселе такыр бөлөк. Атам бизден кечип, биротоло үйдөн кууп чыгабы деп батына албай койдум эже.
-- Сага кордук көрсөтпөсө, сен кыз баласың бир аз чыда. Кийин турмуш куруп кетесиң. Каап, апаңдан эрте калыптырсың. Баары жакшы болот. Уул бала жок беле?
-- Эки эле кызбыз. Менден улуу эжем бар, ал дагы бир шордуу да.
Менин түшүнүгүм боюнча бул кыз өгөй эненин кордугун көрүп жатат окшойт.
-- Сиз эмнеге ыйлап олтурасыз? Күйөөңүз кол көтөрүп жүрөбү?
-- Жок, кайдан. Ошол күйөө сөрөйдун азабы өттү. Биз ажырашканыбызга эки жыл болгон, балдарымды бир айга алып кетип, эми мынтип жок. Дайынын билбей жатам, балдарымды алып кеткени келгем. Жайлоого чыгып кеткен деп үйгө жолотпой койду кайненем. Тегеректеги жайлоонун баарын ат менен кыдырып келдим, эч жерде жок. Ушул менден балдарды катып жатат окшойт. Жаңы алган аялы дагы төрөбөйт имиш. Мен дагы ата-журт керек, катышсын деп жиберип коюп, эми таппай жүрөм. Бул жака келсем, анча эле кызыктар эмес.
-- Эми эмне кыласыз?
-- Өзүмдү жаман сезип турам азыр. Айылда тууган деген жок, тааныш кошуна келиндин үйүндө турам. Эми билбейм эмне кылууну.
Өз апама даттанып жаткандай ичимдегинин баарын айтып, бир ыйлап алдым. Башым ооруп, ичим дагы бир кызыктай боло калды. Ичимди басып олтуруп калдым, тигил кыз да элпек экен. Ооруканага жүрү дейт. Биринчи башымды чайкап көнбөй жаткам, кийин барууга туура келди. Доктурлар дагы мага кошумча кылып, боюңда бар экен дейт. Ушул жетпей турган мага. Катуу чочуп таң калсам, эмне күйөөң жокпу деп койот. Алар дагы өзүнө ишенбей дагы бир жолу текшерип, анан анык боюмда бар экенин тастыктаган кагаз карматып коюшту. Катуу ойлонуп, баланы козгоп алыптырмын. Жата турбасаң боюндагы түшөт деди эле, айла жок кечке чейин калып калдым. Тигил кыздын аты Жумагүл экен. Жумагүл ушунчалык жөнөкөй, кичи пейил кыз экен. Кете бер десем болбой жанымдан чыкпай олтурду.
-- Эже, күйөөңүз балдарды алып кеткени барганда боюңуз да болуп калган го э? Эми кантесиз? Айтасызбы?
-- Жумагүл, бул баланын күйөөмө тийешеси жок. Турмуш куралы деп жүргөн, мен балдарымды ойлоп көнбөй жүрөм. Эми эмне болот билбейм..
Көпкө эмне деп сөз улантууну билбей, унчукпай турдук. Кийин өзүм Дастандын үйүнүн телефон номерин бердим Жумагулго. Жакшы үйүндө экен, оорукананын дарегин айтса бат эле келип калды.
-- Элмира эмне болду? Эмне бирөө бир нерсе кылдыбы сага? Бир күнгө кетип канчадан бери жоксуң. Мен жанымды койорго жай таппай жүрөм. Кабарыңды билдирип койсоң болбойбу.
-- Жөн эле суук өтүп калыптыр.
-- Балдар кайда? Жакшысыңбы? Өзүңдү жакшы сезип калсаң жүрү бүгүн эле алып кетейин силерди.
-- Ошол балдарды менден катып бербей жатышат. Таппай ушунчага кармалып калдым, анан менде жаңылык бар. Менин боюмда бар экен Дастан. Өзүм дагы бүгүн билдим, көп козголбой тур дейт, анан сени балдарды табышып койсун деп чакырттым. Сураныч уруш талаш жок, балдарды таап кетели э.
Дастандын жүзүндө сүйүнүч пайда болуп, азыр эмне десем дагы сыйкырчыдай дароо аткарууга макул эле.
-- Элмира эже, анда азыр биздин үйгө барып эс алалы. Эртеңден баштап издөөгө киришкиле, түн ичинде тааныш кошунага барсаңыз жаман ойлойт.
-- Акылыңдан айланайын, бирок сени убара кылып койсомчу.
-- Жок, эми бул байке машинеде эптеп таң атырат эми. Атам туура эмес түшүнөт го.
Ооруканадан чыгып, тигил боорукер кыздын үйүн көздөй жөнөдүк. Чарчап калган үчүн, эч нерсе оюма келбептир. Эптеп барып эле жатып калдым. Үйгө бир нерсе көтөрүп келүү такыр эсимде жок. Турсам бөлмөдө эч ким жок, уктап жатышса керек. Акырын кийинип, эшикке дүкөн издеп чыктым. Алдымдан чыккандан дүкөн кайда деп сурасам көрсөтүштү, ошол жол менен барып таап алдым. Бар акчама таттуу, майда-чуйдо алып кайра үйгө баратып, айылдын эле ичинен адашып кеттим. Бир көчөгө түшүп кете бердим, кете бердим. Аябай узун көчө экен, же жолдо эч ким жок. Көчөнүн эң аягына чыксам андан ары жол жок, тикен зым менен тосулуп калган. Акырын мойнумду созуп аркы жакты карасам, аябай коркунучтуу жар экен андан ары. Кайра узун көчөнүн башына чыкпай, эптеп ошол кырды жээктеп башка жолго чыгам деп зымды аттап өттүм. Кайдан элүү метр баскандан кийин такыр жол жок, айтор экинчи көчөгө өтө албайсың. Мынтип айыл айланып жүргөнчө түш ооп кетеби деп чый-пыйым чыгат. Жумагүл мени кетти деп ойлоп калгандыр, Дастан дагы мени алып кеткени келсе кетти деп койсо эмне болот. Дүкөнгө барбай эле койсом болмок экен. Ызаланып турганда бул дагы мага кошумча болуп, чыдабай ыйлап жибердим. Билбейм же боюмда болгонунан ыйлаак болуп кеттимби жаш баладай. Жанагы тикенек зымды кайра аттап өтүп, келген жол менен өйдө бир аз бассам, алдымдан орто жаштагы аял чыгып калды.
-- Эже, мен айылдан адашып кеттим. Жумагүл деген кыздын үйү кайда экенин билсеңиз көрсөтүп койосузбу.
Тигил эженин ыйлап баратканын байкаган эмес экенмин, өзүм дагы ыйлап турган үчүн.
-- Мен дагы бош эмесмин, ушул көчөнүн башына чыгып башка бирөөдөн сурасаң көрсөтүп берет.
-- Эже ал жакта жол жок го, коркунучтуу жар го сиз кайда баратасыз? Эмнеге ыйлап алгансыз?
-- Билем жар экенин, ошол жака баратам. Айлам калган жок башка.
Мындай сөздү уккан соң, баары түшүнүктүү болот экен.
-- Өзүңүздү өзүңүз өлтүрсөңуз маселе чечилип калабы? Ойюнуздан кайтыныз.
-- Сиңдим бар жолуңдан калбай кетчи. Ансыз дагы жаным кашайып турат.
-- Кете албайм, эже сиз бир нерсе болсоңуз мен өзүмдү өмүр бою кечире албай өтөм. Жүрүңүз сүйлөшөлү.
Бирөө токтотсо деп турса керек өзү деле, жерге сулк олтуруп калды. Жерди чапкылап ыйлап жатат.
-- Жыйырма жети жыл өмүрүмдү арнаган жолдошум, кайда?-деп суроого акылы жеткен жок. Эркек деген башканын койнуна киргенче эле сени ойлойт экен.
-- Эже андай нерсе көп болуп жатат, сиз жалгыз эмессиз. Балдарыңыз кантет?
-- Ошол болуп жатпайбы, бала жок болуп жатат. Төрөп бере албадым, кетем десем кетирбей жашап жүрүп ошончо жыл өтүп кетиптир. Эми мынтип мени көзгө илбей, бир ооз айтпай үстүмө аял алып келиптир. Мейли балалуу болуш керек, каршы эмесмин. Бирок мага ачык айтса өзүм деле кетмекмин, керексиз таштандыдай болбой. Мени баарынын көзүнчө тебелеп тепсеп салды, кантип чыдайм? Эми ким үчүн жашайм.
-- Туруңуз жерден, азыр мен тезирээк барбасам менин дагы тагдырым туура эмес нукка кетиши мүмкүн.
Экөөбүз жолдо басып баратып, бүт нерсени сүйлөштүк. Эже аябай түшүнүктүү, айкөл адам экен. Мен дагы өз маселемди айтып бердим. Мен издеген үй узак деле эмес экен, мен өзүм туура эмес кирип кетиптирмин. Дарбаза ошол боюнча ачык экен, тигил эже дагы кошо кирди. Биринчи эле эшикти ачып кирсек, Жумагүл бүрүшүп олтурган экен. Жанында эки жаштан ашып калган кичинекей бала жатат, катуу нанды кемирип.
-- Жумагүл эмне болду сага? Бул бала ким?
-- Мен сизди кетип калды экен десем.
Эх эже менин айтканым ушул да, бул бала эжекемдин баласы. Турмушу болбой бир балалуу болгондо ажырашып, баланы өгөй энеме таштап Орусияга иштеп кеткен. Акча салат айына, баламды шумдук карап жатат деп ойлойт да байкуш. Өзүм Нарында иштейм, күндө ушул бала үчүн гана келип кетем. Мына үй муздак, тамак жок. Ыйлайбы, үшүп калабы эч кимдин иши жок. Бир катуу нанды берип, сыртынан жаап коюшат күнү- түнү. Ыйлап ыйлап консо керек, бул дагы ыйлабай калган. Катуу нанга тиши өтпөй ушинтип олтурат ачка. Бүт нерсени бөлмөсүнө алып кирип, катып алган. Атам дагы көрмөксөн болот, жалгыз неберем дебейт. Шылтоосу ыйлап уйкумду бузат дейт. Байкушум жөтөлүп, тамагы шишип суу жута албай калыптыр сууктан. Ушинтип өлүп калса эмне болот эле? Мурун эки-үч күндө бир келчү элем, эми бул баланы тоңуп өлбөсүн деп күндө каттап жатам. Кече күнү баланы ушул акыбалга жеткириптир карабай, ачка камаптыр, сабаптыр деп арыз жазганы баргам. Дитим барган жок өз атама арыз жазууга.
Уландысы бар
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев