Предыдущая публикация
Сүйдүм сени.. Бирок сага жетпедим
Сүймөк турсун тебеледин, тепседин
Сени сүйгөн табышмактуу сезимге
"Сениби" деп сөөмөй кезеп кектедим
Сүйдүм сени.. Чырпык сымал жаш болуп
Көзүм туман, чырайына мас болуп
Туура жолго түртүп дайым турса да
Жаакташтым акыл менен кас болуп
Сүйдүм сени.. Эч карабай артыма
Көңүл бурбай айыга элек дартыма
Көрмөксөнгө салып турдум карабай
Туура келбей кыйнап турган шартыма
Сүйдүм сени.. Сүйбөй кою мүмкүнбү?
Кантип сүйбөйм келбетинди сүйкүмдүү
Бүт өмүргө алмаша албайм билип кой
Сени менен чогуу тоскон бир күндү
Сүйдүм сени.. Каршы болуп баарына
Макул болуп шириниңе, заарыңа
Ак сүйүүдөн неге жолум болбоду
Калган белем махабаттын каарына...
Азим Сатымкулов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3