Курмандык чалууда маани бер!
Исламда зуль-хижжа айынын биринчи он күндүгү өзгөчө күндөр болуп эсептелет. Хадистерде бул күндөрдүн баалуулугу жана өзгөчүлүктөрү жөнүндө айтылат. Бул күндөрдө кылынган ибадаттар да өзгөчө баалуулукка ээ. Курман айт кубанычтын күнү. Бул күнү айт намазы окулат жана курмандыкка мал союлат. Бул ибадаттын (аль-Удхия) акыретте көптөгөн сооптору жана баалуулуктары жана ошондой эле ар бир мусулман билүүгө тиешелүү болгон өздөрүнүн эрежелери жана жоболору бар. Ошондуктан биз ушул чакан макалада ошол эрежелер жана жоболор жөнүндө түшүнүктүү жана жеткиликтүү кылып айтып берүүнү эп көрдүк.
Ислам терминологиясында курмандык чалуу “Удхия” деп аталат. Удхия ибадат жана ар