Бадобот
Башка жактык туугандарым күлүшөт,
Бадоботтон уялам дейт бир жигит.
Анын атын которсокпу деп коет,
Баш шылкыйып, буту менен жер чийип.
Башты көтөр, көлдүк болсоң иничек,
Бадабот бул көлдүктөрдүн идиши.
Бармак малып, кымыз ичип, кесме ичип,
Бадаботсуз кыйын курсак тоюшу.
Ар бир затка энчилүү ат коюлат,
Ал идиштин энчилүү аты- БАДАБОТ.
Ага толо чалап куюп ичпесең,
Ыстакандап кантип курсак тоюнат?!
Энем мага толо жарма берчү эле,
Чөп чабыктан, же мал кайтарып келгенде.
Аты өзгөрбөй шондон бери келаткан,
Өзгөртөмбү, күлүп койсо бир пенде...
Сыймыктанам көлдүк болуп калганга,
Сыйлайм сени, келгин калбай арманда.
Сунам сага -бир бадобот кымызды,
Беш бармак жеп, досум, суусап калганда...
Чокой сүйрөп,Бешмант кийип ,ашпурт деп,
Чоңойгонбуз чоң каскандан манту жеп,
Чоочундардын кеби бизди өзгөртпөйт,
Чочутпаймын, сыйлайм кайра Ава деп...
Болбо убара, өзгөртөм деп туугандар,
Бөлөк салтты,таңуулашып тургандар.
Биз көлдүкпүз, оюн бербес калкым бар,
Биз көлдүкпүз, салтын бербес Сырттандар!!!
Автор Кулукеев Октябрь.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев