Азабын канча туйшугу чексиз дунуйо,
Айбатын бир зор ,калабыз кээде тунуло.
Аалаамат кунду жаратып неге койду элен,
Асманда ыйлайт булуттар, бирге туруло.
Туйшугун канча тугонбос тупсуз дунуйо,
Таасирин тийет,тынч откон менин кунумо.
Табигат берген бакытка чомкуп турганда,
Тынчыма койчу, башбакпа менин уйумо.
Келесин бирде, жакшыны айтып жыргатып,
Кетесин бирде, жаманды айтып ыйлатып.
Канталап журок, багынып сага турсамда,
Кайрылып келем, багымды сурап бир басып.
Эстебеймин биз таанышкан ошол чакты.
Гулун тогуп жашылданган алма бакты.
Канча ирет отсом дагы бак четинен.
Бурулуп карабайм ал тарапты.
Арданбайм мен бугун баарын айтам.
Создорду журогумо катып алган.
Конулум ото эле калып турат.
Коодонумо азап салган алма бактан.
Ыр менен арманымды тогуп алдым.
Журогумдон кайгыны суруп салдым.
Канча азап алып келген таанышууну.
Мык менен бир дарака кадап кайттым.