ЭНЕ КҮНДӨЛҮГҮНӨН.
Балам, ушундай күн келет мен да карыйм. ОШОНДО сабырдуу болуп, мени түшүнүүгө аракет кыл. Эгер капысынан жеп жаткан тамагымды төгүп алсам, же кийимдеримди сенин жардамыңсыз кийе албасам, “жаш
баладай” деп тилдеп, ачууланба мага. Кичинекейиңде сен да ошенткенсин...бирок ал нерсеге менин жүрөгүм оорубайт. Тескерисинче жылмаюу менен эстеймин. Буларды сага үйрөтөм деп, канча убакытым, жаштыгым, канча өмүрүм өтүп жатканы оюма да келбеген. Бул сен үчүн убакытымды эле эмес, керек болсо “жанымды да аябайм” дегенди билдирет балам.
Эгер чогуу сүйлөшүп отурганда, бир сөзүмдү кайра-кайра кайталачу болсом, кыжырданып мени айыптабай айткан сөзүмдү ук. Кичинекей кезиңде мен да сага