Колдон келген жардамыбызды берели.
«Балам үчүн баарына даяр болуп калдым. Айлам түгөнгөндөн улам сиздердин босогону аттадым. Жүрөк тушумду өйкөп, бир таш тургансып демим кысылат. Эзилип жаткан баламды көрүп башым да көп ооруй турган болуп калды»,- дейт 22 жаштагы Айзада Токтобекова.
«БИРИНЧИ ИЧИ ӨТҮП БАШТАГАН»
– 18 жашымда турмушка чыккам. Жолдошум ала качып кеткен. Эки балалуу болуп, алар бизди бакытка бөлөштү. Улуусунун кылык-жоругу чыгып, бизди кубантып калганда экинчи уулум төрөлдү. Жалил аттуу ысым берип, баарыбыз сүйүндүк.
Бирок кубанычыбыз узакка созулган жок. Төрөлгөнүнө 3 күн болгондон кийин Жалилдин ичи өтө баштады. Улам алдын жууп-тазалап, жаткырып коём, жылыш болбойт. Эртеси ичи өткөнү тып басылып эле курсагы чоӊоюп кетти. Жел толуп калды го деп, укалап, жылуулап да көрдүм, болбоду. Барган сайын ичи чоӊоюп баштады. Акыры Токмоктун бейтапканасына алып бардым. Ал жактан алгачкы жардамды көрсөтүп, ооруну басуучу дары сайып, «эгер ичиндеги жел кайтпаса, анда ооруканага алып барасыӊ» дешти. Акыры чыдабай, такыр басылбай ыйлап туруп алганда «Тез жардам» чакырдык. Бишкектин Жал кичи районундагы Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун хирургия бөлүмүнөн дарыгерлер келип, баланын абалы оор экенин айтып алып кетишти.
«ЗАӉЫ КУРСАГЫНАН ЧЫГАТ»
– Хирургия бөлүмүнүн алдында 2 күн түнөдүм. Мени киргизишкен жок, баламды да көрсөтүшпөдү. Эмчегиме сүт толуп, зыркырайт, баламдын өлүү же тирүү экенин анык билбейм. 2 күндөн кийин дарыгерлер «баланын ичин ачышыбыз керек, макулдугуӊарды ырастап, тил кат жазып бергиле» дешти. Жолдошум экөөбүз макул деп кол коюп бердик. Ичин ачса ичегилери төрөлгөндө эле жабышып төрөлүп (спайка), чыкпай жаткан заӊ, газ ичин көптүрүп жаткан экен. Врачтар «балаӊдын жашап кетерине кепилдик бере албайбыз» дегенде өзүмдү коёрго жер таппай калдым. «Ичке ичегисинин жоон ичегиге чейинки 15 сантиметрдей жери жараксыз болуп калыптыр, аны алып таштап, кайра улайлы десек ичегиси жетпей жатат. Жаш баланыкы 1 жашка чейин өсөт, кийинки операцияда өсүп калган ичегисин туташтырганга аракет кылабыз. Макул десеӊер ичин ачык бойдон таштап, ичегилердин учун ошол тешиктен чыгарып туралы» дешти.
Төрөлгөндөн бери мына ушул көрүнүш. Көтөнүнөн чыкчу заӊ, желдин баары курсагындагы ичеги аркылуу сыртка чыгат. Муну инстинкт аркылуу башкаргандай башкара албайт экен, бала кааласа-каалабаса деле заӊ агып турат. Азыр уулум 1 жаш, 3 айлык болду, организми алсыз болгондуктан гемоглобин көрсөткүчү төмөндөп, оозул болуп жатат. Врачтар «эмчек эмизбей, тамак бер» дешти. Жеген тамагы катуу болуп, ал чыкпай курсактагы тешикти кеӊейтип айрып, канатып жатат.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев