КТРКнын "Манас таануу" интеллектуалдык теле таймашы КР Билим берүү жана илим министрлигинин колдоосунда Лейлек районунда болуп өттү. Жалпы 60га жакын мектеп катышып, финалдык баскычка 30 топ тандалып алынды. Жыйынтыгында 1-орун Эгемендүүлүк мектеби "Каныкей" тобу, 2-орун Кыргызстандын 60 жылдыгы мектеби "Ак нур" тобу, 3-орун Б.Набиев мектеби "Аккула" тобу болду.